“Спутник V” вакцинасы Россияда “халал” деп таанылдыбы?

“Спутник V” вакцинасында мусулмандарга тыюу салынган заттар жок экендиги жана вакцина “халал” деп таанылганы тууралуу маалымат социалдык тармактарда жана мессенджерлерде пайда болду

 

 Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү. 

Январь айынын аягында Россия мусулмандарынын дин башкармалыгынын  теологдор Кеңеши Гамалея борборунун директору Александр Гинцбургдан Sputnik V вакцинасы тууралуу теологиялык чечим кабыл алуу үчүн анын курамы жөнүндө маалымат сурады. Кеңештин айтымында, мусулмандардан вакцинага байланыштуу көптөгөн кайрылуулар келип түшкөндүктөн, мусулман аалымдары эмдөөнүн динде уруксат берилгендиги жөнүндө теологиялык чечим чыгарууну көздөгөн.

Татарстан Дин башкармалыгынын алдындагы “Халал” стандарттык комитетинин төрагасы Ирек Зиганшин суроо-талабын вакциналардын адамдарга, анын ичинде исламды тутунгандарга пайдалуу экенине ынануу үчүн керектигин айткан. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыкты.

Бир нече күндөн кийн Россиянын мусулмандарынын дин башкармалыгы “Спутник V” вакцинасын иштеп чыккандардан анын курамы тууралуу маалыматты алганын башкармалыктын төрагасынын орун басары муфтий Ильдар Аляутдинов билдирген.

Анын айтымында вакцинанын курамында мусулмандар үчүн тыюу салынган эч кандай заттар жок:

“Эмдөөнү иштеп чыккандардан жооп келди. Вакцинанын составында чочконун желатини жок. Адамдын клеткалары, компоненттери да жок. Бир караганда анда мусулманчылыкта тыюу салынган заттар жок деп айта алабыз, “— деп билдирген Аляутдинов.

Бирок коронавируска каршы эмдөө боюнча теологиялык корутунду (фатва) март айынын ортосуна чейин чыкпашы мүмкүн. Илдар Аляутдинов 11-февралда Москва соборунун мечитинде өткөн тегерек столдо мындай деген: “Уламалар Кеңешинин кезектеги жыйыны 16-17-мартта Мордовияда болот. Ал жерден бир катар фатваларды кабыл алабыз “.  Муфтий Россиялык вакцинанын курамын жана мүмкүн болгон бардык альтернативаларын кылдаттык менен изилдеп чыккандан кийин гана уруксат берилиши жөнүндө биротоло айтууга болорун тактады“.

Эске салсак, Гамалея атындагы борбордун маалыматына ылайык, аталган препарат дүйнөдөгү 10 мусулман өлкөлөрүндө каттоодон өткөн, анын ичинде Иран, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана Пакистан өлкөлөрү бар. Ал эми Сауд Арабиясы вакцинаны өз алдынча чыгарууну көздөөдө.  

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкөгө алынып келинчү вакциналар боюнча үн ката элек. Алардын пикирине россиялык дин башкармалыгынын бүтүмү таасир этери-этпеси белгисиз.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү COVID-19га каршы эмдөө жараяны үч этапта өтөт. Учурда Саламаттык сактоо министрлиги бул тууралуу эсептөөлөрдү жүргүзүп, Финансы министрлигине өткөргөн.

Жыйынтык: жалган.  “Спутник V” вакцинасынын жаратуучулары анын курамында мусулмандарга тыюу салынган заттар жок деп билдиргенине карабай, учурда Россия мусулмандарынын дин башкармалыгы препараттын “халал” экендиги тууралуу теологиялык корутунду чыгара элек.