Түркия менен Сириядагы жер титирөөлөр тектоникалык куралды колдонгондон болгону чынбы?

6-февралда Түркия менен Сирияда он миңдеген курмандыктарга алып келген катуу жер титирөөлөр болду. Дароо эле интернетте жер титирөөлөрдү адам жараткандыгы жана Түркияга каршы багытталган тектоникалык курал колдонулгандыгы тууралуу кутум теориялары пайда боло баштады (1, 2, 3, 4, 5).

Factcheck.kz редакциясындагы биздин кесиптештер жер титирөөнү жасалма түрдө жаратып, аны курал катары колдонсо болоорун текшерип чыгышып, бул мүмкүн эмес экенин аныкташты.

Тыянак: Калп

Тектоникалык куралга байланыштуу кутум теориялар такай жаралып, ал тууралуу ар түрдүү сөз болуп турганы менен, ушундай куралдын бар экендиги азыркыга чейин далилдене элек. ЖМКларда ХХ кылымдын экинчи жарымынан бери ушундай курал-жаракты иштеп чыгуу аракеттери тууралуу көптөгөн маалыматтарды кезиктирсе болот (1, 2). Бирок аскерлер да, сейсмологдор да тектоникалык куралды тактикалык максаттарда натыйжалуу колдонуу мүмкүн эместигин белгилеп келишет, анткени аны жаратыш үчүн керек өтө чоң кубаттуулук керек жана да анын күчүн бир керектүү жерде, багытта колдонуу мүмкүн эмес – жер титирөөнү белгилүү бир аймакта жаратуу аракети жер шарынын башка аймактарында күтүлбөгөн кырсыктарга алып келиши мүмкүн.

Түркиядагы жер титирөөнүн өзгөчөлүгү жана күчү тууралуу билдирүүлөр чындыкка жатпайт – ал аймак төрт тектоникалык плиталардын бириккен жеринде жайгашкан жана дүйнө жүзүндөгү жер титирөөлөр эң көп боло турган аймактардын катарына кирет. Жабыр тартканардын көп болгондугун силкинүүнүн күчү менен гана эмес, имараттардын сейсмикалык туруктуулугунун начардыгы, курулуш иштериндеги нормалардын сакталбашы жана ошондой эле жер силкинүүлөрү адамдар жыш жашаган аймакта, элдин баары уктап жатканда эртең менен болгондугу менен түшүндүрсө болот – уйкусураган эл өз убагында имараттарды таштап кете албай калышкан.

Кененирээк: МГД-генераторлор, HAARP жана Warrior спутниктери

Эки катуу жер титирөө жана жүздөгөн афтершок болгон күндүн эртеси, 7-февралда эле интернетте зилзала табигый кырсык эмес эле, аны адам жараткан деген теориялар пайда боло баштаган. Маселен, ЖМКлар орус тилинде Telegram-канал алып барган ирандык журналист Хаял Муаззиндин айткандарын колдонушкан. 8-февралда ал өзүнүн каналында эки постту (1, 2) жарыялап, анда Израиль менен АКШнын Түркиядагы жер титирөөгө тиешеси болушу мүмкүн деп билдирген. Белгилей кетсек, буга чейин азербайжандык Fakt Yoxla фактчекерлик басылма Муаззиндин калпты тараткандыгын аныктаган.

Кутум теорияларында жер титирөөнү жаратуунун ар түрдүү жолдору келтирилет: электромагниттик толкун тараткычтарды, багытталган жардырууну жана магниттик гидродинамикалык (МГД) генераторлорду, ошондой Аляскадагы америкалык HAARP системаны жана жерге титан таяктарын сайып киргизген Warrior спутниктерин колдонуу.

МГД-генераторлорду колдонуу боюнча теорияга ылайык, генератор “жүк ташуучу автоунаага орнотулуп, жердин титирешине алып келе алган эң чоң кубаттагы электромагниттик импульстарды жер кыртышына жиберет”. Иш жүзүндө, МГД-генератор – бул магниттик индукцияны колдонуу менен жылуулук энергияны электр энергиясына айландыра алган түзүм, ал багытталган электромагниттик импульстарды эмес, электр тогун жаратат. Андан сырткары, накта электромагниттик толкун тараткычты жогоруда айтылгандай колдонуу мүмкүн эмес: өткөргүч кыртышта толкун энергиясынын бир бөлүгү жылуулукка айланып, курчап турган материаны ысыта баштайт. Ошондуктан бир нече чакырым тереңдиктеги жаракага таасир этиш үчүн өтө чоң кубаттагы толкун тараткычтар керек болот, ал эми анын жер кыртышына болгон таасиринен жердин бети өтө катуу ысып чыгат болчу жана эч ким муну башкалардан жашыра алмак эмес.

