Санариптик укуктар деген эмне жана алар Кыргызстанда кантип жөнгө салынат?

Санариптик укуктар – бул “салттуу” эле укуктар, бир гана интернет мейкининдеги. Мисалы, Интернет тармагындагы сөз эркиндигине, маалыматты таркатуу, алуу, издөө укуктары, жеке турмуштун колтийгистигине укук. Ошентип, адам дүйнөлүк санариптик мейкиндиктин катышуучусу болуп эсептелет. Бирок маалыматтык жана санариптик технологилардын өнүгүүсү менен жаңы чакырыктар менен коркунучтар да жаралууда.

Бул тууралуу “Адилет” укуктук клиниканын талдоосунда кененирээк айтылат.

Жеке турмуштун колтийгистигине укук

Учурда мамлекет, бизнес тармагы адамдын санариптик мейкиндиктеги жеке турмушуна байланыштуу улам көбүрөөк маалыматты чогултуп, колдонууда. Бул маалыматтар жеке компьютерлер, смартсааттар, смартфондор, фитнес-аксессуарлар, коомдук тармактар, “акылдуу шаар” сыяктуу долбоорлор аркылуу чогултулат. Адатынча, ушуга окшош аракеттер ээсин эскертпестен, же анын макулдугун албастан жасалат. Ушинтип адамдын жеке турмушуна колтийгистик укугу бузулат.

Буга мамлекеттин тымызын массалык көзөмөлүн, билдирүүлөрдү орто жолдо ачып окуусун, маалыматтарды чогултуусун, сактоосун жана талдоосун дагы киргизсе болот. Мисалы, электрондук почта, телефон жана видео чалуулар, тексттик билдирүүлөр жана кирген веб-сайттар аркылуу көзөмөлдөө. Айрым өлкөлөрдүн бийликтери ушуга окшош массалык көзөмөл улуттук коопсуздукту сактоо үчүн зарыл деп түшүндүргөнү менен, бул практикага “адам укуктары боюнча эл аралык укуктук документтерде жол берилбейт, анткени мындай чаралардын алкагында колдонулуучу чаралардын зарылчылыгын жана пропорционалдуулугун ар бир конкреттүү иш боюнча талдоо мүмкүн эмес”.

Жеке маалыматтарды компаниялар мамлекетке же жеке менчик коммерциялык уюмдарга бериши мүмкүн, бул дагы ар бир “санариптик жарандын” санариптик укуктарын бузуу болуп саналат. Мисалы, Google, Meta, Apple, Amazon сыяктуу IT-гиганттар Интернет тармагын колдонгон адамдын аты-жөнү, сырсөзү, телефонунун номуру, төлөмдөрдү жүргүзүү маалыматтары, ал жараткан, жүктөгөн же башкалардан алган контент сыяктуу жеке маалыматтарын сакташат. Бул маалыматтарга каттар, сүрөттөр жана видеолор, документтер жана таблицалар, YouTube’дагы роликтерге комментарийлер кирет. Бул компанияларга Интернет колдонуучулардын маалыматтарын саткандыгы боюнча бир нече жолу кине коюлган.

Санарип айдыңында жеке адамга, анын үй бүлөсүнө жана жашоосуна байланыштуу маалыматтарды чогултууга даярдык көрүүнүн өзү эле жеке турмуштун колтийгистигине укукту бузуу болуп саналат.

Өз кезегинде, жеке турмушка колтийгистик укугу адамдын негизги укуктарынын бири болуп саналат. Ал эч кандай айырмачылыксыз ар бир адамга таандык жана анын жашоосунун бардык чөйрөлөрүн, анын ичинде санарип мейкиндигин камтыйт. Ошентип, ар бир адам санариптик мейкиндикте өнүгүү үчүн белгилүү бир мүмкүндүккө, башкалар менен аракеттенүү үчүн эркиндикке ээ болушу абзел.

Кыргызстанда санариптик укуктар кантип жөнгө салынат?

Кыргызстан адам укуктары жаатындагы негизги эл аралык келишимдерге кошулгандыктан, эл аралык коомчулуктун толук укуктуу мүчөсү. Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормалары өлкөбүздүн укук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Мындан тышкары, адам укуктарынын эл аралык стандарттары өлкөбүздүн улуттук мыйзамдарына киргизилген. Ушуга байланыштуу Кыргызстанда санариптешүү процесстеринде адамдын укуктары жана эркиндиктери эл аралык укуктук документтер жана республиканын мыйзамдары менен корголгон.

Бирок Кыргызстандын жарандык мыйзамдарында “санариптик” жарандардын санариптик укугу тууралуу түшүнүк каралган эмес. Ошол эле кезде Кыргызстанда санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү жыл сайын өсүп, ага «санариптик жарандар» катары көбүрөөк жарандар тартылууда.

Санариптик чөйрөдө укуктук жөнгө салуунун жоктугу, сөзсүз, санариптик укуктардын жана жана укуктук мамилелердин өнүгүшүнө тоскоол болуп, жарандык мыйзамдардын учурдагы  процесске шайкеш келбестигине жана актуалдуу болбостугуна алып келет.

Жогоруда айтылгандардын негизинде дүйнөлүк практикада укукту санариптештирүү жаатында колдонулуп жаткан жаңычылдыктарга ылайык өлкөнүн ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү жана унификациялоо зарыл деген тыянак чыгарсак болот.