Чет элдик ММКлар Жапаровду жылдын президенти атаганы тууралуу маалымат – манипуляция

Factcheck.kg маалыматты кайрадан текшерип чыгып, макалада мүчүлүштүк кеткенин аныктады. “Московский Комсомолец” гезитинин “Зеленский совершил падение года” аттуу материалында саясат талдоочу Игорь Шестаковдун сөзүнө шилтеме берүү менен Садыр Жапаров жылдын президенти аталган. Редакция бул маалыматты эске алып, так эместик үчүн окурмандардан кечирим сурайт жана макаланын жыйынтыгынын өзгөрүлгөнү тууралуу маалымдайт.  

Эске салсак, Instagram социалдык тармагында чет элдик ММКлар Садыр Жапаровду 2021-жылдын президенти атаганы тууралуу маалымат пайда болгон.  

 

Бизге окурманыбыз бул жаңылыкты текшерип берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Маалымат Za.sadyr.zhaparov аттуу өлкө башчысын колдоо баракчасында 4-январда пайда болгону менен, алгачкы булак, шилтеме көрсөтүлгөн эмес. Макалада “Вечерний Бишкек” гезитинин сурамжылоосуна ылайык, Садыр Жапаров саясатчылардын алды болгону айтылат. Мындан тышкары, орусиялык “Московский комсомолец” басылмасы 2021-жылды жыйынтыктап, Садыр Жапаровду “жылдын мыкты президенти” атаганы маалымдалат.

12-декабрда “Вечерний Бишкек” гезитинин сайтынын кыргыз тилдүү баракчасында окурмандарга “жылдын мыкты саясатчысы ким?” деген суроо узатылып, сурамжылоо жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында Садыр Жапаров 45% добуш алганын көрсө болот. Бирок, мындан улам чет элдик ЖМКлар Жапаровду жылдын президенти деп тааныганын айтуу төмөнкү себептерден улам манипуляция болуп саналат:

1. суроо президенттер тууралуу эмес, кыргызстандык саясатчылар тууралуу болгон;
2. Instagram социалдык тармагында жарыяланган макалада кыргызстандык саясатчылар эмес, жылдын президенти тууралуу айтылат.

Ушул эле сайтта 31-декабрда “Саясий ийгиликтин жаңы жылдык парады: Садыр Жапаров” аттуу макала жарык көрүп, анда президенттин ийгиликтери тууралуу айтылат, бирок макалада өлкө башчысынын жылдын мыкты саясатчысы болгону тууралуу бир дагы сөз жок. Саясатчылардын ийгиликтери тууралуу макалалардын түрмөгүнөн Акылбек Жапаров жөнүндө дагы дал ушундай эле макаланы көрө алабыз.

Ал эми англис тилиндеги ЖМКларда Жапаровдун жылдын президенти болгону тууралуу маалымат табылган жок.

Жыйынтык: манипуляция. Садыр Жапаров бир гана “Московский комсомолец” гезитинде саясат талдоочу Игорь Шестаковго шилтеме берүү менен жылдын президенти аталган.