Ошондой эле жер титирөөнү жаратыш үчүн ядролук жардыруу колдонулушу мүмкүн деген божомолдор айтылып келет. Башка бирөөнүн аймагында өтө чоң тереңдикке ядролук бомбаны эч кимге билдирбей, жашыруун жайгаштыруу техникалык жактан алганда канчалык деңгээлде мүмкүн экендигин эске албаган күндө да, геологдордун пикиринде, ядролук жардыруунун Түркиядагыдай жер титирөөгө алып келиши өтө күмөн.

Ошол эле себепке – кубаттуулугунун жетишсиздигине – байланыштуу, америкалык HAARP (жогорку жыштыктагы радио толкундардын ионосферада чачырашын изилдөө программасы) түзүмүн шектүүлөрдүн катарынан чийип салсак болот. Бул түзүм кубаттуулугу 4.8 МВт түзгөн толкун тараткыч болуп эсептелет, ал атмосферага кыска радиотолкундардын топтомун жибере алат. Тээ биийиктикте бул толкундарды сиңирген ионосферанын температурасы көтөрүлүп, дагы бир катар чакан өзгөрүүлөр байкалат. Ушуга байланыштуу бөлүкчөлөрдүн, толкундардын жана талаалардын абалындагы өзгөрүүлөрдү жер бетиндеги жана космостогу аппараттар катташат. Алардын жардамы менен табылган радиотолкундардын таркалышынын мыйзамдары заманбап, туруктуу байланыш системаларын курганга жардам берет.

Аляскадагы HAARP түзүмү, АКШ (Булак: Аляска университети)

«Популярная механика» журналы HAARP’ка иштеген профессор Умран Инандын сөздөрүн келтирет:

HAARP толкунунун кубаттуулугу чоң, бирок аны бир гана чагылгандын энергиясы менен салыштырып болбойт. Ал эми ар бир секундада атмосферада 50дөн 100гө чейин чагылган болуп турарын айта кетиш керек”.

Атмосферага кандайдыр бир байкаларлык деңгээлде таасир берүүгө станциянын кубаттуулугу жетишсиз – ал эмес “элементардуу” полярдык жарыкты станция бир гана жолу жарата алган – ал учурда бардык шарттар кокустан дал келип калган болчу. Ал эми тектоникалык плиталарга таасир этүү тууралуу ойлонбой эле койсо болот. Калың журтка станциянын аракеттери жана максаттары анчалык түшүнүктүү боло бербегендиктен жана аскерлердин алынган маалыматтарды өз максаттарында колдонууга умтулгандары станцияга байланыштуу толтура конспирологиялык теориялардын жаралышына алып келди – табигый кырсыктардын, учактын кулашынын, ал эмес өнөкөт чарчоо синдромунун жайылышынын себепкери деп HAARP’ты күнөөлөшкөн.

Warrior спутниктерин тектоникалык жаракаларды кыймылга келтирүүгө колдонуу тууралуу теория интернетте 17-февралда пайда болгон. Бул күнү ЖМКлар Түркиянын Космос агенттигинин жетекчиси Сердар Хусейн Йылдырымдын төмөнкү сөздөрүн келтиришкен:

Космостон 10 метрлик титан таяктарды каалаган бутага жибере алган Warrior спутниктери бар! Алар жерге 5 км тереңдикке чейин кирип, 7-8 баллдык жер титирөөлөрду жарата алат…

Түркиялык Malumatfurus фактчекинг сайтынын журналисттери аныктагандай, аткаминердин айткандары контексттен жулунуп алынган: оригиналдуу видеого Сердар Хусейн Йылдырымдын мындан бир нече жыл мурун Стратегиялык ой жүгүртүү институтта сүйлөгөн сөзү жаздырылып алынган болчу. Анда Йылдырым жерге жакын орбитага жайгаштырылып, колдонулганда чакан шаарды толугу менен талкалап жок кыла ала турган курал тутуму тууралуу айтып берген болчу. Өзүнүн Twitter аккаунтунда Космос агенттигинин жетекчиси колдонууга даяр курал тууралуу эмес, ал куралды жасоо аракеттери тууралуу сөз кылганын жана Түркия менен Сирияда февралда болгон жер титирөөнүн бул куралга эч кандай тиешеси жок экенин, бул табигый кырсык болгонун белгилеген.

