Кыргызстанга кирүү үчүн эмделүү жетишсизби?
6-декабрда Туризм департаментинин сайтында туристтерге жана туризм тармагынын өкүлдөрүнө кайрылуу жарыяланды. Анда коронавирус илдетинин жайылуусун алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритми көрсөтүлгөн.
“Сиз Кыргыз Республикасына келгениңизде ПЧР тестинин терс жыйынтыгы болушу керек (72 сааттык убактан ашпаган) же COVID-19 коронавирусуна каршы вакцинаны (кагазда же санарип форматта) алгандыгыңыз тууралуу документ болушу керек”.
Factcheck.kg өлкөгө кирүү үчүн дагы эмне талап кылынарын текшерип көрдү.
Жогорудагы иш-аракеттердин алгоритмдери 2021-жылдын 8-июнунда, ал эми өлкөгө кирүүнү жөнгө салуучу пункттар 12 жана 19-июнда бекитилген.
Бирок дүйнөдө омикрондун пайда болушу менен 28-ноябрда Министрлер кабинетинин аппарат жетекчисинин орун басары Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана ДСУнун өкүлдөрү менен тиешелүү маалыматтар боюнча шашылыш жыйын өткөрдү.
![]()
Чогулуштун жыйынтыгы менен бир нече чечим кабыл алынды. 29-ноябрда Министрлер кабинети 2021-жылдын 1-декабрынан баштап өлкөдө омикрондун жайылышын алдын алууга багытталган иш-чаралардын аткарылышын жарыялады.
Жаңы талаптарга ылайык, Кыргызстанга кирүү үчүн чет өлкөлүк жарандар жана Кыргызстандын жарандары эмдөө статусуна карабастан, өлкөгө келер алдында алар менен коронавирустук инфекцияга ПЧР-тесттин терс анализин көрсөтүүсү керек.
9-декабрда өкмөттүн сайтында жакын арада республикада жүргөн бардык жарандардын маалыматтарын каттоонун электрондук формасы ишке киргизилери тууралуу маалымат пайда болгон. Ошону менен бирге Саламаттыкты сактоо министрлигине мамлекеттик чек арадан өткөндөрдүн ПЧР-тесттен өтүү убактысын келгенге чейин 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартуу маселесин кароо тапшырылды.
Жыйынтык: жалган. Кыргызстанга кирүү үчүн эмделгендиги тууралуу документ эмес, ПЧР тесттин терс жыйынтыгы талап кылынат.
