Кантип “Бийликти күч менен басып алууга” айыптоо оппозициячыларга жана активисттерге кысым көрсөтүүнүн куралына айланды?

Акыркы үч жылда бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөндүгү же чакыргандыгы үчүн шектелген саясатчыларды жана активисттерди камакка алуу тууралуу жаңылыктар көбүрөөк боло баштады. Ондогон мурда же азыр саясатта жүргөндөр УКМКнын сурактарынан өтүштү.
Камалгандардын арасында экс-президент да, учурдагы бийликти ачык сындаган оппозициячылдар да бар. Бийликти басып алууга байланыштуу эң белгилүү иштерге назарыңыздарды бурабыз.
Адахан Мадумаров
-
Адахан Мадумаров
31-майда Башкы прокурор депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурап Жогорку Кеңешке кайрылганы белгилүү болду. Ушул эле күнү башкы прокурардун сунушун кароо боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Ага 8 киши кирген: парламенттеги алты партиядан жана “Мекенчил”, “Элдик” депутаттык топтордон бирден өкүл.
Бир айдан кийин, 22-июнда, Жогорку Кеңеш Башкы прокурордун суранычын жарым-жартылай канааттандырып, Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Депутат Гуля Кожокулова билдиргендей, Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы жөнүндөгү протоколго кол койгондугу үчүн (“Бийликтен аша чабуу” беренеси) жана Кемпир-Абад ишине байланыштуу (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү” жана “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелери) жоопкерчиликке тартууну көздөгөн. Комиссия жыйынтыгында Кемпир-Абад боюнча айыптоого каршы болуп, бир гана “Бийликтен аша чабуу” беренеси боюнча жоопкерчиликке тартууга макулдук берди. Мадумаровдун кыргыз-тажик чек арасы жөнүндөгү протоколго кол койгондугу боюнча иш тууралуу маалымат менен кененирээк бул жерден тааныша аласыздар.
Эскерте кетсек, Адахан Мадумаров өткөн жылы октябрда түзүлгөн Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү болгон.
Кемпир-Абад иши
-
Кемпир-Абад ишинин фигуранттары
Бүгүнкү күнү күч колдонуп бийликти басып алуу боюнча эң резонанстуу иш болуп Кемпир-Абад иши эсептелет. 2022-жылы 15-октябрда Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет түзүлүп, ага бир катар саясатчылар жана коомдук ишмерлер мүчө болуп кирген. Алар Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы чыгышкан.
23-октябрда комитеттин 22 мүчөсүнүн үйлөрүндө тинтүүлөр болуп, кийин алар массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүүдө шектелип, камакка алынышкан. Кийин белгилүү болгондой, камакка алынгандардын саны 25ке жеткен, дагы экөө үй камагына алынган. Жыл башында бул иш толугу менен жашыруун кылынган, бирок Бишкек шаардык соту иштин жашыруундулугун жарым-жартылай алып салган.
Апрелде сот жети адамды үй камагына чыгарган, ал эми июнда дагы экөөнү. Июндагы сотко чейинки угууларда белгилүү болгондой, Кемпир-Абад ишине байланыштуу соттук отурумдар жабык түрдө өтмөкчү.
Курсан Асановдун иши
-
Курсан Асанов
2021-жылдын 14-сентябрында ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кайра камакка алышкан (ага чейин ал 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча иштин фигуранты болгон). Бул жолу ал бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүдө шектелди. Анын алдында интернетте Асановдун “Толубай” АКБ ЖАКтын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев менен сүйлөшүүсү имиш деген аудио жаздыруу таркатылган болчу. Аудиожазууга түшүндүрмөдө Курсан Асанов, депутат Жанар Акаев жана дагы башка саясатчылар бийликти күч менен басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат деп айтылган.
Эртеси Алмаз Сарыбаев суракка чакыртылып, кийин кармалган болчу. Курсан Асанов өзгөчө кооптуу кылмышкерлер кармалган 50-тергөө абагына, ал эми Сарыбаев 1-тергөө абагына камакка жиберилген. Кийин Казакстан менен Орусиянын адистеринин экспертизасы чыгып, анда аудиожазуу жасалма экени тастыкталган.
