Сыранын зыяндыгын «далидеген» сүрөттөрдү текшеребиз

Социалдык тармактарда сыра ичүүнүн терс таасирин “тастыктаган” сүрөттөр пайда болду.  Буга чейин да мындай маалымат тарап келген. Маселен, 2016-жылы  «некротикалык фасциит» оорусу «Живое» жана «Наше пиво» сыраларын ичкен соң калыптанганы айтылган. Автордун айтымында, сыранын курамына коркунучтуу илдетти пайда кылуучу пикрин кычкылдыгы кошулат.

Factcheck.kg жогорудагы маалыматтын чын-бышыгын текшерди.

  1. Негизги сөздөр аркылуу издөө. Алгач Google аркылуу «кант пиво заражение», «живое пиво (наше пиво) фасциит» деген негизги сөздөрдү терип, издөө салабыз. Аталган сыралар менен ооруну байланыштырган бир да маалымат табылган жок. 

Ал эле эмес, сыранын айынан некротикалык фасциит пайда болору тууралуу маалымат дүйнөлүк тажрыйбада да кездешпегенине ынанабыз.  

2. Сүрөттү текшеребиз 

Текшерүүгө кабылган маалыматта үч түрдүү сүрөт колдонулган. Андыктан адардын алгачкы булагын жана сүрөттө чагылдырылган илдеттин так аталышын издейбиз. 

Алгачкы булак тууралуу маалымат табылбаганы менен үч сүрөттүн тең төркүнү медициналык жана энциклопедиялык ресурстар экени белгилүү болду. 

 

Ар бир сүрөттө ар башка оорунун кесепети чагылдырылган:

  • колдун сүрөтүндө тери оорусунан жана механикалык жабыр тарткандан улам пайда болгон  флегмона оорусу;
  • андан кийинки, бут тартылган трофикалык жара
  • ал эми некротикалык фасциит эң акыркы гана,  2014-жылы АКШда тартылган сүрөттө чагылдырылган.

3. Пикрин кычкылдыгы жана некротикалык фасциит тууралуу маалымат издейбиз

Пикрин кычкылдыгы химияда натрий жана калийди аныктоо үчүн колдонулат, ал эми кычкылдыктын тузу жардыргыч зат катары пайдаланылат. Ал териге жукса, тери кызарат же сары өңдүү болот. Ал эми пикрин кычкылдыгын татыган адамдын башы айланат. Ал кузуп, ичи өтөт. 

Некротикалык фасциит инфекциясы дене "жеген" бактериялардын катарына кирет. Ал көбүн эсе тери кесилгенде же жабыркаганда пайда болот. Жыйынтыгында, тери астында инфекция калыптанат.    

Оорунун өзөгү болгон вибрион вульнификус бактериясы туздалган, Цельсий боюнча 13 градустан төмөн эмес сууда жашайт.  

Некротикалык фасциит оорусу дуйнөдө өтө сейрек кездешет. АКШда 2009 жылдан тарта 2017-жылга чейин болгону бир гана адам бул илдетке чалдыкканын эске алсак, 26 адам ооруду деген маалымат чоң резонанс жаратып, эпидемияга айланмак.  

Жыйынтык

Сыранын кесепетинен пайда болгон ооруу тууралуу маалымат – фейк. 

Пикрин кычкылдыгынын некротикалык фасциит менен байланышы жок. Маалыматты коштогон үч сүрөттүн экөөндө аталган илдеттин айынан эмес, башка дарттан улам пайда болгон көрүнүш камтылган. Ал эми  некротикалык фасциит оорусун чагылдырган сүрөт Кыргызстанда эмес,  АКШда тартылган.