“Фейсбукта” БШКнын мүчөсүнүн эгизи пайда болдубу? Текшеребиз

28- февралда БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева ага Лос-Анжелестен Emily Vhee Anabelle аттуу колдонуучу достук жөнөткөнү тууралуу “Фейсбук” аркылуу кабарлаган. Табышмактуу колдонуучу өзүнүн профилинде Журабаеванын сүрөтүн пайдаланган.  

Factcheck.kg бул аккаунтту текшерип көрүүнү чечти. Ал үчүн төмөнкү көрсөткүчтөргө көз чаптырабыз:

  • аккаунттун катталган күнү;
  • колдонуучу тууралуу маалымат;
  • жеке контенттин болуусу;
  • колдонуучунун анык сүрөтү;
  • колдонуучунун достору.

Эмили Анабелдин алгачкы жана жападан жалгыз сүрөтү 26-февралда жүктөлгөн. Андан соң, колдонуучу баракчасына эч кандай пост жарыялаган эмес. Мындан улам, аккаунт 26-февралда ачылган деген бүтүм чыгарабыз.

 

Эмили эки күндүн ичинде 89 колдонуучу менен достошконго үлгүргөн. Алардын көбү баракчаларын 2021-жылдын январь-февраль айларында ачкан жана негизги сүрөттөн тышкары маалымат жүктөгөн эмес.

Бул колдонуучулар ар кайсы аймактарда жашарын жана түрдүү иш менен алектенерин көрсөткөн. Алардын арасынан атактуулардын жана моделдердин сүрөттөрүн пайдалангандар бар.

Демек, бул колдонуучулардын Эмили менен болгон “достугу” күмөн жаратат.

Эмили Анабель “Фейсбукта” активдүү эмес болгонуна байланыштуу, бул аккаунтту ачканынын максаты азырынча белгисиз.

Жыйынтык: “Фейсбук” социалдык тармагындагы Emily Vhee Anabelle аккаунту — фейк.