Февралда экөө тең үй камагына чыгарылган.
2020-жылдагы октябрь окуялары
2020-жылы октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына эл нааразычылыгын билдирип, көчөгө чыккан, анын натыйжасында шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, Сооронбай Жээнбеков бийликтен кеткенге аргасыз болгон.
-
Алмазбек Атамбаев
Нааразычылык акциялары учурунда бир катар саясатчылар, алардын арасында учурдагы президент Садыр Жапаров, экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер министр Сапар Исаков ж.б. камактан бошотулган.
9-октябрда Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери аянтка чогулуп, Садыр Жапаровдун тарапкерлери менен тирешкен. Эки топтун ортосунда мушташ чыгып, анын кесепетинен 7 адам жабыркаган.
10-октябрда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Атамбаев тарапташтары Темирлан Султанбеков жана Канат Сагынбаев менен бирге камакка алынган. Үчөөнө тең массалык баш аламандыктарды уюштуруу айыбы коюлган, ал эми Атамбаев кошумча колониядан мыйзамсыз бошотулган жана бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп да айыпталган.
Бул күнү президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов дагы камакка алынган болчу. Аны Атамбаевдин тарапкерлери 1-тергөө абагынан 6-октябрда бошотушкан. Ага дагы Бишкекте массалык баш аламандыктарды уюштурду деген айып коюлган.
Кийин белгилүү болгондой, ИИМ министринин экс-орун басары Курсан Асанов октябрь окуялары учурунда ИИМдин имаратын басып алууда шектелип камака алынган, бирок кийинчирээк кайра бошотулган. Жарым жылдан кийин оппозициячыл саясатчы Жеңиш Молдокматов камакка алынган, ал массалык башаламандыкты уюштурууда айыпталган.
Бул иш боюнча сотко чейин уктуруулар 2021-жылдын октябрында башталып, дээрлик 9 айдан кийин кылмыш курамынын жоктугунан бардык фигуранттар акталган болчу.
Активисттерге карата козголгон кылмыш иштер
Акыркы жылдарда саясатчылар гана эмес интернетте пикирлерин ачык билдирип, митингге чыккан блогерлер менен активисттер да камакка алына баштады.
2021-жылдын мартында активист Тилекмат Куренов камакка алынган. Ага үч берене боюнча айып колгон, анын ичинде Facebook’тагы постторундагы “бийликти күч менен басып алууга чакырыктар” үчүн. Бир айдан кийин ал үй камагына чыгарылган. Камакка чейин Куренов Жетим-Тоо кенин коргоо керектигин айтып жүргөн, ошондой эле ал жаңы Конституцияга каршы митингди уюштуруучулардын бири болгон. Аны менен катар ал Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү болгон жана 2022-жылдын октябрында саясий куугунтукка байланыштуу аргасыз Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен.
Былтыр июнда жарандык активист жана Next TV каналынын журналисти Адилет Балтабай камакка алынган. Ага “массалаык башаламандыктар” беренеси боюнча айыптар коюлган. Бишкек шаардык соттун чечими менен ал беш жылга эркинен ажыратылган, бирок кийин Жогорку сот ал чечимди жокко чыгарган. Балтабайды үч жылдык сыноо көзөмөлүнө алуу чечими чыккан. Адилет Балтабай камакка алынарынын алдында казинолордун ачылышына каршы митингге чыккан болчу.
Былтыр августта 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиевдин камака алынышы белгилүү болду. Ал Бишкектеги 1-тергөө абагына камакка алынган. Анын адвокатынын айтымында, тергөөчү Жекшеналиевди КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздикке чакырык, ошого тете граждандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык” беренеси боюнча айыптаган. Бүгүнкү күнгө карата бул иш боюнча соттук териштирүү дагы эле жүрүп жатат. Ырыс Жекшеналиев Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы чыккан. Анда президент Садыр Жапаров Facebook’тагы өзүнүн барагында кенди башка бирөөнө берүү тууралуу маалымат калп экенин айтып, укук коргоо органдарынан калпычылыр менен тартипке чакыруу иштерин алып барууну талап кылган.