Энтерофурил дарысынан мык чыктыбы?

WhatsApp мессенджеринде жана социалдык тармактарда дарынын капсуласынан чыккан мык тууралуу видео пайда болду. Тасманын автору көрүүчүлөрдү сак болууга чакырган. 

Factcheck.kg бул тасманы текшерип көрдү.

Энтерофурил аттуу дары-дармек чынында бар жана аны “Босналек” компаниясы чыгарат. Ал микробго каршы препарат болуп саналат. Курч ичеги-карын инфекцияларынын көпчүлүк козгогучтарына каршы бактерициддик жана бактериостатикалык натыйжа берет.  

Тасма нукура. Анда видеомонтаж колдонулган эмес. Энтерофурилге болгон терс пикир же анда табылган мык тууралуу буга чейин ачык булактарда маалымат табылган жок

70-жылдык тарыхы бар компания

«Босналек» аттуу фармацевтикалык  компания 1951-жылы  Босния жана Герцеговинанын борбору Сараеводо негизделген. Ал Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европанын, КМШ жана Түштүк-Батыш Азиянын 14 өлкөсүнө жайылган. “Босналектин” өндүрүү саясаты интеграцияланган менеджмент тутумуна негизделип, GMP жана GLP сапат менеджментинин эл аралык стандарттарына, Европалык Фармакопеянын жана FDAнын талаптарына баш иет.

Компаниянын тарыхын, географиясын, эл аралык стандарттарды кармануусун жана дары-дармектерди өндүрүү, сактоо системалары толук автоматташтырылганын эске алганда, дарыда мык чыгып калышы акылга сыйбаган көрүнүш.

А балким автор таңгакты ачып, ичиндеги капсуланы алмаштырып жүрбөсүн? Толук мүмкүн. Ал дарынын таңгагындагы фольганы ачып, капсуланы алмаштырып, таңгакты кайрадан чаптап коюшу ыктымал. Интернет желесинде мындай кадамга баргандардын маалыматы байма-бай айтылат. Анда фольганы өзүндөй кылып кайрадан чаптап коюшканын көрсө болот.

 

Фольганы канчалык кылдаттык менен алса да, андагы бырыштар калып калганын көрсө болот. 

Автор капсуланы канитп алмаштырды?

Тасмада автор дары-дармектердин бир гана тарабын көрсөтөт. Эгерде анын айтканы чын болсо, ал эки тарабын тең көрсөтмөк. Демек, экинчи тарабын ачып, капсуланы алмаштырган. Бул тасмада көрсөтүлгөн эмес.

Эмне үчүн автор энтерофурил капсулаларын тандаган?

Ар бир пластинада сегиз дармек бар, ал эми пластинадан экөө. Кутучада болгону бир пластина бар экенин тасмадан көрсө болот. Демек, буга чейинки сегиз дармек автор же анын жакындары тарабынан пайдаланылган. Эгер мыктар буга чейин табылса, автор бул туурасында эртерээк эле айтып чыкмак. Кутучанын бырышып калганы да, дары-дармек буга чейин бир нече ирет ачылганын жана колдонулуп келгенинен кабар берет. Дарыны сактоо мөөнөтү бүтүп калган соң, автор аны эксперименттен өткөрүп атышы да мүмкүн.  

Жыйынтык: жалган. Видеонун автору капсуланы алмаштырып вирустук тасма тарткан. Дары-дармекте чын эле мыктардын табылганынын бир дагы далили табылган жок.