Кайсы мамлекеттик мекемелер аба тазалагычтарды сатып алышты?

Акыркы үч жылда кыш кирээри менен Кыргызстан абанын булганышы боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы катарга чыгып келет. Смог адамдардын ден соолугуна зыян гана алып келбестен, экономикага да залакасын тийгизүүдө. Мисалы, Greenpeace уюмунун отчету боюнча, абанын булганышы жыл сайын Кыргызстандын экономикасына орточо $110 млн чыгым алып келет.

2022-жылы өлкө бийлиги 23 котельныйды көмүрдөн газга өткөрүп, үй чарбаларына альтернативдүү энергия булактарын киргизүүнү сунуштаган. Бирок ага $6.7 млрд каражат керек. Жаратылыш ресурстары жана экология министрлиги каражат издеп БУУга кайрылган.

Андан сырткары мекеме Бишкек шаарынын райондорунун биринен 500 көп кабаттуу турак-жай тандап, аларга наноприсадкалар орнотууну сунуштады. Бул жылуулуктун чыгымын 40 пайызга чейин кыскартууга жардам бермекчи. Ошондой эле таксилер үчүн 200 электр машинасын жана 100 электр кичи автобустарын алып келүү пландалууда. Бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 2023-жылы $20 млн жакын каражат керектелет.

Ошол эле кезде, смогдон сактануу максатында мамлекеттик мекемелер аба тазалагычтарды сатып алып жатышат. Factcheck.kg кайсы мекемелер аба тазалагычтарды сатып алышканын жана ал үчүн канча каражат жумшагандарын аныктап чыкты.

Биринчилерден болуп аба тазалагычтарды Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишкана 2017-жылы эле сатып алган. Мекеме ал үчүн 41 миң сом каражат жумшаган. Техникалык тапшырмада техникалык мүнөздөмөсү гана эмес, Stadler Form R-001R деген модели да так көрсөтүлгөн болчу.

Юстиция министрлиги 2019-жылы 39.8 миң сом каражат жумшаган. Мүнөздөмөсүнө көңүл бурсак, Panasonic F-VXR50R-K сатып алынган.

2020-жылы «Альфа Телеком» («Мega» соода маркасы, 100% мамлекеттик үлүш) Жабык акционердик коому Xiaomi маркасындагы 5 даана аба тазалагычты 54.5 миң сомго сатып алган.

2020-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университет 72 миң сомго 5 аба тазалагычты, дозаторлорду жана антисептиктерди сатып алган. Документ жеткиликтүү болбогондуктан аба тазалагычтын кайсы модели сатып алынганын аныктай албадык.

2020-жылы Мамлекеттик кадр кызматы аба тазалагычты 20 миң сомго сатып алган. Анын мүнөздөмөсү да жеткиликтүү эмес.

2021-жылы Сертификациялоонун республикалык борбору аба тазалагычты 22 миңге сатып алган.

Жогоруда аталган мамлекеттик мекемелерден сырткары аба тазалагычтарды медициналык мекемелер жана айыл өкмөттөр мектептер менен бала бакчалар үчүн сатып алышкан.

Ошентип, 2019-жылдан 2022-жылга чейин аба тазалагычтарды сатып алууга 1.4 млн сом жумшалган. Бирок да мамлекеттик эсептен сатып алынып жаткан аба тазалагычтар жетишсиз экенин белгилей кетишибиз керек, анткени бир аба тазалагыч эң көп дегенде 80 чарчы метр аянттагы абаны тазалай алат.