(Кыргыз) Кайсы эмгеги үчүн Надира Нарматовага «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси берилди? Аныктайбыз
ЖМКлар парламенттин депутаты Надира Нарматовага «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси тапшырылгандыгы тууралуу жазып чыгышты. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаеванын депутат айымга төш белгини жана анын күбөлүгүн тапшыргандыгы тууралуу сүрөттөрдү Kaktus.media жарыялады.
Factcheck.kg редакциясы Надира Нарматова билим берүү тармагында канча жыл иштегенин жана дегеле «Билим берүүнүн мыктысы» сыйлыгы кайсы учурда тапшырыла тургандыгын тактап чыгууну туура көрдү.
Нарматованын өмүр баяны
Надира Нарматованын Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланган расмий өмүр баяны боюнча, депутат билим берүү тармагында акыркы жолу дээрлик 20 жыл мурун иштеген. Биз анын билим берүү тармагында жана башка тармактарда иштеген жылдарын бөлүштүрүп чыктык:
Билим берүү тармагында иштегени | Билим берүү тармагына тиешеси жок жумуштарда иштегени |
1980-1981-жылдары К.Жакыпов атындагы орто мектептин математика мугалими.
1992-1994-жылдары Алай районунун Гүлчө айылынын Парманас атындагы орто мектебинин директору. |
1981-1983-жылдары комсомолдун Ноокат райондук комитетинин бөлүм башчысы, катчысы.
1983-1988-жылдары ЛКЖСтин Алай райондук комитетинин бөлүм башчысы, катчысы. 1988-1989-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Алай райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн кадр иштери боюнча инструктору. 1989-1990-жылдары Эл депутаттарынын Алай райондук кеңешинин аткаруу комитетинин жоопту катчысы. 1990-1991-жылдары Эл депутаттарынын Алай райондук кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары. 1991-1992-жылдары Кыргызстан коммунисттик партиясынын Алай райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн инструктору, Алай райондук партия комитетинин III – катчысы, Алай районунун жер маселелери боюнча комитетинин инспектору. 1994-1995-жылдары Алай райондук мамлекттик адмниситрация башчысынын социалдык экономикалык маселелер боюнча орун басары. 1995-2002- жылдары “Мөл-Булак” ишканасынын жетекчиси. 2002-2010-жылдары жеке менчик тигүү ишканасынын жетекчиси. Эл депутаттарынын Гүлчө айылдык Кеңешинин депутаттыгына бир жолу жана Алай райондук Кеңешинин эки жолку депутаты болуп шайланган. 2010-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин V- чакырылышынын депутаты (ЖКнын регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин мүчөсү, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары). 2015-2021–жылга чейин “Мээримбек” кайрымдуулук фондунун президенти. 2021 – жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты. |
Ошентип Нарматова акыркы жолу билим берүү тармагында 1994-жылы иштеген. Бардыгы болуп бул тармакта иштеген жылдары 5 жылга жетпейт.
Мындай нерсе биринчи жолу болуп жаткан жок
2018-жылы Кыргызстанда ушуга окшош окуя болгон. Анда «мыкты» деген төш белги депутат Тазабек Икрамовго тапшырылып, бул окуя боюнча катуу сындар айтылган болчу. Ал болгону эки жыл (1998-2000) Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтунун жалал-абаддык филиалында иштеген.
Жарандар билим берүү тармагында 30 жылдан ашык иштеген мугалимдер бул наамга жетпей жүргөндөрүн жазып чыгышкан. Юрист Кайрат Осмоналиев депутатка сыйлык мыйзамсыз берилген деп бул маселени караштырып чыгуу өтүнүчү менен Коопсуздук кеңешине кат жолдогон болчу. Бул кайрылуунун андан кийинки тагдыры белгисиз.
Ошол кездеги билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева «Билим берүүнүн мыктысы» сыйлыгын бул тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берсе болоорун, мугалимдик стажы сөзсүз болушу кажет эмес экенин билдирген.
Чынында эле ушундайбы? Ведомстволук сыйлыктарды тапшыруунун расмий жобосуна кайрылып көрөлү.
«Билим берүүнүн мыктысы» сыйлыгы кайсы учурда тапшырылат
Биз министрликтин сайтынан тапкан «КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары жөнүндө» жобонун эң акыркысы 2022-жылдын май айында бекитилген экен. Анда бул сыйлык менен илимий-педагогикалык эмгек стажысы жалпысынан 15 жылдан кем болбогон, министрликтин ардак грамотасы менен 3 жылдан эрте эмес сыйланган кызматкерлер гана сыйлана алары айтылат.
Илим, илимий-педагогикалык, педагогикалык ишмердүүлүктө жетишкен ийгиликтери, окуу программаларынын, окуу китептеринин, усулдук колдонмолордун автору, педагогикалык жана тарбиялоо ишинде өзгөчө айырмаланган… билим берүү уюмдарынын мыкты мугалимдери жана билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлер сыйланышат.
Маданий агартуу ишмердүүлүктөгү жана балдар менен жаштарды тарбиялоодогу жана окутуудагы, маданияттагы жана искусстводогу, ошондой эле илимий-усулдук жана басмачылык ишмердүүлүктөгү өзгөчө ийгиликтер деген жана дагы башка талаптар каралган.
