2022-жылы аткаминерлердин авиа учууларына бюджеттен 179 млн сом сарпталган

2022-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин ”Авиакомпания Эйр Кей Джи” ЖЧК ташыган өлкөнүн жогорку жетекчилигинин авиа учууларынын чыгымын жабууга Кыргыз Республикасынын бюджетинен 178 млн 804 миң сом жумшалган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп. Былтыр январь-сентябрь айлар арылыгында чыгымдар 98 млн сомду түзгөн. Болгондо да бул бир гана ушул авиакомпанияга байланыштуу чыгымдар, бул суммага президенттин бизнес-джеттеги учуулары кирген эмес.
Муну “Ачык бюджет” порталынан билүүгө мүмкүн болду. Журналисттер бул маалыматтарды мекемелер коммерциялык фирмаларга кызматтары үчүн акча которгондугу тууралуу графадан таап алышты:
Тилекке каршы, КР Юстция министрлигинде «Эйр кей джи» компаниясы 2013-жылы катталганы менен “Ачык бюджет” порталында быйылкы жылдын жана 2019-жылдын гана маалыматтары бар. Компания “Манас” эл аралык аэропортуна таандык.
Белгилей кетүүчү жагдай, 2019-жылы аткминерлердин авиа учууларынын чыгымы 138 млн сомду түзгөн.
Порталда 2020-2021-жылдардын да маалыматтары жок. Бирок ОSOO.kg кызматында былтыр сентябрда жарыяланган билдирүү боюнча, 2020-жылы 74 млн сом сарпталган, ал эми 2021-жылы 33 миллионго көбүрөөк болгон (январь-сентябрь аралыгында).
Ошентип, 2020 жана 2021-жылдарга салыштырмалуу быйыл 11 айда аткаминерлердин авиа учууларына дээрлик эки эсе көбүрөөк каражат жумшалган. 2019-жылга салыштырмалуу 30%га көбүрөөк.
Билдирме: Тазабек сайтынын журналисттери мурдараак аныктагандай, «Эйр Кей Джи» ЖЧК заказдык авиакаттамдарды 17 адамга эсептелген VIP класстагы Як-40 учагы менен жүргүзөт, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын расмий делегацияларын Ту-154М учагы менен ташыйт.
Авиакомпаниянын литердик авиакаттамдары менен Кыргызстандын жогорку жетекчилиги: президент, премьер-министр жана парламенттин спикери колдонот.
Эскерте кетсек, дароо баткен окуяларынан кийин президент Садыр Жапаров Нью-Йорктогу БУУнун Генералдык Ассамблеясына катышуу үчүн АКШга жеке менчик бизнес-джет менен учуп барган. Бир эле тарапка учуп баруунун баасы 8 млн сомду түзгөн болчу.