Фактчек: Тажикстан тарап кыргыз мектебине байрагын илгени чындык

Социалдык тармактарда Тажикстандын байрагы бир имаратка илинип, Кыргызстандын мектебин тажик тарап ээлеп алгандыгы тууралуу видео тараган. “ПолитКлиника” медиасы бул видеону текшерип көрдү. 


Аталган видеодон, “Мына, Тажикстандын байрагы! Кыргыздын мектеби. Тажикстан, алга!”, — деген тажик тилиндеги кыйкырыктарды угууга болот.

Видеодон Б.Ходжаев атындагы орто мектеп деген жазууну байкадык.

Фактчекинг: Тажикстан тарап кыргыз мектебине байрагын илгени чындык

Биз, интернеттен Баткендин “Ак-Сай” айылында Б.Ходжаев атындагы орто мектеби бар экендигин таптык.

Фактчекинг: Тажикстан тарап кыргыз мектебине байрагын илгени чындык

Ак-Сай — Тажикстандын Ворух анклавы менен чектеш жайгашкан айыл.  Кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуу, тирештин көбү ушул аймакка мүнөздүү. Буга чейин, ЖМКларда Баткендин Ак-Сай айылындагы Б.Ходжаев атындагы орто мектеби тууралуу маалыматтар чыккан. Андагы мектептин сүрөттөрү менен видеодогу мектепти салыштырып көрдүк.

Фактчекинг: Тажикстан тарап кыргыз мектебине байрагын илгени чындык

Андан сырткары, мектептин эшик-терезелери, кире беришиндеги мектептин жазуусу, тепкичтери дагы окшош экендигин байкоого болот.

Жыйынтык: Тажикстан тарап кыргыз мектебине байрагын илгени чындык. Ал мектеп Баткендин “Ак-Сай” айылындагы Б.Ходжаев атындагы орто мектеп.