Коронавирус илдети менен куштардын өлүмүнө 5G тиешеси жок

Социалдык тармактарда 5G технологиясы кызуу талкууга алынды. Колдонуучулар күмөн жараткан булактардагы маалымат менен активдүү бөлүшүп жатышат. Айрым активисттер  коронавирус илдетинин Кыргызстанда жайылышын 5G антенналары менен байланыштырып, аларды издөө менен алек болууда.

Factcheck.kg маалыматтын чын-төгүнүн бышыктап көрүүнү чечти.

 5G технологиясынын куштардын өлүмүнүнө тиешеси жок.

Facebook соц. тармагында “Дал ушул себептен улам 5G кооптуу” деген аталышта видео жарыяланды.

Тасма автору 5G технологиясын 2018-жылы Нидерландда куштардын массалык түрдө кыйрашы менен байланыштырат. Анын айтымында, Нидерланд тургуну Эрин Елизабет (видеодо анын аты Эдин деп берилет) 5G куштардын өлүмүнүн негизги себеби деп билдирген.

Бирок, тасма автору Эрин Елизабет сүйлөп аткан кезде экрандан Шерон Лексмондду   көрсөтөт. Лексмонд — Vogelopvang De Wulp аттуу куштар үчүн голландиялык башпаанектин өкүлү.

2018-жылдын 5-ноябрында Эрин Элизабет 5G сыналып аткан жерден алыс эмес жайгашкан парктагы жүздөгөн куштардын кырылганы тууралуу  пост жарыялаган.

Ал эми Snope  аттуу фактчекинг сайты бул маалыматты четке каккан. Журналисттер Эрин жарыялаган сүрөт  Джон Кулес аттуу дүйнөлүк кутум теориясынын жактоочусунун баракчасынан алынганын ачыктаган. Джон Кулес алгачкылардан болуп 5G технологиясын сынактан өткөрүү менен куштардын өлүмүн байланыштырган.  Мындан тышкары, Кулестин айтымында 2018-жылдагы Калифорнияда болгон өрт энергетикалык куралды пайдалануудан улам чыккан.

Snope басылмасынын фактчекерлери аталган райондо эч кандай сыноолор болуп өтпөгөнүн аныктап чыккан.  Бир гана жолку сыноо куштардын өлүмүнө чейин бир нече ай мурда өткөрүлгөн. Фактчекерлер бул макаласын жарыялаган учурда бир нече көз каранды эмес уюм куштардын өлүмүнүн себебин изилдеп аткан эле.

2018-жылдын декабрь айында жергиликтүү лабораториянын изилдөөчүлөрү 337 чыйырчык жана 2 көгүчкөн  өсүмдүктөн улам ууланганын аныктаган. Бирок, музей окумуштуулары бул маалыматты четке кагып, куштардын өлүмүнө алардын бактарга жана жерге катуу тийиши себеп болгон деген.  Чындыгында өлгөн куштар жаракат алганын көрсө болот.

Ал эми 2020-жылдын январь айында Улуу Британияда жүздөгөн чыйырчык өлгөн. Полициянын айтымында бул көрүнүшкө көптөгөн куштардын асманда тыгын жана ар түрдүү формада учуусу себеп болгон деп билдирген.

Сержант Роб Тайлор (булак – BBC басылмасы) бул тууралуу мындай  деген: “Биз көптөгөн адамдар менен сүйлөшүп көрдүк, куштардын жаракаттарын изилдедик жана дүйнөлүк тажрыйбага да саресеп салдык. Биздин пикирибизде куштардын ири тобу жерди көздөй учуп баратып, бир убакта багытын өзгөртүп, дароо кайра асманды көздөй учкан. Ал эми айрым куштар багытын өзгөртүүгө жетишпей калган”.

Жогоруда айтылган тасманын авторлору куштардын өлүмүнүн себеби эпидемия же болбосо башка себептер болушу мүмкүн экенин да моюнга алган.

Жыйынтык: 5G технологиясы 2018-жылкы Нидерланддагы куштардын массалык түрдө кырылышына себепкер деген маалымат – фейк.

 5G технологиясы Кыргызстандагы коронавирустун жайылышынын себеби деген маалымат — фейк

Социалдык тармактарда 5G антенналарын талкалоого үндөгөн маалымат көбөйдү. Мисалы, “Кырк чоро” кыймылынын өкүлү Нуралы уулу Бактыбек ал антенналарды таап, аларга карата чара көрүүгө чакырган.

Айрым колдонуучулар өлкөдөгү коронавирус илдетинин жайылышын 5G антеннасынын орнотулушу менен байланыштырат.

Бирок, уюлдук компаниялар жана мамлекеттик органдар буга чейин бир нече ирет бул маалыматты четкен каккан жана Кыргызстанда 5G антенналары орнотула элек деген маалымат тараткан.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети төмөндөгүдөй билдирүү жасаган:

“Бүгүнкү күндө 5G технологиясы Кыргыз Республикасында киргизилген эмес. Байланыш операторлору уруксаты жок Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин уруксатысыз 5G тармактарынын жабдууларын орнотууга жана иштетүүгө укуксуз”.

Megacom уюлдук оператору да өлкөдө 5G антенналары орнотулган деген маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирген.

MegaCom уюлдук оператору учурда 5G стандартындагы базалык станцияларды орнотуу иштерин жүргүзбөгөнүн расмий түрдө билдиребиз”, – деп жазган компания өз сайтында.

Жыйынтык: Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылышына 5G антенналары себепкер деген маалымат – фейк.