Матраимовдордун изи менен. 3-бөлүм

(Русский) Провели фактчек показаний людей из расследования “Азаттык” по транспортным компаниям, связанных с семьей Матраимовых.

Өткөн аптада Матраимовдордун мүлкү тууралуу бир нече макалабыз жарыяланган. Андан соң «Азаттык» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүн чыгарган. Иликтөөдө Чынара Матраимова менен Русланбек Матраимов Кытайдан товар алып келери айтылып, алардын жумушчулары жергиликтүү ишкерлерге караганда ыңгайлуу шарттарда болгону белгиленет. Жыйынтыгында, жергиликтүү жүк ташуучулардын иши токтоп, алар өз үй-бүлөлөрүн бага албай калганы баяндалат.

“Тарим Транс” менен Матраимовдордун кандай байланышы бар?

«Азаттыктын» иликтөөсүндө “Тарим Транс” тууралуу сөз козголгон. Кыргызстандык жүк ташуучулар аталган компаниянын монополист болуп калганын айтып, «чет өлкөлүк бул карго жергиликтүү шоопурлардын ишин колдон алып койду» деп даттанышкан.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов “Азаттыкка” берген интервьюсунда “Тарим Транска» буга чейин башка бирөө ээлик кылып, кийин Матраимовдордун жардамы менен анын ээси алмашканын айткан.

Матраимовдордун “Тарим Транс” компаниясына тиешеси барбы? Factcheck.kg текшерип көрдү.

Компаниянын мурдагы ээси тууралуу ачык булактардан маалымат табылган эмес. Аталган ЖЧК 2016-жылы кайрадан каттоодон өткөн. Ал кезде Раимбек Матраимов бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматында эле.

Компаниянын негиздөөчүсү да, жетекчиси да, Матраимовдордун   жакын туугандарынан эмес. Бирок, “Тарим Транстын” мамлекеттик бюджетке төккөн төлөмдөрүнөн биз Сыдыков Нурманбета Жалалидиновичтин ысымына туш болдук.

Эң кызыгы, Сыдыков –  Чынара Матраимованын уулу. Аны биз социалдык тармактардан таап чыктык. Чынара Матраимова – Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен «Раим миллиондун» бир тууганы болот.

Сүрөттө Нурманбет Сыдыков апасы Чынара Матраимова менен

“Тарим Транста” Матраимовдордун жээни иштеп аткан соң, аталган компаниянын бул үй-бүлө менен байланышы бар деген тыянакка келебиз.

Мындан тышкары “Азаттык” өз иликтөөсүндө жүк ташуучулардын жетекчиси Нурбек Керимбеков менен байланышкан.

Али Токтакунов («Азаттыктын» журналисти): Элдер «Тарим Транс» Кытайдан жүк алып келип атат, бажы салыгын төлөбөй атат деп атат. Бул канчалык чындыкка жатат?

Нурбек Керимбеков: Элдер айта берет. Көрө албай ар нерсе дей берет. Бажыны толук текшерип көрсүн. Кимиси кызыкса текшерсин.

Али Токтакунов: Мисалы, бирөөлөргө доля берип коюп эле…

Нурбек Керимбеков: Андай жок, андай заман жок.

“Тамир Транс” ЖЧКсынын “Ачык бюджет” порталындагы төлөмдөрүн изилдеп, көрүп биз төмөнкү жыйынтыкка келдик:

  1. Кошумча наркка бажы салыгын жана бажы төлөмүн фирма бир гана жолу, 2017-жылы төлөгөн.
  2. Калган төлөмдөр  Кашкар-Кыштак айылынын бюджетине төгүлгөн. Товар Кыргызстанда өндүрүлгөнсүп,  кошумча наркка гана салык төлөнүп турган.
  3. Эң жогорку өлчөмдөгү төлөм  – «КР ичиндеги кошумча наркка салык, Кашкар-Кыштак а/к» беренеси менен өткөн.

«Ачык порталдын» маалыматына ылайык, эки жыл ичинде мамлекеттик бюджетке 15 млн. сом гана түшкөн.

Төлөмдөрдү карасак, аталган компаниянын ири унаалары эл аралык жүк ташуулар менен алектенбей, Кыргызстандын ичинде товар өндүрөт экен.

Эскертүү: “Ачык бюджет” порталында бардык төлөмдөр тууралуу маалымат болбосо да, алардын көбү жарыяланган.

Русланбек Матраимовдун транспорт компаниясы

Матраимовдор менен байланышта болгон дагы бир жүк ташуучу компания – “Делюкс транс” ЖЧКсы.

2019-жылдын май айында (үч жума мурун) фирма кайрадан каттоодон өткөн. Анын жаңы негиздөөчүсү болуп Русланбек Матраимов катталган.

Ошол эле “Ачык бюджетке” ылайык, “Делюкс транс” 2018-жылдын 31-декабрына чейин бажы төлөмдөрүн жана кошумча наркка болгон бажы салыгын дайым төлөп турган.

 

Ал эми Матраимовдордун үй-бүлө мүчөсү компанияга келген соң, кандай төлөмдөр жүргүзүлгөнүн текшерүү мүмкүн болгон жок. “Ачык бюджетте” 2019-жылдан тарта төлөмдөр тууралуу маалымат катталган эмес.

“Тарим Транс” менен “Делюкс транстын” 2019- жылга чейинки бюджетке которгон төлөмдөрүн салыштырып көрсөк. “Ачык бюджетке” ылайык, башынан Матраимовдорго таандык болгон фирма эки жылда бюджетке болгону 2 млн. сом которгон. Ал эми бир туугандардын колуна жакында өткөн фирма 309 млн. сом төлөгөн.

«Азаттыктын» иликтөөсүндө кыргызстандык жүк ташуучулардын кайрылуусун эске алып  жана «Ачык бюджеттеги» маалыматка таянып, factcheck.kg тишелеүү органдарга төмөнкү сунуш менен кайрылат:

  • “Тарим Транс” жана “Делюкс транс” компанияларынын ишин кылдат текшерүү;
  • Монополияга каршы күрөш боюнча мамлекеттик агенттикке аталган компаниялардын атаандаштарынын арыздарына реакция кылып, жооп берүү.