Чек арада ок атышуу болуп жатканда Садыр Жапаров жана УКМКнын, коргоо министрлигинин жана ӨКМдин жетекчилери эмне кылып жатышты?

Баткен областындагы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кайра эки күндөн бери тынч эмес. 14-сентябрда эки тараптын ортосунда ок атышуу болду, ал эми 16-сентябрда түшкө маал Тажик тарап жапырт ок атуучу реактивдүү система менен Баткен аэропортунун айланасын жана шаардын чет жакаларын аткылаганы белгилүү болду. Шаардын жана чек арага жакын айылдардын тургундарын көчүрө башташты.

Бул убакта президент жана куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев эмне кылып жатышты?

Президент Садыр Жапаров

16-сентябрда эртең менен Самаркандда ШКУга мүчө мамлекеттердин жетекчилерин тосуп алуу аземи болду. Сүйлөшүүлөр тар чөйрөдө өтүп, ага Садыр Жапаров катышты.

14:32де Кыргызстандын мамлекет башчысы саммитте кандай сөз сүйлөгөнү белгилүү болду. Анда достук жана кызматташуу тууралуу сөздөр айтылды, бирок чек арадагы абал тууралуу бир дагы сөз болгон жок.

Ал эми бул болсо мамлекет башчынын басма сөз кызматы акыркы күндөрдө таркаткан жаңылыктары:

Учурдагы кырдаал боюнча президенттин пландарынан саат 17:00дө мамлекет башчы чек арадагы абал боюнча жалпы жыйын өткөрөөрү гана белгилүү. Бул тууралуу парламенттин спикери Талант Мамытов билдирди. Бул материал даярдалып жатканда президенттин администрациясынан башка билдирүүлөр болбоду.

КР УКМК

15-сентябрда жаңылык булактары Камчыбек Ташиев Баткен областында экенин, областтын жана күч органдарынын жетекчилери менен жабык жыйын өткөрүп жатканын билдиришти. Ташиев кайда экени тууралуу башка кабарлар болгон жок.

16-сентябрда УКМКнын жетекчилигинин атынан бир дагы комментарий болбоду. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы жөнүндө УКМКнын билдирүүсүндө гана анын ысымы аталып кетти. Мекемеге шилтеме кылып, “Кыргызстандын атынан министрлер кабинетинин орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев катышууда. Тажик тараптан — Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Саймумин Ятимов”, – деп билдирди 24.kg.

Материал жарыяланып жатканда УКМКга караштуу Чек ара кызматы эки өлкөнүн коопсуздук комитеттеринин жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дөн тарта ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге келгендерин билдирди:

Ошол эле кезде УКМКнын расмий сайтында акыркы жаңылык 15-сентябрда жарыяланган жана анда Жалал-Абадда көмүскө кумар оюнуна бөгөт коюлганы айтылат:

Белгилей кетүүчү жагдай, УКМКнын Чек ара кызматы актуалдуу окуялар тууралуу билдирүүлөрдү ЖМКларга өз убагында, ыкчым жиберип, Telegram-каналына жарыялап турду.

КР Коргоо министрлиги

Коргоо министри Бактыбек Бекболотовдон кабар болбоду.

Мекеменин сайтындагы акыркы жаңылык 10-сентябрда жарыяланган. Анда бир күн мурда К.Кожомкул атындагы Спорт сарайында орус Кара деңиз аскер флотунун ыр жана бий ансамбли концерт бергени айтылат.

Бекболотовдун ысымы маалымат айдыңында акыркы жолу эки күн мурун эскерилген. Анда аскердин курман болгондугуна байланыштуу ага карата сын айтылган.

Чек арадагы абал боюнча Коргоо министрлигинен, анын жетекчисинен бир дагы билдирүү ЖМКларда кезиктирилбейт.

КР ӨКМ

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевден да бир дагы кабар жок, ал каякта экени да белгисиз.

Мекеменин сайты иштебейт. Бирок Инстаграмдагы баракчасында ӨКМ чек арага жакын жайгашкан элдердин эвакуациясы жана гумжардамды чогултуу тууралуу билдирет.

Тыянак: Кыргыз-тажик чек арасында катуу атышуу болуп жатканда президент Садыр Жапаров ШКУнун саммитинде достук жана кызматташтык тууралуу сөз сүйлөдү, Коргоо министрлигинин башчысы кырдаалга реакция кылган жок, ӨКМ башчысы окуя болгон жерге баргандыгы белгисиз, бирок мекеме жарандарды эвакуациялоо жана жардам чогултуу иштерин жүргүзүүдө. УКМКнын башчысы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга саат 16:00гө жакын гана жетише алды.