Ош шаарында Матраимовду колдогон митингге канча адам келди?

28-февралда Ош шаарынын мэриясынын имаратынын алдында бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоо митинги болуп өттү. Митингге чогулгандар “Азаттык” үналгысына жана бейөкмөт уюмдарга каршы экенин билдиришти.

Эске салсак, буга чейин коррупцияга айыпталган Матраимов тергөө менен кызматташып, күнөөсүн мойнуна алган эле. 

Митингге чогулгандардын саны социалдык тармактарда талаш жаратты. Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрүүнү чечти. 

Митингге канча адам келгенин билүү үчүн Герберт Джейкобсдун формуласын колдонобуз. Ага ылайык, эгерде адамдар бири бирине тыгыз жайгашып, алардын арасынан киши өтө алгыс болсо, 1 чарчы метрге 4,3 адам деп эсептелинет. Эгер алардын арасынан адам өтө алса, бир чарчы метрге 2,4 адам деп эсептейбиз. Эгер адамдар кол сунарлык аралыкта турса – чарчы метрге 1 адамдан туура келет. 

Ачык булактардан митинг учурунда тартылган тасманы көрөбүз. Анын 13-мүнөтүндө катышуучулардын арасынан адам өтө алары анык болду. Оператор элди эркин аралап жүргөнүн көрсө болот.

Мындан тышкары, стулда отурган катышуучулар да бар эле. Алардын арасы кененирээк болгон. Андыктан, ар бир чарчы метрге бир адамдан деп эсептелинет. 

Ал эми митингчилер ээлеген жердин аянтын эсептөө үчүн жеринен тартылган сүрөт, видеолорду, ошондой эле Google Earth сервисин пайдаланабыз. 

 

 

 

Google Earth сервисинин жардамы менен катышуучулар жалпы жонунан 4,5 миң чарчы метр жерди ээлегенин аныктайбыз. 

Демек, жогоруда айтылган формулага ылайык, митингчилердин саны болжол менен 4,5 миң адамды түзгөн.

Жыйынтык:  Герберт Джейкобстун формуласына ылайык, Матраимовду колдоо митингине 4,5 миң адам катышкан.