Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводду кургусу келген компаниялар тууралуу эмне билебиз?

Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүүчү заводду куруу тууралуу сөздөр көптөн бери айтылып келет. 2013-жылы эле Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ)  заводдун жана таштанды полигонунун курулушуна 22 млн евро бөлгөн болчу – анын 11 млн евросу грант түрүндө, 11 млн – насыя. Бирок акча табылганы менен таштанды полигонун куруу иши ордунан жылган эмес.

Көптөн бери чечилбеген маселе

Каражат 2013-жылы бөлүнгөнү менен, заводду куруу боюнча контрактка 2017-жылы гана кол коюлган. Ал кезде эстондук «Эхитусфирма Ранд жана Туулберг» компаниясы тандалып алынган болчу. Бирок ошондо да долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү уламдан улам жылдырылып турушуна ар түрдүү себептер чыгып жатты: же жер маселеси чыгат, же төлөмдөр токтотулат, кийин COVID-19 пандемиясы чыкты.

Жыйынтыгында шаар бийлиги бул компания менен кызматташуусун токтотуп, ага €927.5 миң компенсация төлөп берген, ал эми прокуратура 4 кылмыш ишин козгогон. Козголгон иштер боюнча бир фигурант Кыргызстандан качып кетти, калгандары боюнча соттук териштирүүлөр дагы эле жүрүүдө. Жогорку Кеңештин депутаттары жана Бишкектин мэри кылмышка шектүүлөрдүн ысымдарын атоону талап кылышканы менен, прокуратура үндөбөдү.

Эстондуктардан кийин таштанды маселесин түрк компаниясы чечип берем деген, бирок анын да жыйынтыгы болбоду.

Мэрдин убадалары

Бишкек шаарынын жаңы мэри дагы мурдагы шаар башчыларындай эле полигонду жана заводду курууну убадалады. Биринчи жолу ал заводду курулушу 2022-жылдын сентябрында башталат деп убада берген. Бирок башталбады.

Декабрдын ортосунда Жогорку Кеңештин жыйынында шаар башчы таштандыны кайра иштетүүчү завод 2023-жылдын биринчи кварталында курула баштарын билдирди.

Анын айтымында, чех жана америка компаниялары менен тийиштүү сүйлошүүлөр жүрүп жаткан.

“Долбоордун баасы ар башка болууда. Бирөөсү $50 млн десе, башкасы − $350 млн деп жатат. Азыр техникалык-экономикалык негиздемени дарядап жатабыз. 2023-жылы курулушту баштайбыз”, – деген ал.

Мына эми 2023-жылдын мартында мэрдин өзүнөн белгилүү болгондой, заводду жана полигонду куруу иши башталчудай болуп турат. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн компаниялардын ичинен чехтердин HDT Impex s.r.o. жана ReGreen s.r.o. компанияларынын консорциумуна артыкчылык берилген, алардын таштандыларды иштетүүчү заводдорду куруу боюнча тажрыйбалары бай имиш.

Курулушка салым $45 млн түзөт жана Бишкек шаарынын мэринин айтымында, бардык чыгымдарды чех компаниясы өзү көтөрөт.

Factcheck.kg редакциясы бул компаниялар тууралуу маалыматтарды иликтеп чыкты.

ReGreen s.r.o.

Депутат Дастан Бекешев коомдук тармактардагы баракчаларында ReGreen компаниясынын компетенттүүлүгүнө көп ишене бербестигин билдирди, анткени бул компания бир жыл мурун гана негизделген экен. Анын уставдык капиталы 10 миң чех кронун же $453 түзөт.

Чехиянын юстиция министрлигинин расмий сайтынын маалыматы боюнча, ReGreen компаниясы чынында эле бир жыл мурун, 2022-жылдын 23-мартында негизделген. Анын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары: өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүүлөр.

Фирманын негиздөөчүсү Daniel Cikor. Анын нотариалдык маалыматтарынан ал Словакиянын тургуну экенин билсек болот. Анын өз өлкөсүндө дагы 2 компаниясы бар: бирөөсү балдардын бөтөлкөлөрүн чыгарат, экинчиси Түркиядан товарларды Европага ташып келүү боюнча консалтинг кызматтарын көрсөтөт. Даниэль Чикор LinkedIn* тармагындагы баракчасында жаңы ReGreen фирмасын көрсөткөн эмес, ошол эле кезде ал калган компанияларын жана иш тажрыйбасын айына чейин тыкыр көрсөтүп чыккан.

*LinkedIn — кесиптик баарлашууга эсептелген коомдук тармак, колдонуучулар өз портфолиосу, кесиптик жетишкендиктери менен бөлүшүп, бул тармакты жаңы иш орундарын же башкалар менен кызматташуу жолдорун табыш үчүн колдонушат.

ReGreen’дин башкы офиси Чехияда Прага шаарында, Příčná 1892/4 дареги боюнча жайгашкан. Kurzy.ch сайтынын маалыматы боюнча, бул имаратта 650 компания жайгашат.

Фирма тууралуу башка маалыматтарды ачык булактардан таба албадык.

HDT Impex s.r.o.

Чехиянын юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компания 1999-жылы катталган, бирок фирманын сайтында ал 1997-жылы негизделгени айтылат. Негизги ишмердүүлүгү – оюн-зоок электрониканы, сценалар үчүн жабдыктарды (стадиондорду жарыктандыруу жана музыка техникасы) дүңүнөн жана чекене соода кылуу. Таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу тажрыйбасы тууралуу маалыматтар ачык булактардан табылбады.

Тыянак: чех компанияларынын таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду жана таштанды полигондорун куруу тажрыйбалары бар экендиги боюнча чоң шектенүүлөр бар. Алар жана алардын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар өтө аз. Ал эмес ReGreen компаниясынын өзүнүн расмий сайты же коомдук тармактагы расмий баракчасы да жок.