Басма сөз эркиндигинин индекси-2024: Кыргызстан, кошуналары жана союздаштары канчанчы орунда

Кыргызстан кезектеги басма сөз эркиндигинин рейтингинде 120-орундан жогору көтөрүлө албады. 180 өлкөнү камтыган Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин индексин (Worldwide Press Freedom Index) жыл сайын Чек арасыз репортерлор уюму (Reporters Without Borders) түзүп, сунуштап турат. 

Эскерте кетсек, мурдагы жылдары басма сөз эркиндигинин көрсөткүчүндө бир катар алдыга жылуудан кийин Кыргызстан 2023-жылы 72-орундан 122-орунга чейин дароо 50 баскычка кулаган. Быйыл республикабыз көрсөткүчүн эки баскычка жакшыртып, 120-орунду ээледи. 

Кыргызстандын индекстеги көрсөткүчтөрү акыркы жылдары төмөнкүдөй болгон:

Жылдар боюнча ээлеген орундары: 2014 – 97-орун, 2015 – 88-орун, 2016 – 85-орун, 2017 – 89-орун, 2018 – 98-орун, 2019 – 83-орун, 2020 – 82-орун, 2021 – 79-орун, 2022 – 72-орун, 2023 – 122-орун, 2024 – 120-орун.

Кошуналарыбызда абал кандай

Ошондой болсо да Кыргызстандын көрсөткүчтөрү кошуналарына салыштырмалуу жакшыраак. Бизден кийин Казакстан – 142-орун (бир жыл мурун 134-орунда болчу), Өзбекстан – 148-орун (бир жыл мурун 137-орун), Тажикстан – 155-орун (бир жыл мурун 153-орун) жана Кытай – 172-орун (бир жыл мурун 179-орун). Бул жерде Кытай камакта отурган журналисттеринин саны боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда экенин айта кетишибиз керек.

Кыргызстан мүчө болгон Евразиялык экономикалык биримдикти ала турган болсок, бул  жерде баарынан жакшы абал Арменияда байкалган – 43-орун (бир жыл мурун 49-орун). Орусия тизмектин дээрлик аягында, бул өлкөдөгү абал Тажикстандан да начар – 162-орун (бир жыл мурун 164-орун). ЕАЭБ өлкөлөр арасындагы рейтингдин аягында Беларусь жайгашат – 167-орун (бир жыл мурун 157-орун).

«Орусиялык репрессиялык ыкмаларды туурап Чыгыш Европада жана Борбордук Азияда ЖМКларды цензуралоо күчөдү, өзгөчө Беларуста (167-орун), Грузияда (103-орун), Кыргызстанда (120-орун) жана Азербайжанда (164-орун, 2023-жылга салыштырмалуу 13 пунктка төмөндөгөн)», – деп  айтылат уюмдун отчетунда.

Лидерлер жана антилидерлер

Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин башында Норвегия, Дания жана Швеция жайгашат.

Жалпысынан журналисттер үчүн кооптуураак жана анчалык кооптуу эмес деп бөлүштүрүлгөн өлкөлөрдүн тизмеги 2024-жылы төмөнкүдөй:

(табл)

Индекстин аягында Афганистан, Сирия жана Эритрея. Афганистан азыр 177-орунда, бир жыл мурун ал 44 тепкичке жогору турчу. Сирия (179-орун) жана Эритрея (180-орун) журналисттер эң көп камакка алынган, жоголгон жана барымтага алынган өлкөлөр болуп эсептелет. Бир жыл мурун алар 175- жана 174-орунда болушчу.  

Билдирме

2002-жылдан бери «Чек арасыз репортерлор» тарабынан демилгеленип ар жыл сайын жарыяланып келген Басма сөз эркиндигинин индекси – өлкөлөрдүн ортосундагы атаандаштыкка негизделген журналисттерди коргоонун негизги куралы болуп эсептелет. Индекс 180 өлкөдө плюрализмге, медианын көз карандысыздыгына, мыйзамдарга жана журналисттердин корголушуна баа берүүнүн негизинде медиа эркиндигинин абалын чагылдырат.

Эркиндиктин деңгээли эксперттердин – журналистика тармагындагы адистердин, юристтердин жана социологдордун анкетага берген жоопторун талдоо аркылуу аныкталат. Белгилүү убакыт аралыгында байкалган журналисттерге каршы аракеттердин да саны эске алынат. Анкетадагы суроолор плюрализм, медианын көз карандысыздыгы, курчап турган чөйрө, өзүн өзү чектөө, мыйзамдар, медиа-өнүмгө тиешеси бар инфратүзүмдөрдүн ачыктыгы жана сапаты сыяктуу темаларды камтыйт.

Ар башка өлкөлөрдөгү бюролордо иштеген көп сандагы адистердин командасы журналисттерге жана медиага каршы бардык чабуулдарды каттап турат. Алардын 130 өлкөдө өз кабарчылары бар. Репрессиялардын тизмеси маалымат кызматкерлерине карата ырайымсыздыктын деңгээлин аныктаган Репрессиянын Көрсөткүчүн түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул сандык көрсөткүч сурамжылоонун катышуучулары тарабынан сүрөттөлгөн өлкөдөгү кырдаалдын сапаттык талдоосунун орточо салмактанып алынганын баалоого жардам берет.