Булак: Twitter

Булак: Twitter

Malumatfurus сайтынын иликтөөсү боюнча, Кансыз согуш жылдары чынында эле спутниктен жерди карай колдонууга мүмкүн болгон “кинетикалык космос куралын” жасоо аракеттери  болгон. Бирок кымбаттыгына жана натыйжалуулугунун төмөндүгүнө байланыштуу бул долбоорлор ишке ашырылбай калган.

Адам жараткан жер титирөөлөр

Окумуштуулардын пикиринде, адамдын иш-аракети жер титирөөнү жаратышы мүмкүн, бирок бул нерсенин тектоникалык курал тууралуу илимий-фантастикалык теориялар менен эч кандай байланышы жок. Ал өтө эле жөнөкөй түшүндүрүлөт – жер кыртышындагы боштуктарды бургулоо жана жер үстүндө кошумча басымды жаратуу сейсмикалык абалга таасир этет. Нефть менен газды өндүрүү, минералдарды казып алуу, геологиялык жаракаларга жакын жерлерде дамбаларды куруу – техногендик жер титирөөлөрдүн негизги себепчилери.

АКШда, Оклахома штатында нефть менен газды өндүрүү бул аймактагы сейсмикалык активдүүлүктүү 5000%га жогорулатты

Техногендик жер титирөөнүн эң көп кездешкен себепчиси катары сланец углеводородун өндүрүү аталат, анткени бул өндүрүштө катмарларды гидроажыратуу ыкмасы колдонулат.

Сланец газы жана нефтиси алардын тыгыздыгы чоң болбогон жерлерде өндүрүлөт. Тектерден отундун чыгуусун жогорулатуу максатында катмарга суу көп көлөмдө киргизилет, жыйынтыгында анда жаракалар пайда болот. Ал жаракалар аркылуу нефть менен газ скважинанын түбүнө топтолуп, ал жерден жер бетине сордурулуп чыгарылат. Сууну көп көлөмдө жер астына киргизүү катмарларда чоң басымды жаратат, ал бул өз кезегинде километрлеген тереңдиктерге кеткен жаракалардын пайда болушуна алып келет.

Америкалык сейсмологдор билдиргендей, 2009-жылдан тарта АКШнын бир катар штаттарында жер титирөөлөрдүн саны кескин өскөн. Маселен, Окхлахома штатында 2009-жылы адам сезерлик деңгээлдеги бир жер титирөө катталса, 2014-жылы алардын саны 300дөн ашкан. Муну адатынча ушул жылдар аралыгындагы сланец газынын өндүрүлүшү төрт эсе көбөйгөнү менен байланыштырышат.

Кузбасстагы Бачатский көмүр кени, бул жерде 2013-жылы магнитудасы 6.1 баллды түзгөн техногендик жер титирөө болгон (Сүрөттүн булагы: Живой Журнал)

Жер алдындагы минералдарды казып алуу, өзгөчө көмүрдү, жер титирөөлөрдү жараткан себептердин тизмегинде экинчи орунда турат. Көп көлөмдөгү казып алуулар жер астындагы боштуктардын кыйрашына, чөкмө тектердеги чыңалуунун кайра бөлүштүрүлүшүп чыгышына алып келет, ал эми казып алынгандардын казуу жүрүгүзүлгөн жерден алыс эмес аянттарда сакталышы плиталарга кошумча басымды жаратат. Чыңалуунун өсүшүнүн жыйынтыгында разрядка болот, биз аны жер титирөө катары сезебиз. Минералдар казып алынган жерлерде тектерди майдалоо максатында жүргүзүлгөн технологиялык жардыруулар дагы разрядкага алып келиши мүмкүн.

Гувер плотинасы жана Мид суу сактагычы (көлү). Анын сейсмикалык активдүүлүккө таасири биринчилерден болуп плотинанын курулушу менен жер титирөөлөрдүн ортосундагы байланыш бар экенин көрсөттү.

