Канат Исаев: “Ал (Садыр Жапаров) Жетим-Тоону иштетерин айткан”. — Чындык

Канат Исаев дебат учурунда: “бүгүнкү күндө премьер-министрдин милдетин аткаруучу шайлоого катышып, Жетим-Тоого кытай ишканаларын иштетерин айтып атат. Буга жол бербеш керек” — деп билдирди. 

Садыр Жапаров 12-ноябрда берген пресс-конференциясында бул тууралуу мындай деген:

“Мисалы, Кара-Кече жөн эле тоо болуп жатат. Анын четинен казып алып эле ташып атат. Жетим-Тоо да ошондой. Четинен казып алып, сырьесун дүйнөлүк баа менен сатса, 1 жылда 1млрд долларга жакын карыздан кутулсак болот”, — деп билдирген ал.

Жыйынтык: чындык.