Японияда окуучулар менен студенттерге чач боегонго тыюу салынабы?

Японияда окуучулар менен студенттерге чач боего тыюу салынары тууралуу маалымат социалдык тармактарда пайда болду. Маалыматка ылайык, эгерде табигый чачтын түсү кара эмес болсо, анын далили талап кылынат.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү. 

Издөөнүн жыйынтыгы менен аталган маселе чын эле бар экенин жана ал тууралуу орус тилдүү жана чет элдик басылмалар буга чейин жазып келишкени белгилүү болду.

Катуу талап 70-80-жылдары пайда болуп, 90-жылдары кыйла басаңдаган. Бирок, соңку жылдары кайрадан жанданган. Бул талап “кара мектеп эрежеси” аталып,  кызматкерлерин экпслуатациялаган компаниялардын эрежесинин аналогу катары сыпатталат.

Издөө системаларынын жыйынтыгы япон окуучуларынын кара чачтары тууралуу маалыматты тастыктайт. 

2012-жылы Japanese-talk сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, япондор жашоосунун көпчүлүк бөлүгүндө дресс-кодду кармануусу керектиги айтылат.   

90-жылдары Япония жаштары чачтарын күрөң түскө боеп баштаган. Ал эми окуу жайлар мындай студенттерди окуу жайдан чыгарып баштаган.   

Мындан тышкары, Mainichi япон басылмасынын маалыматына ылайык, табигый ачык түстөгү чачка ээ болгон окуучулар чачтарын кара түскө боего милдеттендирилет. 

2017-жылы орто мектептин окуучусу Кайфукан күрөң түстөгү чачтарын ар дайым кара түскө боегонго милдеттендирилген үчүн сотко кайрылган. Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жараткан. Дайыма чачын боеп жүргөн кыз моралдык жана физикалык жактан жабыркаганын айткан.  Арадан 4 жыл өткөн соң, 2021-жылдын 16-февралында гана Осаки аймактык соту жергиликтүү өкмөттү  кыздын жабыркашына жооптуу деп таанып, аны 330 000 ($2 840) йен төлөп берүүгө милдеттендирген. Бирок сот мектеп эрежесин мыйзамга дал келбейт деп тааныган эмес. Ал мектеп администрациясынын кызга моралдык кысым көрсөткөнүн гана сынга алган. Арызга ылайык, мектептеги эрежелер окуучуларга “чачты химиялык тармалдатуу, бое, өңүн өчүрүү жана өрүүгө” тыюу салат.

Япония мектептеринде болгон катуу талап балдардын мектепке баруудан баш тартуусунун эң негизги себеби болуп саналат. Бул көрүнүш “футоко” деп аталат.  Акыркы 15 жыл ичинде мектепке баруудан баш тарткан балдардын саны үч эсе өскөн. Алардын катарындагы 12 жаштагы Томое аттуу окуучу кыз мектеп эрежелери тууралуу мындай деген: “Колготки түссүз болушу керек, чач боелбошу керек, бир гана түстөгү чач боону колдонсо болот, аны билекке тагууга да тыюу салынат”.

2019-жылы петицияга кол коюлган соң, табигый чачынын түсү карадан айырмаланган окуучуларды чач боего мажбурлоо жокко чыгарылган. Бирок бул жеңилдетүү бир гана Токио студенттери үчүн. Окуу жайларында табигый чачы кара эмес болгон окуучулардын тизмегин камтыган атайын журналдар пайда болгон.

Жыйынтык: жартылай чындык. Япониянын мектептеринин көбүндө окуучулардын чач боесуна тыюу салынган. Ал эми чачтын табигый өңү карадан айырмаланган учурда аны кара түскө бое талап кылынат.