Фактчек: АКШда TikTok бөгөттөлөбү?

Telegram мессенджеринде АКШда популярдуу оюн-зоок булагы болуп эсептелген TikTok’ко тыюу салуу ойлонуштурулуп жатат деген билдирүү таркатылууда. Тыюу салуунун максаты – америкалык жарандардын маалыматтарын кытай өкмөтүнө берилишине бөгөт коюу.

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматты текшерип чыкты.

Эскерте кетсек, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 2020-жылы улуттук коопсуздукка коркунуч жаралууда деп бул кызматтын ишин чектегенге аракет кылган болчу. Анда TikTok компаниясы бөгөт коюу чечимин сот аркылуу кийинкиге калтырууга жетишкен. 2021-жылдын июлунда АКШнын жаңы президенти Джо Байден бул буйрукту артка кайтарып алган.

Быйыл декабрдын башында ФБРдын директору Крис Рэй популярдуу тиркеме кытай компаниясынын толук көзөмөлүндө болгондуктан TikTok’ко байланыштуу улуттук коопсуздук боюнча тынчсыздануусун билдирди

Рэйдин айтымында, кытайлыктар тиркеменин сунуштоо алгоритмин көзөмөлдөй алгандыгы ФБРдин тынчсыздануусун жаратат, анткени “бул контент менен манипуляция кылганга жол берет, жана да, алар кааласа, аны таасир этүү операцияларына колдоно алышат”. Ал Кытай тиркемени колдонуучулар тууралуу маалыматты чогултканга колдоно алаарын, бул маалыматтарды салттуу шпиондук операциялар үчүн колдонсо болоорун да билдирди.

Крис Рэйдин билдирүүсүнөн кийин АКШнын бир катар штаттары улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында кытай тиркемесин мамлекеттик түзүмдөрдө жана компьютердик тармактарда колдонууга тыюу салышты.

Кийинчирээк, 14-декабрда АКШнын Сенаты федералдык кызматкерлерге кыска видеолор менен бөлүшүү кытай тиркемесин мамлекеттик түзүмдөрдө колдонууга тыюу салган эки партиялуу мыйзам долбоорун кабыл алды.

Джо Байденге кол коюуга жиберилердин алдында бул мыйзам долбоорун АКШнын Өкүлдөр палатасы жактырышы керек. Өкүлдөр палатасы Сенаттын мыйзам долбоорун эмки жумада аяктай турган Конгресстин учурдагы сессиясы аяктаганга чейин кабыл алышы керек.

TikTok жооп иретинде “АКШнын улуттук коопсуздугун эч бир жакшырта албаган саясий кызыкчылыктагы чечим” боюнча тынчсыздануусун билдирди. Коомдук тармак америкалык конгрессти тиркемени коопсуздукка коркунуч жаратуусу боюнча текшерүүдөн өткөрүүгө чакырып, АКШда платформанын укуктарын коргоону уланта турганын билдирди.

“Биз көптөгөн штаттар ТикТок тууралуу негизсиз жалгандарга негизделген саясатты киргизип жатканына нааразыбыз, бул АКШнын улуттук коопсуздугун бекемдей албайт”, – деп билдирди компания.

Тыянак: чындык. АКШда чынында эле TikTok’ко чектөөлөрдү киргизүү ойлонуштурулууда. Акыркы чечим чыгарыла элек, бирок мыйзамдык даярдыктар катуу жүргүзүлүүдө.