Кыргызстандык кыз космоско учту деген маалыматты текшеребиз

Социалдык тармактарда Space X компаниясы кыргызстандык кызды космоско учурганы тууралуу маалымат пайда болду. Анда Kyz Jibek аттуу колдонуучу NASA базасында даярдык өтүп, кыргызстандык алгачкы астронавт болууга макулдугун бергени айтылат жана анын Кыргызстандын желегин кармап, скафандр кийип түшкөн сүрөтүн көрсө болот. 

 

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Издөө системасында космоско учкан алгачкы кыргызстандык кыз тууралуу маалымат табылган жок.

Ал эми Илон Масктын компаниясы 2022-жылдын январында эки учурууну пландаганы жана экөөндө тең спутниктерди жерге жакын орбитага жеткирүү пландаштырылганы белгилүү болду.

Адамдарды алгачкы учуруу 21-февралда болору айтылат. Бул толугу менен жеке экипаждын биринчи учуусу болот. Командага NASAнын мурдагы астронавты Майкл Лопес-Алегрия, америкалык ишкер Ларри Коннор, канадалык ишкер Марк Пати жана израилдик ишкер Эйтан Стиббе кирет.

Ал эми социалдык тармакта тараган сүрөт – фотомонтаж. Россиялык космонавт Елена Серованын сүрөтү алынып, жасалмаланган.

Мындан тышкары, Kyz Jibek аттуу колдонуучунун Facebook социалдык тармагындагы баракчасында космоско учуу тууралуу бир дагы маалымат жок.

Жыйынтык: жалган. Кыргызстандык кыздын космоско учканы тууралуу маалымат тамаша иретинде ойлоп табылган.