Кашкар Жунушалиев быйыл Москвадагы концертке катышты деген маалымат — фейк

Социалдык тармактарда жана айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин Москвадагы милиция күнүнө арналган концертине катышкандыгы тууралуу сүрөтү тарады.

Жалпыга маалымдоо каражаттары социалдык тармактардагы атактуу баракчаларга шилтеме жасап, “15-ноябрда Жунушалиев Москвадагы милиция күнүнө карата өткөн концертке катышканы маалым болду” деп жазган.

Factcheck.kg бул концерт кайда жана кайсы күнү өткөрүлгөнүн тактады.

Ал үчүн  россиялык “Биринчи каналдын” (“Первый канал”) расмий сайтына баш багып, салтанаттуу концерт 2019-жылдын 10-ноябрында Кремлде болуп өткөнүн аныктайбыз. Телеканал жетекчилиги бул концертти быйыл, 15-ноябрда саат 17.45 те кайрадан эфирге берүүнү чечкен.

 

Жыйынтык: мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин быйыл концертке катышкандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Жунушалиев Милиция күнүнө арналган концертке 2019-жылы катышкан.