Ири плотиналарды куруу сейсмикалык активдүүлүүкө эки себептен таасир берет. Биринчиден – суу сактагыч толгондо жер кыртышына басым көбөйүп, ал ийиле баштайт жана кичинекей жарака бар жерлерде да чыңалуу өсөт. Экинчи себеп – грунттагы суу басымынын өсүшү жана тоотектеринин жуулушу. «Инженерная защита» журналы бул тууралуу мындай деп жазат:

“Топурактагы суу басымы геостатикалык басымды нейтралдаштырат, сүрүлүүнү азайтат жана мурда жаралган жаракалар боюнча блоктордун жылышуусуна алып келип, тектоникалык чыңалуунун бошотулушу менен коштолат, жер титирөөнүн очогуна айланат […] Грунттагы суу басымынын өсүшү тектин бекемдигин азайтып, андагы суу сактагыч толо элек кездеги чыңалууда пайда болбогон жаракалардын жаралышына алып келет […] Бул кыска мөөнөттүү стадия, ал эми суу сактагыч жараканын пайда болуу процессин тездетип, жердин күчтүү силкинүүсүн жаратат […] Суу сактагычтагы суу (белгилүү бир басым градиенттери түзүлгөндө) табигый чыңалуулардын бошотулушуна себепкер болот”

Николай Иванович Николаев, геология-минералогия илимдеринин доктору, Москва мамлекеттик университетинин неотектоника жана сейсмотектоника лабораториясынын башчысы

Геологдор менен сейсмологдордун айтымында, адамдын иш-аракетинен жаралган жер силкинүүлөрдүн күчү анчалык чоң магнитудада болбойт (4-5 баллга чейин). Бирок андан күчтүүрөк антропогендик жер титирөөлөр дагы катталган – АКШнын Оклахома штатындагы 2011-жылдагы 5.7 балл жер силкинүүсү, австралиялык Ньюкаслда 1989-жылы катталган 5.6 баллдык жер титирөө, Өзбекстандын Газли шаарында 1976 жана 1984-жылы катталган 7.3 жана 7.2 балл күчүндөгү эки жер титирөө. Окумуштуулардын айтымында, чыңалуу топтолуп турушу мүмкүн, маселен, башында 3.0 магнитутасындагы 10 жер титирөөгө 4.0 магнитутадагы бир жер титирөө туура келсе, кийин 5.0 жана андан да чоңураак силкинүүлөр болушу ыктымал. 5.0 анчалык деле чоң эмес көрүнүшу мүмкүн, өзгөчө Түркиядагы 7.8 күчтөгү жер титирөө менен салыштырсак, бирок жогоруда айтылган Ньюкаслдагы жер титирөөдө 13 адам каза болуп, 160 адам ар түрдүү жаракат алган, ал эми жалпы чыгымдын өлчөмү 8.5 млрд австралиялык долларды түзгөн.

2019-жылы Science журналында жарыяланган Тафтс университетинин жана Бхубанешваредеги Индиянын технологиялык институтунун окумуштууларынын изилдөөсү боюнча, жаракалар бар жердеги чыңалуу жер кыртышынын башка участкаларына өтүп, геологиялык процесстер жүрүп жаткан жерден алыста жайгашкан аймактарда жердин силкинүүсүнө алып келиши мүмкүн. Мисалы, Сычуандагы катуу жер титирөөгө анын очогунан 20 км алыстыкта жайгашкан Цзипингпу суусундагы плотинага суунун толушу алып келген болушу мүмкүн дешет окумуштуулар. Алардын пикиринде, чоң көлөмдөгү суу жер кыртышындагы чыңалууну күчөткөн, ал өз кезегинде жарака бар жерлердеги жердин силкинүүсүнө алып келген. Плотина болбогондо, бул аймактагы жер титирөөгө шарттар ондогон, а балким жүздөгөн жылдардан кийин гана түзүлмөк.

Жогоруда айтылгандардан сейсмикалык активдүүлүктү жасалма түрдө күчөтүүнүн бирден бир жолу – сейсмикалык жактан кооптуу жерлерге жакын аймактарда кендерди чоң көлөмдө казып алуу же плотиналарды куруу болуп саналат деген тыянак чыгарсак болот. Ошол эле кезде жер кыртышындагы чыңалуунун бөлүштүрүлүшү кандай болоорун, техногендик таасирге байланыштуу жердин силкинүүсү кайда болоорун жана анын күчү кандай болоорун алдын ала айтуу мүмкүн эмес. Ошондуктан бул аракеттерди да тектоникалык куралды колдонуу болуп саналат деп айтууга жарабайт.