2009-жылдан бери Бишкектин мэрлери коомдук транспорт маселесин чечип берүүнү убадалап келишет. Бардык убадаларды эске салабыз

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров 1-мартта пресс-конференцияда борбор калаадагы коомдук транспорт маселесин 2023-жылдын ичинде чечип берүүнү кайра убадалады. Ал бир жылдай мурун да бул маселени 2022-жылдын күзүнө чейин чечип берүүнү убадалаган болчу.

Мындай убадаларды берүү бишкектин шаар башчылары үчүн көнүмүш көрүнүш – дээрлик ар бир мэр бул маселени чечип берүүнү убадалоону милдети катары карайт.

Kloop.kg’деги кесиптештерибиз шаардын бийлиги Бишкектин борборун маршруттук таксилерден арылтуу боюнча ишке ашпаган убадаларын тизмектеп чыгышкан.

2009-жыл, сентябрь: “Маршруттук таксилердин доору бүттү”

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев шаардын борборун маршруттук таксилерден бошотуу зарылдыгы жөнүндө 2009-жылы эле айтып чыккан — анын айтымында, ал үчүн 1200 автобус керек болот.

Ал маршруттук таксилердин айдоочуларына автобуска отуруп, мамлекетке иштөөнү сунуштаган. Бирок, ал бул кыйынга тураарын кошумчалаган, анткени маршруттук таксилердин айдоочулары «өздөрүнө иштеп көнүп алышкан».

“Алар биз шаардын кызыкчылыгын ойлоп жатканыбызды жана [маршруткалардын] доору бүткөнүн жакшы түшүнүшөт”, – деген.

2011-жыл, январь: Автобустардан жана троллейбустардан көбүрөөк керек

Иса Өмүркулов мэр болуп турган кездеги вице-мэр Төрөбек Имашев маршруткаларды каттамдардан алардын алдында, шаардыктарга альтернатива бериш керек деген.

“Болбосо кайра эле нааразычылыктар, пикеттер башталат. Азыркы кезде муниципалдык транспорт борбор калаанын муктаждыгын толук камсыздай албайт. 500-600 чоң автобус жана 300-400 троллейбус керек […] Бизде автоунаалар жетиштүү санда болгондо гана борбордук көчөлөрдөн бардык маршруткаларды алып салсак болот”, – деп билдирген.

2012-жыл, июнь: “Кошумча 600 троллейбус керек”

Эмки жылдын июнунда Иса Өмүркулов өзү калаанын борборун маршруткалардан бошотуу үчүн кошумча 600 троллейбус керектигин айткан. Ал троллейбустар “экология жактан алып караганда максаттуурак” экенин айткан.

2014-жыл, февраль: Маршруткаларды шаардын четинен чыгарып салуу

Үч жылдан кийин вице-мэр Имашев шаардын борборун маршруткалардан тазалаганга кайра убада берген. Анын айтымында, мэрия алардын ордуна шаардын борбор көчөлөрүнө 100 автобус менен троллейбусту чыгара турганын билдирген.

“Биз ушинтип жол эрежелерин көп бузган маршруткалардын санын азайталы деп жатабыз. Бара-бара биз аларды шаардын сыртындагы каттамдарды тейлөөгө багыттамакпыз”, – деген.

2014-жыл, август: Борбордук көчөлөрдө автобустар менен троллейбустар гана калат

Ошол эле 2014-жылы, Кубанычбек Кулматов шаар башчысы болуп турганда, вице-мэр Олег Попиков муниципалитет Бишкекти үч аймакка бөлгөнүн айткан. Анын айтымында, биринчи аймакта автобустар менен троллейбустар гана калтырылат, ал эми мироавтобустар экинчи жана үчүнчү аймактарды, башкача айтканда шаардын чет жакаларын тейлешет.

