АКШ Орусияга Борбордук Азияда коркунуч жаратабы? Текшеребиз

Орусия Федерациясынын (ОФ) Коргоо министри Сергей Шойгу Вашингтон жана анын союздаштары терроризм менен күрөшүүгө көмөктөшүү шылтоосу менен Борбор Азияда аскерлерин кайра жайгаштырууга аракеттерин көрүп жатат деп белгиледи. Ага жооп иретинде “Орусия Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өз базаларынын аскердик даярдыгын көтөрүүдө”. Бул тууралуу ОФнын коргоо министри Нью-Делиде өткөн ШКУ мүчөлөрүнүн коргоо министрлеринин жыйынында билдирген.

“[Вашингтондун] аймактагы өлкөлөргө аскердик инфратүзүмдөрдү жайгаштыруу тууралуу суранычын ШКУ аймагындагы туруктуулукка түздөн түз коркунуч катары баалайбыз”, – деди Шойгу.

Ошол эле кезде Шойгу “НАТОнун өлкөлөрү ооган жеринде 20 жыл тургандыктан жана андан тез чыгып кеткендиктен ал жакта түзүлгөн кырдаалга эң чоң жоопкерчилик аларда” деп белгиледи. Анын пикиринде, конфликттен кийинки калыбына келтирүү иштеринин негизги чыгымдарын алар көтөрүшү керек.

Factcheck.kg редакциясы Шойгу билдиргендей АКШ тараптан коркунуч чынында эле ушунчалык чоңбу, текшерип чыкты.

АКШнын Борбор Азияда болушу – Орусияга коркунучпу?

Орусиялык идеологдордун, эксперттердин жана пропагандисттердин пикиринде – ооба, андай коркунуч бар.

Борбор Азиянын өлкөлөрү эгемендикке жеткенден бери АКШнын аларга таасири темасы орусиялык прессада дайым көтөрүлүп, ал тууралуу орусиялык жана орусияга ыктаган эксперттер жана саясий серепчилер пикирлерин тынбай билдирип келишет. Түз далилдер жок болгонуна карабай Американы “жоогазын ыңкылаптарын” уюштурду, БА республикаларын Орусиянын таасиринен чыгарууга аракеттенгенин койбойт, аймакта аскерлерин жайгаштырууга умтулат деп такай күнөөлөп келишет.

АКШнын мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зеянын өткөн жылдагы Кыргызстанга жана коңшу Казакстанга иш сапары чоң толкунданууну жаратты. Америкалык аткаминердин Кыргызстандын жана Казакстандын жогорку кызматтагы адамдары менен жолугушуусунан кийин орусиялык комментаторлор Борбор Азияда “экинчи фронттун ачылышы” тууралуу билдире башташты. Кыргыз Республикасын “Орусиянын далысына бычак сайганга даяр алсыз звено” деп мүнөздөгөн көп сандагы материалдар жарыяланган.

АКШнын Борбордук командачылыгынын ресурстар жана талдоо бөлүмүнүн директору Роберт Унгер баштаган америкалык делегациянын 2022-жылдын октябрындагы иш сапары кремлчил эксперттердин нааразычылыгын жана шектенүүсүн жаратты. Кыргыз тараптын “АКШнын Борбордук командачылыгы Кыргызстан менен 30 жылдан бери кызматташып келет” жана “өнөктөштүк аскердик мүнөздө эмес” деген билдирүүлөрүнө ишенгилери келишпеди.

Өткөн жылы АКШнын жетекчилигинин алдында өткөн “Аймактык кызматташуу-2022” деген аскердик машыгуулар дагы Кремлдин тынчсыздануусун жаратты. Машыгуулар августта Тажикстанда өткөн. Ага АКШнын, Тажикстандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Монголиянын жана Пакистандын аскер кызматкерлери катышкан. Regional Cooperation машыгуулары 2004-жылдан бери жыл сайын улам жаңы жерде өткөрүлүп келгенине карабай, Орусиянын ТИМи бул машыгуулар Москва менен стратегиялык кызматташууга доо кетирет деп билдирген.

