Түркия Тажикстанга “Байрактар” учкучсуз учактарды сатып алууну сунуштадыбы? Текшеребиз

19-декабрда kabarlar.org басылмасына Түркия Тажикстанга «Байрактар» учкучсуз учактарды сатып алууну сунуштагандыгы тууралуу макала жарыяланды. Маалыматта Тажикстан аскердик кызматташтыкты бекемдөө үчүн расмий Анкарадан сунуштама алганы айтылат. 

 

kabarlar.org маалыматты News-front.info аттуу агенттикке шилтеме берип жазган. Google системасын колдонуп, «Байрактар» Кыргызстанга сатылганын аныктайбыз.

Мындан тышкары Түркия президентинин расмий сайтынан да издейбиз. Бирок Тажикстанга берилген сунуштама тууралуу тиешелүү маалымат табылган жок. Ал эми Стамбулдагы «Кыргыз түрктөрү» коомунун жетекчиси Абдулметин Кескин «Т-Медиага» интернетке тараган маалыматты фейк деп атады.

Жыйынтык: Түркия Тажикстанга «Байрактар» учкучсуз учактарды сатып алууну сунуштагандыгы тууралуу маалымат — фейк.

Булак: Т-Медиа