Рим папасынын Ротшильдге сый көрсөткөнү жалган

ТикТок жана WhatsApp тармактарында Рим папасы тартылган тасма кеңири тарады. Анда Рим папасы Ротшильддин колун өптү деп мүнөздөлөт.  Коомчулук мындай көрүнүштү сын менен кабыл алды.

Factcheck.kg тасманын алгачкы булагын таап, маалыматты текшерүүнү чечти. 

Алгач видеодон скриншот алып, издөө салабыз да, маалымат булагына туш болобуз.

 

 

Ал 2014-жылдын 27-майында  Yad Vashem ресурсунун расмий каналында жүктөлгөн.  Тасма Рим папасынын Яд ва-Шемге болгон сапарында тартылган. 

 Яд ва-Шем – бул Холокост курмандыктарынын элесине арналып орнотулган, кырсыкка жана баатырдыкка арналган Израилдин улуттук мемориалы. Аталаган иш сапар тууралуу маалымат Мемориалдын расмий сайтына жайгаштырылган. 

“Франциск папасынын Яд ва-Шемге болгон сапарынын учурунда президент Шимон Перес, премьер-министр Биньямин Нетаньяху,  Яд ва-Шемдин жетекчиси Авнер Шалев жана  Яд ва-Шем Кеңешинин жетекчиси раввин Исраэль Меир Лау коштогон. Папа мемориалдык  аземге катышып, Холокостто тирүү калган 6 адам менен саламдашты. Мындан тышкары, ал сөз сүйлөп,  Яд ва-Шем мейман китебине жазуу калтырды. Эскерүү аземинде Папа өчпөс отту кайрадан жандандарып, Холокост курмандыктарын эскерип, гүлчамбар койду”

Маалыматка ылайык, бул иш-чарага Ротшильддердин үй-бүлөсүнүн бир да өкүлү катышкан эмес. Ал эми Рим папасы Холокост курмандыктарына ушундай жаңсоо менен сый көрсөткөн. 

Белгилей кетсек, бул тасмадагы окуяны бурмалоонун алгачкы аракети эмес. Тасмадагы кадрларды буга чейин фейк жаратуучулар пайдаланып, Рим папасы Рокфеллердин колун өптү деп маалымдаган. 

Жыйынтык: Фейк. Тасмада Франциск Рим папасы Холокосттон аман калгандардын бирине сый көрсөтүп колун өпкөн. Окуяга Ротшильддердин тиешеси жок.