АКШнын, Тажикстандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Монголиянын, Пакистандын жана Өзбекстандын биргелешкен командалык-штабдык машыгуулары, август, 2022-ж.

Бул машыгууларга жооп иретинде Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Москва Тажикстандагы жана Кыргызстандагы аскердик базаларды күчтөндүрө турганын билдирген. Бирок бул жылы Кыргызстан дээрлик биринчи жолу өз каражатына аскердик техникаларды сатып алып, аларды оңдоп чыккан.

АКШ 2015-жылы демилгелеген “С5+1” платформасы да (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана АКШ) Москванын танчсыздануусун жаратып келет. Бул долбоор экономика, энергетика, соода, медицина жана коопсуздукту камсыздоо жаатында байланыштарды бекемдөөдө чоң ийгиликтерге жеткенине карабай Кремлдин реациясы бир өңчөй болду. ОФнын тышкы иштер министри Сергей Лавров батыш өлкөлөрү Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы байланышты начарлатууну максат кылышууда деп билдирди: “АКШ жана Евробиримдиктин Борбор Азия менен учурдагы экономикалык байланыштарынын көлөмүн биздин экономикалык байланыштарыбыз менен салыштырууга болбойт, бирок [Батыштын] максаты айтпаса да түшүнүктүү – биздин союздаштар жана стратегиялык өнөктөр менен байланыштарыбызды начарлатуу”.

АКШнын Борбор Азияда аскерлерин жайгаштыруусу, аймактагы кырдаалды курчутуу аракеттери тууралуу сөздөр Орусия Украинага кол салгандан кийин күчөдү. БА республикаларынын Кремль көрсөткөн багыттан бир аз эле жылышы чыккынчылык катары кабылдана баштады.

Бирок баары чынында эле ушундайбы? Орусиялык жана Орусияны жактаган ЖМКлардагы сөздөрдүн жана макалалардын негизин пропагандисттердин, саясатчылардын, эксперттердин жана журналисттердин пикирлери түзөт. Болуп жаткан кайсы бир окуяларга автордук баалар берилет. Пентагондун максаттары тууралуу көпчүлүк билдирүүлөрдүн артында фактылар эмес, прогноздор, божомолдор жана түкшүмөлдөр гана жатат.

Чындыгында эмне?

Чынында, АКШ Борбор Азияга кызыгаарын жашырбайт, бирок бул жерде сөз экинчи фронтту ачуу же кырдаалды туруксуздаштыруу жөнүндө эмес, дипломатиялык байланыштар, коргонуу өнөктөштүгүн чыңдоо, аймактын коопсуздугу жөнүндө болуп жатат.

Дональд Лу

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы, АКШнын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Дональд Лу быйыл мартта АКШнын Конгрессинин Сенатынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин жыйынында мындай деп билдирген:

“Орусия Украинада көп аскердик жабдыктарды жана ок-дарыларды керектеп жатканын билебиз. Ага башка өлкөлөргө экспорттоону мындай кой, өзүнүн запасын калыбына келтирүү татаал болот… Бул чек араларын коргоодо орусиялык куралдарга катуу таянган БА өлкөлөрү үчүн өтө маанилүү. Ооганстан менен кошуна болгон өлкөлөрдө учактарга же ок-дарыларга капыстан тартыштык жаралып калышы мүмкүн. Бул аларды катуу тынчсыздандырат. Биз алар менен коргонуу каражаттарын кайдан алса болоорун талкуулап жатабыз: бизденби, Түштүк Кореяданбы же Жапонияданбы”.

АКШнын БА өлкөлөрү менен өнөктөштүктө болуу кызыкчылыгы 2020-жылдын башында жарыяланган “АКШнын Борбордук Азия үчүн 2019-2025-жылдарга стратегиялары: эгемендүүлүккө жана экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү” документинде ачык көрсөтүлгөн.

