Фактчек: Пентагон Кытай менен согушка “бүгүн кечинде” эле даяр болушу керекпи?

Орустардын “Комсомольская правда” басылмасы АКШ менен Кытайдын ортосундагы тирешүү тууралуу кезектеги материалын жарыялады. Сөз АКШнын Аскер-деңиз операцияларынын командачысы адмирал Майк Гилдейдин билдирүүсү тууралуу болуп жатат. Financial Times адмиралдын “биз колубуздан келген эң коркунучтуу күчтөрүбүздү чыгаргыбыз келсе”, Пентагон Тайвандагы аскердик конфликтке “бүгүн кечинде” эле даяр болушу керек деген сөзүн келтирген имиш. “КП”нын материалында колдонулган иллюстративдик сүрөткө: “АКШ Кытай менен согушка даярданып жатканын ачык билдирди” деген түшүндүрмө жазылган. 

Factcheck.kg редакциясы Майк Гилдейдин аскердик конфликт тууралуу жана Пентагон согушка “бүгүн кечинде” эле даяр болушу керек деген сөздөрүнүн аныктыгын текшерип көрдү.

Financial Times эл аралык ишкерлер гезитиндеги “АКШнын Аскер-деңиз флотунун командачысы Кытай 2024-жылга чейин Тайванга кол салышы мүмкүн экенин эскертти” деген аталыштагы макалада 1949-жылдан бери талаштуу болуп келген Тайвань аралына байланыштуу АКШ менен Кытайдын ортосундагы алака-мамилелер көтөрүлгөн.

Бирок редакциябыз бул макаладан адмиралдын Пентагон конфликтке бүгүн эле даяр болуш керек деп айтканын таба албады. Майк Гилдей Кытай Тайванга карата чараларды эң пессимисттик божомолдордон да эртерээк көрө башташы мүмкүн экендигин АКШ эске алышы керек деп гана айткан.

Ошентип, “КП”дагы цитата чындыкка жатпайт, анткени Гилдей андай сөздөрдү айткан эмес. Ошондой эле “АКШ Кытай менен согушка даярданып жатканын ачык билдирди” деген билдирүү да чындыкка жатпайт, учурда Кытай Тайванга кол сала турган болсо жооп иретиндеги чаралар гана талкууланууда.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын августунда АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайбэйге иш сапары менен барып келгенден кийин Тайвандын жанындагы Кытайдын аскердик аракеттери күчөгөн. Пекин көптөн бери Тайвань менен “тынчтык жолунда” биригүүнү көздөп келет. Ошол эле кезде зарыл болсо, өзгөчө, эгерде арал өзүнүн көз карандысыздыгын билдире турган болсо Кытай күч колдонушу мүмкүн экендигин билдирет.

Тыянак: көз жазгыруу. “КП”нын материалында америкалык адмиралдын сөздөрү жана да АКШнын аскердик күчтөрүнүн максаттары бурмаланып берилген.