Клара Сооронкулова: “Сиз өкмөткө тиешелүү суроолорду берип атасыз”. — Чындык

Клара Сооронкулова алып баруучулардын эки суроосу тууралуу өз пикирин айтты.

Зарина Үмөталиева (кредит тууралуу суроого кошумчалап):  – Сиз президент болсоңуз, сиздин программаңызда бизнес секторго жардам берүү тууралуу айтылганбы?

Клара Сооронкулова: – Мен президенттин ыйгарым укуктары тууралуу эскертип кетейин. Президент өкмөттүн ишине кийлигишпеши керек. Өкмөт өз алдынча бийлик бутагы болуп саналат. 

Алып баруучунун экинчи суроосу билим берүү, саламаттык сактоо жана мамлекеттик жеке өнөктөштүк тармагында мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча болду.

– Сиздин программаңызда бул тууралуу эмне деп айтылган? – деп сурады Үмөталиева. 

Клара Сооронкулова: – Мен президентке тиешелүү суроолор берилиши керектигин буга чейин Заринага айттым эле. Сиз өкмөттүн ишине тиешелүү суроолорду берип атасыз.  

Конституцияга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары 11 беренеде көрсөтүлгөн. Анда жогоруда айтылган билим берүү, саламаттыкты сактоо жана экономика тууралуу суроолор каралган  эмес.   

 

Жыйынтык: чындык.