Матраимов Абрамовичтин футбол клубун сатып алабы?

(Русский) В соцсетях распространяется видеоролик о том, что Райымбек Матраимов собирается купить у российского олигарха Романа Абрамовича футбольный клуб «Челси».

Социалдык тармактарда Раимбек Матраимов Орусия олигархы Роман Абрамовичтен “Челси” футбол командасын сатып алат деген маалымат жайылды.

«Кыргызстандык бизнесмен Раим Матраимовдун россиялык миллиардер Роман Абрамовичтин «Челси» (Лондон) футбол клубуна көзү түштү. Бул тууралуу дүйнөлүк алдыңкы ММКлар кабарлады. Алгачкы сүйлөшүүлөр жакынкы арада пландаштырылууда. Бизнесмендер илгертен бери жеке байланышта. Мындан тышкары,  “Челсинин” үй дареги болгон Стэмфорд Бридж Лондон стадионунун аймагында Абрамович менен Матраимовдун үйлөрү коңшулаш. Бүгүнкү күндө Матраимовдун мүлкү 500 млрд долларга бааланат », – деп айтылат сюжетте.

Facebook колдонуучулары маалымат WhatsApp тиркемесинен келгенин жазып, тасма менен активдүү бөлүшкөн.

 

Видеону көргөн колдонуучулар түрдүү пикир калтырып, айрымдары маалыматты дароо фейк десе, башкасы таң калып, ишенгенин билдирген.

Factcheck.kg чуу жараткан тасманы текшерип көрдү.

Алгач сюжеттеги жазууларга көңүл бурабыз. Анда бири-бири менен байланышы жок үч сөз жазылган: Абрамович, Челси, Матраимов.

Андан соң, тасманын оригиналын интернеттен издейбиз. Экрандын төмөнкү бурчунда RT (Russia Today) белгисин көрсө болот. Андыктан, Russia Today каналынын тасмаларын youtube.com сайтынан карайбыз.

Тасмалардын арасынан биз текшерген сюжеттин оригиналын таап чыгабыз. Андагы алып баруучу менен айрым кадрлар Матраимов тууралуу тасмага куюп койгондой окшош. Сюжеттин аталышы  Former electrician grabs ‘Russia’s Richest’ crown («Россияда эң бай адам – мурдагы электрик»). Жаңылык 2010-жылдын 15-февралында жарык көргөн.

 

Сюжетте россиялык эң бай адамдар тууралуу кеп болгон. Тизмектин сап башында  мурдагы электрик, учурдагы олигарх Владимир Лисин. Алып баруучу Лисиндин мүлкү 19 миллиард сомду түзөрүн жана ал Finance журналынын рейтингинде россиялык эң бай адам экенин кабарлаган. Ал эми былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча тизмектин сап башындагы Михаил Прохоров быйыл экинчиликти алганы, ал эми үчүнчү орунда  «Челси» футболдук клубунун ээси Роман Абрамович тураары айтылган.

Фейк-видеонун авторлору тасманын монтаждап, үн коштогон.

 

 оригинал тасманын кадры

Матраимов тууралуу сюжеттин кадры

Жыйынтык:

  • Матраимовдун «Челси» футбол командасын сатып алары тууралуу тасма  – монтаждалган фейк;
  • Видеонун оригиналында россиялык олигархтар, алардын ичинен  2010-жылы топтогон мүлкү боюнча үчүнчү орунду ээлеген Роман Абрамович тууралуу айтылат.