“Мекеним Кыргызстан” менен “Биримдиктин” кандидаттары акыры депутат болду

Буга чейин “Ата Мекен” партиясынан эки депутат мандатынан баш тартканына байланыштуу БШК Бурун Аманова менен  Шайлообек Атазовго мандат тапшырды. Алар 2015-жылкы парламенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясынын курамында аттанган эле. 

Ал эми 2020-жылкы парламенттик шайлоодо жаңы эл өкүлдөрү “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партияларынын тизмегинде болгон. 2015-жылы Атазов менен Аманованын парламентке өтүү аракети оңунан чыккан эмес.

Алгачкы аракет

2015- жылы “Ата Мекен” партиясы Жогорку Кеңешке эң аз добуш менен өтүп, болгону 11 мандатка ээ болгон. 

Бурун Аманова  менен Шайлообек Атазов тизмекте 24 жана 25-орунда болуп, мандатка ээ боло албай калган.

Экинчи аракет

2020-жылы кайрадан парламенттик шайлоого аттанган “Аманова-Атазов” эки башка “ийгиликтүү” делген партиянын курамына кирет. Октябрь айында өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылбаса, Бурун Аманова депутаттык креслого ээ болмок. Ал “Биримдиктин” тизмегинде 20-орунда эле. Ал эми Атазов “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмегинде 42-орунда болгон. Эске салсак, партия 45 мандат алмак. 

Үчүнчү аракет

5 жыл 5 айдан соң “Аманова-Атазов” депутаттык креслого ээ болду. Алар 2015-жылкы шайлоого аттанган “Ата Мекен” партиясынын тизмеги менен, Искендер Гайпкулов  менен Гульнара-Клара Саматтын ордун ээледи.  Искендер Гайпкулов менен Гульнара-Клара Самат “Ата Мекендин” тизмегинде 15 жана 16-орунда эле. Алар менен “Атазов-Амановын” ортосунда дагы жети кандидат бар эле:

  • 17. Балтабаев Ташполот – 2019-жылдын декабрь айында Өмүрбек Текебаев менен болгон келишпестиктен улам партиянын катарынан кеткен
  • 18. Узакбаев Талант Макишович – 2019-жылдын декабрь айында партиядан кеткен
  • 19. Мирзаматов Рысбек Мамырович – 2019-жылдын декабрь айында партиядан кеткен
  • 20. Бакирова Нургуль Жакыповна – учурда Жогорку соттун судьясы
  • 21. Болот Шер – 2019-жылдын декабрь айында партиядан кеткен
  • 22. Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович – учурда “Ата Мекен” партиясынан депутат
  • 23. Нуркулов Уланбек Калдарович –  2016-жылдын октябрь айында партиядан кеткен 

Жыйынтык:  Бурун Аманова жана Шайлообек Атазов 2015-жылы “Ата Мекен” партиясынан кетпегендей эле мандат алды.

Жаңы эл өкүлдөрү тууралуу кыскача:

Бурун Аманова буга чейин мамлекеттик кызматта эмгектенген эмес. Ал — ишкер айым.

Шайлообек Атазов “ЕРЕМ” спорт клубунун аткаруучу мүдүрү болгон. Эске салсак, “ЕРЕМ” спорт клубу бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун иниси Русланбек Матраимовго таандык.