Фейкньюс, кастык тили жана кесиптик этиканын бузулушу — Slon.kg макаласына медиасын - Factcheck
Медиасын

Фейкньюс, кастык тили жана кесиптик этиканын бузулушу — Slon.kg макаласына медиасын

03.10.2020

Фейкньюс, кастык тили жана кесиптик этиканын бузулушу — Slon.kg макаласына медиасын

2-октябрь күнү Slon.kg маалымат агенттиги  “АУЦА – провокаторлордун университети аттуу” макала жарыяладыFactcheck.kg  макаладан Этикалык кодекстин бир нече беренесинин бузулушун жана фейк маалымат менен кастык тилин аныктады.

 

Factcheck.kg редакциясы макалага саресеп салууда россиялык “Монитор” басылмасынын пропаганда жана манипуляция ыкмаларынын классификациясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексин пайдаланды.  

Баштемада автор дароо оппонентти каралоо жана көө жабуу аркылуу окурманды манипуляциялоо аракети байкалат. 

Оппонентти душманга айлантуу  ыкмасы (демонизация врага)- жалган же текшерилбеген маалыматты колдонуу аркылуу оппонентти адамкерчиликсиз, адеп-ахлаксыз, ырайымсыз кылып көрсөтүү. Булак – Коул, 1998, 210-312-бб. 

Көө жабуу ыкмасы (навешивание ярлыков). Аталаган ыкма аудиторияга каарман тууралуу белгилүү бир мүнөздөмөнү алдын ала берип, окурманды өз алдынча чечим чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.  Булак- Коул, 1998,  210-312 – беттер.

 Slon.kg материалында “Общее дело” коомдук фонду Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) студенттерин парламенттик шайлоого байкоочу катары тартканы тууралуу маалымдалат. Макалада маалымат булагы көрсөтүлгөн эмес. 

Биз маалыматты тактоо иретинде аталган фонддун веб-дарегине жана социалдык тармактагы баракчасына баш бактык. 

Бирок тиешелүү маалымат табылбагандыгына байланыштуу “Общее дело” фондунун пресс-борборуна кайрылдык. Фонд шайлоого 300 кыска мөөнөттөгү, 116 узак мөөнөттөгү байкоочулар, 16 регионалдык юрист жана координаторлор, ошондой эле башкы кеңседен 30 кызматкер (юристтер, аналитиктер, жана маалыматты иштеп чыгуучу операторлор) менен ыктыярчылар тартылганын тастыктады.

«Бардык байкоочулар алдын ала тандоодон өтүп, тренингден өтүшкөн. Тандоонун критерийи – тиешелүү компетенттүүлүктүн жана көзкарандысыз мониторинг жүргүзүү тажрыйбасынын болушу болду “, – деп билдирди фонддун басма сөз кызматы, — «фонддун ишине ыктыярчылар да тартылган. Алардын арасында студенттер, ар кандай курактагы жана ар кандай кесиптеги адамдар бар».

Демек, макала автору жартылай чындык жана жек көрүү аттуу манипуляция жана пропаганда ыкмаларын колдонгон деген бүтүм чыгарабыз. 

Жартылай чындык ыкмасы (полуправда)-  бир нече билдирүүнүн ичинен айрымдары чын, ал эми башкасы жалган. Бирок ага карабай, бардык билдирүүлөр чындык катары берилет. Булак – Коул, 1998, 210-312 бб.

Жек көрүү ыкмасы  (ненависть)–  манипулятордун күчтүү куралы. Анда душман каардуу жана аеосуз кылып көрсөтүлөт. Ага аудиториянын боору эч качан оорубайт. Манипуляторго думшанды жек көрсөтүү жетиштүү.  Булак- Тагвелл, 1979, 295-324 бб.

Мындан тышкары, автор Массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамдын 20-беренесинин бузулушуна жол берген.  

«Журналист келип түшкөн материалдарга байланыштуу фактыларды жана жагдайларды текшерүүдө адистерге кайрылууга милдеттүү».

Макаладан үзүндү (орус тилинен которулду): 

«Акыл-эси жетиле элек студенттердин идеологиясына таасир этүү үчүн Америка университетинин кызматкери Бермет Турсункулова жооптуу болуп дайындалган.  Студенттер бир нече ай бою оппозициялык маанайда тарбияланды. Өлкөгө реформа керектиги тууралуу алардын кулагына куюлуп, бийликке «Реформа», «Бир Бол» жана «Ата Мекен» партиялары келмейинче позитивдүү өзгөрүү болбой тургандыгы айтылып атты».

Бул маалыматка далилдер келтирилген эмес, жана маалыматтын булагы көрсөтүлгөн эмес. Мындан тышкары, макала каармандарынын позициясы эсек алынбаганын белгилеп кетүү зарыл. 

Демек, журналистиканын эң негизги принциптери бузулуп, кесиптик этика сакталган жок: 

Каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабыл алынган адамдардын пикирлери тең салмакта берилиши шарт.  Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 17-берене. 

 

Андан соң, эч кандай фактылар менен бекитилбеген автордун жеке пикири жазылганын байкаса болот:

“Ошентип, агитацияга даяр болуп калган жаш улан-кыздар шайлоо участокторуна согушка баргандай дайындалды. Аларды батышчылдар жана Мекенин саткан университет окутуучулары өз пайдасы үчүн жумшап атканын билишкен жок. Америка университети окутуучу жайдын ордуна провокация жана тополоң уюштурган адистерди даярдоочу очокко айланды”.

 

Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл.

Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 10-берене.

Жогоруда айтылган ченемдерден тышкары автор макалада кастык тилин пайдаланганын белгилейбиз.  Жаңылыкта америкалык университетти жек көрүүгө чакырган сүйлөмдөр кездешет: 

«АУЦА – провокаторлордун университети»

«Америка университети окутуучу жайдын ордуна провокация жана тополоң уюштурган адистерди даярдоочу очокко айланды»

Жыйынтык: Slon.kg сайтынын макаласында:

  1. Байкоочулардын саны жана алардын идеологиясына таасир этүү тууралуу фейк маалымат жарыяланган;
  2. Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 10, 17- беренелери бузулган;
  3. Массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамдын 20-беренесинин бузулушуна жол берилген; 
  4. Кастык тили колдонулган;
  5. “Оппонентти душманга айлантуу”, “көө жабуу”, “жек көрүү” жана “жартылай чындык” аттуу манипуляция жана пропаганда ыкмалары пайдаланылган.