Борбор Азия өлкөлөрү эгемендик алгандан бери дайыма АКШнын көңүл борборунда  болуп келишкен. Бул убакыттын аралыгында АКШ $9 млрд өлчөмүндө түз жардам көрсөтүүгө жетишкен. Аймактын өнүгүүсүнө багытталган насыя, займ жана техникалык жардам иретинде $50 млрд бөлүнгөн. Аймактагы коммерциялык ишканаларга $31 млрд инвестиция салынган. 2015-жылдан бери гуманитардык мүнөздөгү (негизинен маданий жана билим берүүчү) 70 долбоор каржыланган.

Жаңы стратегияда АКШ Борбор Азия мамлекеттеринин эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын жекече жана аймак катары колдоого жана бекемдөөгө даяр экенин жарыялаган. “Кошмо Штаттар аймактагы дипломаттык байланыштарын кеңейтип, жергиликтүү бийликтердин демократиялык институттарды бекемдөө жана экономий өнүгүүнү жогорулатуу боюнча аракеттерине программалык колдоо көрсөтөт”.

Ички жана чек араны билбеген терроризм коопсуздуктун негизги маселеси бойдон калаары, ал эми радикалдуу экстремизм, мыйзамсыз бангизаттар жана жалган маалыматтар БА мамлекеттеринде туруктуулукка мурдагыдай эле коркунуч жарата берээри болжолдонууда. Чек аранын коопсуздугун камсыздоого АКШ учурда 90 млн доллар инвестиция кылганга жетишти, бул каражаттарга 200дөн ашык окутуу уюштурулуп, 2600дөн ашык чек арачы бул окутуулардан өткөн.

Белгиленген максаттарга жетүүдө “С5+1” платформасынын ролу жогору. “С5+1” долбоорлору бүт Борбор Азияда ишке ашырылып келет. Коопсуздук, экономий байланыштар жана айлана чөйрө маселелерин чечүү үчүн бул долбоорлорго АКШ өкмөтү $34 млн бөлгөн. АКШнын мамлекеттик катчысы жана Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын жана Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министрлери катышкан акыркы жыйын 2023-жылы февралда Астанада өткөн. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынган болчу.

“С5+1” платформасынын катышуучулары

Америкалык аскерлердин Борбор Азияда жайгашуусу

Ооганстан менен чектешкен өлкөлөрдө аскердик базаларды ачуу темасы 2021-жылы кайра актуалдуу боло баштады. Америкалык аскерлердин Ооганстандан чыгып кетиши буга себепчи болду.

The Wall Street Journal (WSJ) медиасынын маалыматы боюнча, Кремль жана Пентагон Владимир Путиндин Борбор Азиядагы орусиялык базаларды биргелешип колдонуу тууралуу сунушун талкуулашкан. Путин 2021-жылы июнда аскерлерди бул аймакта жайгаштырууга каршы чыгып, америкалык кесиптеши Байденге Ооганстандан маалымат чогултуу үчүн Орусиянын аскерий базаларын пайдаланууну сунуштаган. Америкалык күчтөр чыгып кеткенден кийинки талибдердин ийгиликтери Москванын коопсуздугуна түздөн түз коркунуч жаратты – ал Борбор Азияга карай качкындардын толкунунунан чочулаган. Америкалыктар бул сунушту кызыгуу менен кабыл алганы айтылат. Бирок жыйынтыгында иш андан ары жылган жок.

2021-жылы Америка Кошмо Штаттарынын базазы Өзбекстанда жайгаштырылышы толук ыктымал деп эсептелген. Бирок бул орусиялык эксперттердин гана пикири болчу. 2021-жылы октябрда Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камалов Минскиде өткөн КМШ чөлкөмүндөгү кесиптештери менен болгон жолугушууда Ооганстандан болушу мүмкүн терроризм коркунучу менен күрөшүү үчүн Өзбекстанда америкалык базаларды жайгаштыруу маселеси “күн тартибинде жок жана ал талкууланбай эле” деп билдирген.

