Тажикстан Баткендин чет жакасын жапырт ок атуу реактивдүү системалары менен аткылоодобу? Чындык

Жаңылык Telegram-каналдарында жапырт ок атуу реактивдүү системаларын (ЖОРС) колдонуу менен аткылоо учуру тартылган видео жарыяланды. Ага түшүндүрмөдө, тажик тарап кыргыз жерлерин аткылап жатат деп жазылган.

Чек арадагы кезектеги ок атышууга байланыштуу учурдагы курч кырдаалды эске алып, Factcheck.kg редакциясы бул маалыматты текшерди.

Биз аныктагандай, бул видеоролик КР УКМКнын Чек ара кызматынын расмий Telegram-каналында жарыяланган.

Тажик аскерлери кыргыз жерлерин жапырт ок атуу реактивдүү системаларын (ЖОРС) колдонуу менен аткылап жатканын чек арачылар тастыкташты. Видеодон ЖОРСтун жанында тажик аскерлери жана жарандык кийимчен адамдар турганын көрсө болот.

Тажик ЖОРСу баткен аэропортунун айланасын жана шаардын чет жакасын аткылаган. Баткен шаарынын жарандык инфраструктурасынын объектилери талкаланган.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында үч ок атышуу болгон. Эртең менен Кыргызстандын чек арачылары Баткен районунун Булак-Башы аймагында Тажикстандын чек арачылар нарядын байкаган. Кошуна өлкөнүн чек арачылары мамлекеттик чек аранын талаштуу аймагында согуштук позицияларды ээлеп алышкан. Кыргыз чек арачыларынын аталган аймактан чыгып кетүү талаптары четке кагылган. Тажик чек арачылары ок чыгарышкан. Кыргыз аскерлери да жооп катары куралдарын колдонушкан. Үчүнчү ок атышуу Паскы-Арык аймагында болгон.

Тыянак: чындык. Тажик  аскерлери Кыргызстандын жерин жапырт ок атуу реактивдүү системалары менен аткылашкан