“Бул биздин оюбуз, азыр муниципалдык транспорттун мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жатабыз. Бир гана багытта бир канча маршруткалар жана муниципалдык транспорт иштеген учурлар бар. Ошондуктан бирөө чыгымга кириптер болууда”, – деп белгилеген ал

2015-жыл, январь: “Бишкек транспорттук коллапска жакындап калды”

Экс премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2015-жылдын январында калаа борборунан маршруткаларды алып салып, ичи кененирээк автобустарды киргизүүнү сунуштаган. Оторбаев “шаар жөн гана кыйынчылыктарга эмес, транспорттук коллапска жакындап калды” деп билдирген.

2015-жыл, февраль: Бишкектин борборун автобустар менен троллейбустар тейлейт

Мэриянын басма сөз кызматы 101-маршруттук такси каттамынын схемасы өзгөртүлгөнүн жана бул Чүй проспектиси, Москва жана Абдрахманов көчөлөрү жана Манас проспектиси менен чектелген чөлкөмдөгү борбордук көчөлөрдү бошотконго өбөлгө түзөрүн билдирген.

“Ошондой эле Ош базарынын жанындагы көчөлөрдү бошотуу пландаштырылууда. Шаардын борбордук көчөлөрүн муниципалдык транспорт гана (автобустар менен троллейбустар) тейлей турганы ойлонуштурулууда”, – дешкен муниципалитетте.

2015-жыл, февраль: “2017-жылга чейин бардыгын чоң автобустар менен алмаштырабыз”

2015-жылдые февралында мэр кызматында турган Кубанычбек Кулматов муниципалитет “2017-жылга чейин бардык коомдук транспортту чоң автобустар менен алмаштырууну” пландаштырып жатканын билдирген.

“Жаңы маршруттук схемалар иштелип чыкты. Эң жакынкы убакта аны ЖМКларда жарыялап талкууга коебуз. Азыртадан эле калаанын болбордук аймагын маршруткалардан бошотуп, аларды толугу менен чоң автобустар менен алмаштыруу каралууда”, – деген.

2015-жыл, март: 2017-жылдан тарта шаар көчөлөрүндө маршруткалар калбайт

Бир айдан кийин Кулматов Бишкектин жолдорунда 2017-жылы маршруткалар болбостугун убада кылган.

“Бара-бара аларды [бустарды] линиядан алып салып, автобустар менен алмаштыруу оюбуз бар. Бирок азыр биз  жүргүнчү ташуучу жеке компанилар менен мэрия эмес, алар өзүлөрү автобустарды лизингге алуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мамлекеттин кепилдиги менен автотехниканы сатып алууга жеке менчик компанияларга инвестиция салууга даяр банк бар”, – деген.

2015-жыл, июнь: Альтернатива керек

2015-жылдын июнунда Транспорт маселелери боюнча Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкий мэрияда Бишкектин борборундагы маршруткаларга альтернатива азырынча жок экенин өкүнүү менен билдирген.

“Көп орундуу автоунаалар сатып алынганда гана маршурткаларды шаардын борборунан анын четине которууну ойлонуштурсак болот. Акча жетпеген нерсени жасаганга туура келип жатат”, – деп белгилеген ал.

2017-жыл, январь: “Марштуткалар үч жыл аралыгында алынат”

2017-жылдын январында Бишкектин мэри Албек Ибраимов бийлик маршруттук таксилерди шаардын борборунан үч жылдын аралыганда алып салаарын айткан. Анын айтымында, маршруттук таксилердин ордуна кытайлык насыянын эсебинен сатылып алынган автобустар менен троллейбустар келет.

2018-жыл, январь: “Кудай буюрса, күзгө чейин”

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев 2018-жылдын январында Бишкектин борборунан маршруткаларды 2018-жылдын сентябрына чейин алып салууну убада кылган. Анын айтымында, бул жылы бийлик газ менен жүргөн 350 автобус сатып алат.

“Кудай буюрса, күзгө чейин. Күзгө чейин Бишкектин борборунан микроавтобустарды алып салабыз”, – деп убадалаган.

Жаңы транспорт калаанын борборунда катташы керек. Бийликтин ою боюнча, бул маршруттук таксилерди шаардын чет жакасына жылдырууга мүмкүндүк берет.

