Согушка электрондук чакыруу. Ал орусиянын жарандыгы бар бардык кыргызстандыктарга келиши мүмкүн

Орусияда «Аскердик милдет жана аскердик кызмат жөнүндө» мыйзамды дароо экинчи жана үчүнчу окутууда кабыл алышты. Бул мыйзамда караштырылган олуттуу жаңылыктардын бири – мындан ары аскердик комиссариаттарга аскердик кызматка чакырууларды эми жеке адамдын өзүнө тапшыруунун зарылчылыгы жок.
Мыйзам долбоор расмий түрдө күчүнө кирди – ага Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин кол койду.
Орусияда жарандыгын өзгөрткөн же экинчи паспорт алган жүз миңдеген кыргызстандыктар бар. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаевдин маалыматында, Кыргыз Республикасы көз карандысыздык алгандан бери 650 миң кыргызстандык орусиянын жарандыгын алган. Ушуга байланыштуу Factcheck.kg редакциясы орусиялык мыйзамга киргизилген кошумчалар боюнча кыскача маалымат даярдады.
Кимге колдонулушу мүмкүн?
Кабыл алынган мыйзам аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн бардык адамдарга колдонулат. Ал мөөнөттүү аскердик кызматты өтөөгө чакырыла тургандарга да, мобилизация боюнча чакырыла тургандарга да – башкача айтканда аскер курагындагы бардык эркектерге тийиштүү.
Эми согушка кантип чакыра башташат?
Чакыруу кагаздары эми электрондук түрдө тапшырыла баштайт – “Мамкызмат” кызматындагы жеке кабинат аркылуу. Адам бул кызматта катталбаган күндө да, “чакыруу кагаздарынын реестринде” пайда болгон документ тапшырылган болуп эсептелет.
Почтальондон жашырына албайсың
Чакыруу катка кол коюлганына же коюлбаганына карабастан, почта кызматкери жеткирилди деп белгилегенден тартып 7 күн өткөндөн кийин ал тапшырылды деп эсептелет.
Эгер чакыруу катын этибар кылбай койсо эмне болот?
Мыйзамда армияга чакырылуудан качкандар үчүн бир нече олуттуу чектөөлөр каралган:
- Чакыруу каты тапшырылды деп белгиленгенден тартып, чакырылган адамга чет мамлекетке чыгып кетүүгө тыюу салынат. Чакыруу катынын себебине карабай, мисалы, документтерди такташ үчүн же башка себептер боюнча, аскерге милдеттүү аскердик комиссариатка келмейинче бул тыюу алынбайт.
- Эгер чакыруу каты тапшырылды дегенине 20 күн болуп, аскерге милдеттүү дагы эле аскердик комиссариатка келе элек болсо, мыйзамдын алкагында дагы кошумча чектөөлөр киргизилет: авто унаа айдаганга, насыя алганга, мүлк сатып алууга/сатууга ж.б.д.у.с. тыюу салынат (авто унааны сатып алууга/сатууга да мүмкүн бобой калат, бирок жакын адамдарга ишеним кат берүү менен бул чектөөнү айланып өтсө болот – алар авто унааны сатып алалышат же сата алышат) .
- Ошондой эле 500-3000 рубль өлчөмүндөгү административдик айып пул каралган.
- Бирок аскерге милдеттүү жүйөлүү себепсиз чакыруу каттарын такай этибарга албай келсе кылмыш иши козголуп ал эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Орусиянын жарандыгынан баш тартса болобу?
Былтыр юрист Фатима Якупбаева өзүнүн Telegram-каналында орусиянын жарандыгынан баш тартуу процесси тууралуу жазган болчу. Анын айтымында, бул көпкө созулчу процесс.
“Орусиянын мыйзамы боюнча, эгер Орусиянын алдында аткарылбаган милдет бар болсо (мисалы, төлөнө элек салыктар, насыялар жана алименттер), же адам кылмыш ишинде шектелип жатса жарандыктан чыгуу мүмкүн эмес”, – дейт ал.
Орусиянын жарандыгынан чыгыш үчүн төмөнкү аракеттерди кылуу керек:
- Тийиштүү кагаздардын топтомун чогултуу (алар Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин сайтында келтирилген: https://kyrgyz.mid.ru/vyhod-iz-grazdanstva-rossijskoj-federacii);
- Арызды жана чогултулган документтерди консулчулукка же ИИМдин аймактык бөлүмүнө тапшыруу;
- Арыздын жана керектүү кагаздар топтомунун ыйгарым укуктуу органдын кароосуна кабыл алынгандыгын тастыктаган документти алуу;
- Жарандыктан чыкканыдыгы тууралуу билдирмени бир жылдан кийин, же жарым жылдан кийин алуу (бул процедуранын түрүнө жараша болот: жалпы же жеңилдетилген).
Арызды президенттин алдындагы комиссиянын мүчөлөрү караштырышат, андан кийин Орусиянын президенти тийиштүү жарлыгын чыгарат.
Орусияда “жарым-жартылай” мобилизация аяктады, бирок расмий түрдө эмес
Президент “жарым-жартылай” мобилизациянын аякташы тууралуу жарлыкка кол коймоюнча Коргоо министрлиги каалаган убакта аймактарга жаңы пландарды түшүрүшү мүмкүн, б.а. аскерге чакыруу кайра улантылат. “Агора” укук коргоочу топтун жетекчиси Павел Чиков “Медузага” тастыктагандай, Коргоо министрлигинин “мобилизациялык иш-аракеттердин” аяктагандыгы тууралуу билдирүүлөрү юридикалык күчкө ээ эмес.
Аскерге чакыруудан баш тарткандар үчүн жоопкерчиликтерди караштырган жаңы мыйзамдын кабыл алынышы жаңы мобилизация пландаштырылып жатканын кыйыр түрдө айгинелеши мүмкүн.