2022-жылы АКШ Тажикстан менен Өзбекстан кызматташууга макул болсо бул өлкөлөргө Ооганстандан эвакуацияланган жана убактылуу жайгаштырылган 46 авиатехниканы калтырууга даяр деген маалымат пайда болгон. Бул маалыматты Politico басылмасы анонимдүү маалымат булакка таянып жарыялагон болчу, бирок ал азыркыга чейин тастыктала элек.

Америкалык аскерлер Өзбекстандан 2005-жылы чыгарылып, Кыргызстандагы “Манас” авиабазасы (Транзиттик борбор) жабылгандан бери бул аймакта башка бир да америкалык база ачылган эмес жана аскерлеринин жайгашуусу байкалган эмес.

Орусия тууралуу минтип айтууга болбойт.

Орусиянын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскерлери

2017-жылдын январында Кыргызстанда Бириккен орус аскер базасы түзүлгөн. Анын курамына Жамааттык тез аракеттенүүчү күчтөрдүн Канттагы авиабазасы (2003-жылы ачылган), Чалдовардагы Орусиянын Аскер-деңиз флотунун ”Прометей” 338-байланыш түйүнү, Ысык-Көлдөгү Орусиянын Аскер-деңиз флотунун 954-кемелерге каршы куралдарды сыноо базасы (1955-жылдан бери иштеп келет, 1993-жылы расмий түрдө Орусияга өткөрүлүп берилген) жана Майлуу-Суудагы автономдуу сейсмикалык пункт кирет.

Канттагы орусиялык авиабаза

Тажикстанда орусиянын 201-аскердик базасы жайгашкан, ал эми гарнизону Душанбе менен Бохтар шаарларында. Бул Орусиянын чет жердеги эң чоң аскердик объекти болуп эсептелет. Базанын курамына мотоаткычтар, танктар, артиллериялар, чалгындоо бөлүктөрү, абадан коргонуу бөлүктөрү, РХБ (радиациялык, химиялык жана биологиялык) коргоо жана байланыш бөлүктөрү кирет.

Орусия Кыргызстандагы жана Тажикстандагы базаларын Украинадагы согуш аракеттеринде колдонгон. Мисалы, 2022-жылдын апрелинде Украинанын аскердик күчтөрү (УАК) Орусиянын 201-аскердик базасынын тактикалык тобун жок кылгандыгы тууралуу билдирген. 2022-жылдын сентябрында “Азаттык” иликтөө жүргүзүп, Орусия Канттагы авиабазаны аскерлерди Украинага жеткирүүдө колдонгонун аныктаган.

Белгилей кетүүчү жагдай, Казакстан Кошмо Штаттар менен аскердик байланыштарды кыйла азайткан. АКШ жана НАТОго мүчө болгон айрым өлкөлөр менен биргеликте 2003-жылдан бери өткөрүлүп келген “Талаа бүркүтү” аскердик машыгуулары 2021-жылы токтотулган болчу. Орусия бул машыгууларды анын коопсуздугуна аскердик коркунуч катары кабылдап келген. Андан сырткары Казакстан америкалык жана британдык аскердик учактарга ооган маршруту боюнча өзүнүн аймагы боюнча учуп өтүүгө уруксат берген эмес.

Санкцияларды айланып өтүү үчүн Казакстан менен Кыргызстан катышкан орусиялык параллелдүү импортту өзүнчө белгилей кетүү керек. Украинада согуш башталгандан бери бул өлкөлөр аркылуу Орусияга аскердик өнөр жайда колдонула турган товарлардын экспортунун көлөмү он-жүз эсе өскөн.

Тыянак: жарым-жартылай чындык, көз жазгыруу, пропаганда. Украинадагы согуштан улам Орусия аймактагы коопсуздукту сактай албай жатканына тынчсызданган АКШ Борбор Азияга чындап эле кызыгат. Кошма Штаттар Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендүүлүгүн, коопсуздугун сакташ үчүн жана керектүү жардам бериш үчүн дипломатиялык байланыштарды күчөтүүнү көздөйт. Бирок учурда аскердик инфратүзүмдөрдү аймакта жайгаштыруусу тууралуу Шойгунун билдирүүлөрүн тастыктаган бир да далил жок.