Кытай элчисинин постсоветтик өлкөлөрдүн псевдокөз карандысыздыгы тууралуу билдирүүсүнө фактчек: кайсы документтер анын туура эмес экендигин далилдейт

Кытайдын Франциядагы элчиси Лу Шайе LCI француз телекомпаниясына берген интервьюсунда мурдагы Советтер Союзунун республикалары эл аралык укук талаасында “эффективдүү статуска” ээ эместигин айтып, алардын эгемендигине шек келтирген. Ал ошондой эле Крымды Никита Хрущев Украинага белек кылган деп билдирген.

“Мурдагы Советтер Союзунун курамындагы республикалар эл аралык укук боюнча эч бир статуска ээ эмес, анткени алардын эгемендүү статусун ишке ашырган эл аралык келишим жок”, – деген Лу Шайе.

Бирок СССРдин курамына кирген бардык республикалар дүйнө мамлекеттери менен, анын ичинде Кытай менен да, эгемен өлкөлөр катары таанылган. 1991-жылдын декабрында үч республиканын жетекчилери (1922-жылдагы Союздук Келишимге кол коюп, ССРлердин Союзун негиздеген мамлекеттер катары Беларусь Республикасы, Орусия Федерациясы (РСФСР), Украина) Беловеж келишимине кол коюшкан. Бул келишим Советтер Союзунун “эл аралык укуктун субъектиси жана геосаясий оюнчу” катары жоюлушун расмий бекитип, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигин (КМШ) түзгөн.

Советтер Союзунун мурдагы республикалары көз карандысыздыктарын жарыялап, аны СССР ураганга чейин эле “Көз карандысыздыгы жөнүндө декларациялар” менен бекемдеп, расмий түрдө СССР жоюлганда бардыгы юридикалык жактан көз карандысыз болуп чыга келишти.

1991-жылы Балтика өлкөлөрү БУУ тарабынан көз карандысыз мамлекеттер катары таанылган, 1992-жылы – СССРдин калган мурдагы республикалары. Көз карандысыз мамлекет катары таанылуу көп артыкчылыктарды берет – мамлекет эл аралык укук менен корголуп, Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун каражаттарына жете алат, чек аралары көзөмөлдөнүп, экономикалык уюмдарга жана механизмдерге кайрылууга кенен жол ачылат.

Балтия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Кытай элчисинин сөзүн катуу сынга алышып, сөздөрүн “кабыл алынгыс” деп аташкан. Кийинчирээк элчинин интервьюсунан үзүндүлөр Кытайдын Франциядагы расмий сайтынан алынып салынган.

Кытайдын ТИМи европалык кесиптештеринин сынына жооп берди: КЭРдин ТИМинин расмий өкүлү Мао Нин Пекин СССРдин курамына мурда кирген бардык өлкөлөрдүн эгемендигин урматтай тургандыгын билдирди.

Кытайдын элчиси эгемендүүлүгүнө шек келтирген башка өлкөлөр азырынча анын сөзү боюнча пикирлерин билдирише элек, кеминде эл аралык коомчулуктун алдында.

Крымды өткөрүп берүү тарыхы

1954-жылдын башында СССРде “РСФСРдин курамындагы Крым облусун УССРдин курамына өткөрүп берүү жөнүндө” жарлык чыккан болчу. Документке ылайык, Крым облусунун Украин ССРине жакындыгы, экономиканын жалпылыгы, Крым облусу менен Украин ССРинин ортосундагы чарбалык жана маданий тыгыз байланыштар эске алынган.

1954-жылдын 26-апрелинде СССРдин Жогорку Кеңеши аймактарына байланыштуу РСФСРдин жана УССРдин Конституцияларындагы өзгөрүүлөрдү бекиткен. Крым мыйзам чегинде Украинанын бөлүгү болуп калган.

Советтер Союзу таркагандан кийин Украина менен Орусия 1991-жылга карата мамлекеттердин аймактарын тааныган бир канча келишимдерге кол коюшкан.

2014-жылдын 17-мартында Крымга орус аскерлери киргизилип, негизги аскердик жана өкмөттүк объекттерге көзөмөл орнотулганда, орусиялык президент Владимир Путин Крым Республикасын көз карандысыз мамлекет катары таануу жөнүндө жарлыкка, ал эми бир күндөн кийин Крымды Орусия Федерациясынын курамына киргизүү жөнүндө келишимге кол койгон.

Крым Орусиянын бөлүгү экенин расмий түрдө алты гана өлкө тааныйт: Венесуэла, Никарагуа, Сирия, Афганистан, Түндүк Корея жана Куба.

Тыянак: калп. 1992-жылы СССРдин курамындагы мурдагы республикалардын бардыгын БУУ көз карандысыз мамлекеттер катары тааныганга жетишкен. Алардын бардыгы көз карандысыз мамлекет катары ар түрдүү экономикалык, саясий союздардын, бирикмелердин жана келишимдердин катышуучусу болуп келишет.