2018-жыл, июнь: “Маршруткалар экинчи катардагы көчөлөрдө гана болот”

2018-жылы Албек Ибраимов мэриянын “Жол-транспорттук инфротүзүмдү өнүктүрүү” концепциясы бар экенин билдирген.

“Ал өзүнө кооомдук транспорт маселесин чечүүнү да камтыйт. Жолдор оңдолгондон кийин каттамдар өзгөртүлөт. Бустар экинчи катардагы көчөлөр боюнча гана жүрөт. Чоң көчөлөрдө автобустар менен троллейбустар гана болот”, – деген.

2018-жыл, ноябрь: Шаардын борборун бошотуу керек

Вице-мэр Максим Ситников өкмөт жол жана экологиялык коопсуздук боюнча токтом кабыл алганын билдирди. Андагы пункттардын биринде коомдук транспортту жүргүзүү жолу менен калаанын борборун бошотуу зарылдыгы каралган.

Биз азыр бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз, андан кийин бул тапшырманы ишке ашыруу боюнча сунуштарбызды өкмөткө беребиз”, – деп белгилеген ал.

2019-жыл, июль: Акырындык менен алабыз

Ибраимовдун ордуна мэрдик кызматка келген Азиз Суракматов бир заматта маршруткалардын бардыгын калаанын борборунан алып салуу мүмкүн эмес экенин, эл альтернативасыз калаарын белгилеген.

“Бардыгы такси менен жүрө албайт да. Маршруттук таксилер муктаждыкты, анын ичинде конуштардагы муктаждыкты да чечүүгө салып кошуп келет. Бирок жаңы автобустар сатып алынары менен, аларды акырындык менен алып сала баштайбыз”, – деп убадалаган.

2021-жыл, сентябрь: “1,5 миң автобус керек”

Бишкектин вице-мэри Руслан Акылбеков билдиргендей, өкмөттүн токтомуна ылайык, шаардын борборунда газ менен иштеген муниципалдык транспорт жүрүшү керек. Шаардын муктаждыгын толук канааттандырыш үчүн болжолдүү түрдө 1,5 миң автобус керек экенин айткан.

“Эгер ушул сандагы [автобустар] болсо, микроавтобустар шаардын четиндеги конуштарды тейлей башташат. Ушундай болгондо маршруткаларды айдагандар да жумушсуз калбайт, шаар дагы таза болот, анткени газ менен иштеген автобустар болот”, – деген.

2021-жыл, октябрь: Маршруткалар чет жакаларда болот

Бишкектин вице-мэри Таалайбек Орозов борбор калаанын транспорттук схемасы кайра караштырылып чыгарын жана ал аймактарга бөлүнөөрүн билдирген.

“Көбүнө эконтранспорттор коюлат, маршурткалар чет жакаларга жылдырылат. Учурдагы каттамдарды талдап жатабыз. Алардын бир бөлүгү калат, алар боюнча муниципалдык транспорттор жүрүүдө”, – деген.

2022-жыл, июль: Калаанын борбору күзгө чейин бошотулат

Бишкектин азыркы мэри Эмилбек Абдыкадыров дагы маршурткалардын калаанын борборунан алынаарын убалаганга жетишти. Шаардын башчысы болуп иштеген 100 күнү боюнча отчеттук пресс-конференциясында Абдыкадыров 2022-жылдын аягына чейин шаарга жаңы автобустар алынып келерин билдирген.

Анын айтымында, муниципалитет жүргүнчүлөрдү ташыган компанияларга жаңы автобустарга отуруп, өз каттамдарында иштөөнү сунуштаган. Калаанын борбору 2022-жылдын октябрь-ноябрь айларында маршруткалардан тазаланат деп убада берген.

Өзүңөр байкагандай, акыркы 14 жыл аралыгында  Бишкектин кеминде алты мэри жана алардын орун басарлары  борбор калаанын транспорттук маселесин чечип беребиз деп 18 жолу убада беришкен, бирок азыркыга чейин эч нерсе жасала элек.