Кайра плагиат: Нарматова “чет өлкөлүк агенттерди” орусиялык мыйзамдан көчүрүп алды

21-ноябрда “Ата-Журт Кыргызстан” бийликчил фракциясынан депутат Надира Нарматова коомдук талкууга үч мыйзам актыларына: “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун алып чыкты.

Эскерте кетсек, биздин редакция буга чейин президенттин аппараты сунуштаган эки мыйзам долбоооруна талдоо жүргүзгөн болчу. “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорунун ушуга окшош орусиялык мыйзамына окшоштугу жалпысынан 69.2% түзгөн. “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоору дагы дээрлик толугу менен плагиат экенин аныктаганбыз.

Бул жолу “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоорунун автору катары депутат Надира Нарматова чыкты. Ал сунуштап жаткан өзгөртүүлөр дагы орусиялык мыйзамдын көчүрмөсү болуп чыкты.

Мыйзам бар, а бирок “чет өлкөлүк агенттер” дагы эле жок

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосту, 2000-ж., №2, 102-б.) 2000-жылы кабыл алынып, ага ал кездеги президент Аскар Акаев кол койгон. 22 жыл аралыгында мыйзамга үч жолу өзгөртүүлөр киргизилген. Акыркысы Садыр Жапаровдун президенттик учурунда болгон.

Бирок Нарматованын пикиринде, колдонуудагы мыйзамда “чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм” түшүнүгү жана бул уюмдар өз ишин кандай органдар аркылуу жүзөгө ашырышары ачылып берилбейт. Бул тууралуу ал мыйзам долбооруна маалымкат-негиздемеде белгилейт.

Маалымкатта андан ары белгиленгендей, ушуга байланыштуу мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдүн киргизилиши сунушталууда. Алар чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмга байланыштуу түшүнүктөрдү: укуктук статустарын, мамлекеттин саясий жашоосуна катышуусун, кирешелеринин структурасын ачыктоосун ж.б.у.с. аныктайт. Ошентип, бул өзгөртүүлөр киргизиле турган болсо бейөкмөт уюмду “чет өлкөлүк агент” деп таанууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Нарматова сунуштаган түзөтүүлөр жана алардын көчүрүлүп алынышы тууралуу ирети менен айтып беребиз.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам

Нарматова колдонуудагы мыйзамдын 2-беренесине “чет өлкөлүк өкүл” деген жаңы терминди киргизүүнү сунуштоодо. Маңызынан алганда, бул орусиялык “чет өлкөлүк агент” (“иноагент”) деген терминдин аналогу, анткени алардын мааниси бирдей. Айырмасы өлкөнүн аталышында гана – Орусия Федерациясы Кыргыз Республикасына алмаштырылган.

“Коммерциялык эмес уюмдар” мыйзамына жалпысынан 23 өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Нарматова 2-беренеге алты жаңы пунктту киргизүүнү сунуштайт. Алардын бешөөсү, биз аныктагандай, толугу менен орусиялык мыйзамдан көчүрүлүп алынган. Бир гана аларда өлкөлөрдүн аталышы өзгөртүлгөн жана “чет өлкөлүк агент” дегендин ордуна “чет өлкөлүк өкүл” деген түшүнүк колдонулган.

Дагы бир пунктта депутат бир сүйлөмдү өзгөртүп эле койгон, б.а. сөздөрдүн орундарын гана алмаштырган. Мамлекеттин аталышы келтирилбеген экинчи беренеге сунушталган акыркы түзөтүүдө депутат “ошондой эле” деген сөздү кошуп эле койгон.

Калган 17 түзөтүү мыйзамдын 17-беренесине байланыштуу. Депутат аларды башкача формулировкада берүүнү сунуштайт. Тагыраак талдаш үчүн биз тексттин уникалдуулугун текшерген онлайн кызматты колдонуп, жаңы тексттин орусиялык “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдагы беренелерге окшоштугу жалпысынан 90%ды түзөөрүн байкадык.

17 түзөтүүнүн алтоосу үтүрүнө чейин көчүрүлүп алынган, б.а. алар 100% плагиат. Эң аз окшоштуктар 15-пунктта – 50% жана 17-пунктта – 61% байкалат. Калгандарында плагиаттыктын көрсөткүчтөрү 72-100% түзөт.

Кылмыш-жаза Кодексина түзөтүүлөр

Нарматова ошондой эле КР Кылмыш-жаза Кодексин “Жарандардын инсандыгына жана укуктарына кол салуучу коммерциялык эмес уюмду түзүү” №200-1-берене менен толуктоону сунуштайт.

Сунушталган түзөтүү дагы бир аз өзгөртүүлөр менен орусиялык Кылмыш-жаза Кодексинен көчүрмө болуп саналат. Депутаттын пикиринде, биздин мыйзам катуураак болушу керек – бул беренени бузгандар 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы керек, же 100-500 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөшү керек деп сунушталат. Ошол эле кезде орусиялык мыйзамда ушул эле кылмыш үчүн 3 жылга чейин эркинен ажыратуу, же 200 рубль өлчөмүндө айып пул төлөө каралган.

“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзам

Нарматова сунуштаган акыркы эки түзөтүү “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамга тиешелүү. Алардын бири толугу менен орусиялык норманы кайталайт. Бир гана “агент” деген сөздүн ордуна “өкүл” деген сөз колдонулган. Экинчи түзөтүү толугу менен Нарматовага таандык, б.а. сунушталган түзөтүүлөрдүн орусиялык мыйзамдардан айырмаланган жападан жалгыз норма ушул.

Түзөтүүлөр эмне үчүн сунушталууда?

Надира Нарматованын пикиринде, бул түзөтүүлөр бейөкмөт уюмдардын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүндө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн сунушталууда. Маалымкат-негиздемеде мындай жүйөөлөр келтирилет:

“Эч ким үчүн жашыруун сыр эмес, алардын баары тең эле өз иштерин уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык, илим жана маданият, саламаттыкты сактоо, жарандарды социалдык колдоо, энеликти жана балалыкты коргоо, дене тарбиясы жана спорт, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, ошондой эле кайрымдуулук жаатында жүзөгө ашырып жатышкан жок. Алардын олуттуу көпчүлүгү мамлекеттин саясий жашоо-турмушуна кийлигишип, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарындагы ырааттуу жана максаттуу өнүгүүсүнө карама-каршы келген чечимдерди кабыл алуусу үчүн коомдук пикирди түзүүгө умтулушуп, Кыргыз Республикасында саясий акцияларды уюштурууну жана өткөрүүнү каржылоо жолу менен катышышууда”.

Орусиядагы Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө мыйзам

Орусияда көп жылдан бери “Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө” мыйзам иштеп келет. Адатынча “чет өлкөлүк агент энтамгасы” медиа өкүлдөрүнө тагылат эле, бирок Украина менен согуш башталгандан тартып “чет өлкөлүк агент” статусу кесибине карабай жөнөкөй адамдарга да бериле баштады.

Тыянак: плагиат. Надира Нарматова сунуштаган түзөтүүлөрдүн бирөөсүнөн башкасы орусиялык мыйзамдан көчүрүлүп алынган. Тексттердин жалпы окшоштугу 90%ды түздү.