“Ала Тоо” аянтын 5 млн сомго жасалгалаган компания тууралуу эмне белгилүү?

Facebook колдонуучусу Артем Колосов Жаңы жылга карата “Ала Тоо” аянтынын жасалгаланышы боюнча мэрияны сынга алды. Ал бак-дарактарга илинген оюнчуктардын сүрөтүн социалдык тармакка жүктөп, “ушуга 5 млн сом сарптагыча, салют аттырбайт белеңер”, – деп нааразы болду. 

 

Буга чейин массалык маалымат каражаттарында “Ала Тоо” аянтын Жаңы жылга карата жасалгалоого 5,6 млн сомдон ашуун каражат сарпталары айтылган. Бул каражатка көчө бойлой тагылган оюнчуктар да кирмек.

Factcheck.kg 5 млн сомдук тендерди утуп алган компания тууралуу маалыматты текшерди.

2021-жылдын 1-декабрында мэрияга караштуу “Бишкексвет” Муниципалдык ишканасы балаты оюнчуктарын сатып алууга жарыялаган тендердин жеңүүчүсү “Аманат Транс” аттуу компания экенин жарыялаган. Аталган компания өз кызматтарын 4 миллион 972.5 миң сомго баалаган.

OsOO.kg сайтынын маалыматына ылайык, компания соода-сатык менен алектенет, ал эми анын негиздөөчүлөрү Жыпар Чуштукова менен Адилет Толонов. Толонов аталган компаниянын директору катары да көрсөтүлгөн.

bi.open-contracting.org сервиси “Аманат Транс” ЖЧКсынын 2019-жылдан тарта ар кайсы ведомстволор тарабынан жарыяланган 34 тендерди жеңгени тууралуу

кабарлайт.

Компания мамлекеттик органдарга эмерек, кийим-кече, музыкалык аспаптарды, орг техниканы жана тамак-аш жеткирген.

Белгилей кетсек, “Аманат Транс” ЖЧКсы 2019-жылы жаңы жылдык балатыны жасалгалоо боюнча тендерди да утуп алган. Анда тендердин суммасы 1 миллион 143 миң сомду түзгөн.

Ийгиликтүү ишкерлер

“Аманат Транс” компаниясынын негиздөөчүсү жана директору Адилет Толонов буга чейин Эсеп палатасына орношуу аракетин көргөнүн ачык булактар маалымдайт. Толоновдун 2018-жылы финансылык жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн инспектору кызматына талапкер катары катталып, конкурстан өткөнү тууралуу жаңылык Эсеп палатасынын сайтында жарыяланган

Компаниянын тең негиздөөчүсү Чуштукова Жыпар Бахтияровна тууралуу маалымат интернет айдыңында сейрек кездешет. Ал 1980-жылы төрөлүп, Октябрь районуна караштуу шайлоо учатскасында катталганы маалым. Ал эми анын иниси Чуштуков Ильич Бахтиярович тууралуу ачык булактарда көбүрөөк айтылат. Маселен, Чуштуков 2021-жылдын апрель айында “Кыргызстан” партиясынан жергиликтүү кеңешке, Кемин шаарына талапкерлигин койгон.

 

ОsOO.kg маалымдагандай, Чуштуков “Ильич Групп” компаниясынын негиздөөчүсү жана директору. Белгилей кетсек, аталган компания өзү катышкан мамлекеттик тендерлердин жарымынан көбүн жеңип чыккан. “Ильич Групп” дагы, “Аманат Транс” компаниясы сыяктуу ар түрдүү товарларды сатканы менен белгилүү.

“Ильич Групп” ЖЧКсы көбүн эсе Кемин районуна жана Кемин шаарына караштуу мамлекеттик ведомстволордун тендерлерин жеңген.