Жобонун мурдагы версиясында сыйлыкты алала тургандардын тизмеги келтирилген:
- Жалпы билим берүүчү жана музыкалдык мектептердин, мектеп-интернаттардын, балдар үйлөрүнүн, мектептен сырткаркы жана мектепке чейинки жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдери жана тарбиялоочулары;
- Жождордун профессордук-окутуучулук курамы жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин окутуучулары;
- Министрликтин ведомстволук мекемелеринин жана билим берүү органдарынын кызматкерлери;
- Мугалимдердин жана тарбиячылардын “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын, райондук, облустук, республикалык жана эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү.
Сыйлыктарды тапшыруу төмөндө көрсөтүлгөн окуялардын алдында жүргүзүлөт:
- Мектептердеги акыркы коңгуроо (25-май);
- Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү (5-октябрь);
- Кыргыз Республикасынын илим күнү (10-ноябрь);
- Билим берүү мекемелеринин юбилейлери;
- Жылдын жыйынтыгын чыгаруу (25-январь).
«Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйлана турган талапкерлерди тандоо үчүн жети адамдан турган ведомстволук сыйлыктар боюнча атайын комиссия түзүлөт. Ал борбордук аппараттын жана башка уюмдардын кызматкерлеринен куралат.
Балким, жасаган кайрымдуулугу үчүн?
Надира Нарматованын өмүр баянына кайрылсак, ал «Мээримбек» кайрымдуулук фондунун президенти болгонун көрөбүз.
Экс-министрдин сыйлыкты билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берсе болот, мугалимдик стажы сөзсүз болушу кажет эмес дегенин эске алсак, балким, сыйлык депутатка кайрымдуулук иши үчүн тапшырылгандыр деген суроо жаралат.
Ачык булактардан (Нарматованын иштеген жери катары көрсөтүлгөн маалыматтарды эске албаганда) «Мээримбек» фондунун ишмердүүлүгү тууралуу бир дагы маалымат таба албадык. Кайрымдуулук фондунун ишмердүүлүгү менен таанышууга мүмкүн болгон сайты да, коомдук тармактарда баракчасы да жок.
Же бир кезде Тазабек Икрамов ага сыйлык парламентте билим берүү тармагына байланыштуу көптөгөн демилгелери үчүн берилди деп билдиргендей, Нарматовага да ушундай эмгеги үчүн берилдиби?
Нарматованын демилгелерине назар салалы:
- 2012-жылы ала качуу үчүн жазаны катуулатууну караштырган мыйзамга каршы чыккан, анын пикиринде айрым кыздар кыянаттык түрдө жалган жалаа жаап күнөөсүз жигиттерди жазалаттырышы мүмкүн;
- Кыргыз кыздарынын чет элдик жигиттер менен мамиле куруусун жактырбай тургандыгын билдирип, алардын балдарын «түшүнүксүз улуттагылар» деп, ал эми ар кайсы улуттун өкүлдөрүнөн турган үй-бүлөлөрдү – «Кыргызстанды маданияттуу басып алуу ыкмасы» деп сыпаттаган.
- Өнөктөш төрөттөрдү тыюуга чакырган;
- 2019-жылы жемкорлук үчүн Райымбек Матраимовду камакка алууга чакырган «Re:Акция» митингинин катышуучуларын сынга алып, аларды «батыштын акчаларына сатылгандар» деген;
- Кыргызстанда TikTok’ту тыюуга чакырган;
- Аткаминерлердин декларацияларын жок кылууга, ал эми мыйзамсыз тапкан мүлктү – мыйзамдаштырууга чакырган;
- Акча алмаштыруу жайларын жабууга чакырган.
Бирок Нарматова 2022-жылы мугалимдердин пенсиясына байланыштуу маселени көтөргөн.
Эскерте кетсек, Нарматова ЖМКларга жана бейөкмөт уюмдарга каршы демилгелери менен да белгилүү. КЭУ жөнүндө мыйзам долбоору – чет элдик агенттер жөнүндө орусиялык мыйзамдын көчүрмөсү болуп эсептелет жана ал репрессивдүү деп таанылат. КЭУнун дээрлик бардык ишмердүүлүгү бул мыйзам долбоордун так аныкталбаган нормаларын бузуу болуп калат жана ал үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы караштырылган.
Анда кайсы эмгеги үчүн сыйлашты?
Билим берүү министрлиги Нарматовага төш белгинин тапшырылышын Kaktus.media’га мындай түшүндүрүп берген:
«Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматовага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына карата жана билим берүү жана илим тармагындагы салымы жана колдоо көрсөтүүсү үчүн тапшырылган».
Депутаттын кайсы салымы үчүн экенин мекеме тактап түшүндүрүп берген эмес.
Kaktus.media белгилегендей, Кыргызстанда мамлекеттик сыйлыкты же ардактуу наамды кесиптик жетишкендиктери үчүн эмес, саясий кызыкчылыкта же «ыраазычылыктын» белгиси катары тапшыруу адатка айланган.