Фоточек: Актриса Скарлетт Йоханссон — Лениндин жубайы Надежда Крупскаянын чөбөрөсүбү?

Facebook коомдук тармагында Скарлетт Йоханссон Владимир Ильич Лениндин зайыбы Надежда Константиновна Крупскаянын түз урпагы болот деген пост жарыяланды. Тагыраак айтканда, анын чөбөрөсү имиш. Буга далил катары Крупская менен Йоханссондун бири бирине окшоштугу келтирилет. Ошондой эле макалада Webinfo.kz казак булагына шилтеме кылынган. Маалымат биринчи кезекте тематикалык пост-советтик топтордо таркатылып, Советтер Союзунун мурдагы жарандарында чоң кызыгууну жаратууда.

Factcheck.kg редакциясы Владимир Ильич Ленин менен Надежда Константиновна Крупскаянын балдары болбогонун эске алып, бул туугандык тууралуу маалымат кайдан алынганын текшерди.

Чынында эле эки аялзатында бир топ окшоштуктар бар.

Казак булагындагы материалда экөөнүн ортосундагы туугандыкты британ окумуштуулары тактап чыгышкан деп айтылат.

“Н.К.Крупская менен Скарлетт Йоханссон тууган экендери тууралуу шектенүү ырасталды. Аны Кембридж институтунун окумуштуулары аныкташты. Дүйнөгө белгилүү Ротшильддердин гендик банкы берген биоматериалдар алардын лабораториясында изилденген болчу. Караса, Скарлетт Йоханссон өзү Надежда Крупская менен туугандык мамилени аныкташ үчүн ДНК тестти өткөрүүнү  суранган экен”.

Ага далил катары, булагы аталбастан, актрисанын төмөнкү сөздөрү келтирилет: “Бул өтө таңгалычтуу, мен мурда эле шектенип жүргөн болчумун. Жакында эле мен кинотасмада Крупскаяны аткарган элем… Мага анын көз караштары өтө жакын экенин сездим. Бул менин англиянын окумуштууларына кайрылуума себепкер болду. Бул жөн эле дал келбестик эмес, чындык экени аныкталды”.

Анын бул сөздөрүнүн аныктыгын текшерүү оорчулукту жаратпайт: актрисанын фильмографиясын көптөгөн булактардан тапса болот. Мисалы, кинематограф тууралуу IMDb (Internet Movie Database) эң ири маалыматтар базасында Скарлетт Крупскаянын ролун аткарбаганын аныктасак болот.

Андан аркы текшерүү Webinfo.kz казак булагы бул маалыматты кайдан алганын көрсөттү. Ал Factcheck.kg сайтынын окурмандарына жакшы белгилүү болгон “Панорама” сатиралык басылмасы болуп чыкты. Бул сайтта 2018-жылы эле “Британ окумуштуулары Надежда Крупская менен Скарлетт Йоханссон тууган экендерин тастыкташты” деген макала жарыяланган.

“Панорама” сайты сатиралык булак болуп эсептелет. Анда “бул сайттагы бардык тексттер чындыкка гротесктик пародия болуп эсептелет жана алар чыныгы жаңылыктар эмес” деген расмий эскертүү да берилет.

Тыянак: калп. Крупская менен Йохансондун туугандыгы тууралуу маалыматты “Панорама” сатиралык басылманын журналисттери ойлоп чыгарышкан.