Биз тууралуу “Азаттык” радиосу:

Кыргызстанда Интернет айдыңында тараган маалыматтардын, журналисттер жазып жаткан кабар-баяндардын чын-төгүнүн аныктоого багытталган сайт иштей баштады. Быйыл 1-июнда ачылган factcheck.kg сайты өлкөдө медиа сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоордун алкагында эл аралык “Сорос-Кыргызстан” фондунун каржылык колдоосунда иштеп жатат. Бул тууралуу аталган сайттын кызматкерлери “Азаттыкка” кабарлашты.

Анын негизги максаты – фейктердин бетин ачуу жана окурмандарды ар бир маалыматка дароо ишене бербестен, сын мамиле менен кабыл алып, чын же жалган экенин билүүгө үйрөтүү. “Жазылгандын баары – чындык эмес” дейт сайттын башкы редактору Болот Темиров.

Сайтта маалымат каражаттарында чыккан макалаларга талдоо жүргүзүү, чындык менен токулган маалыматты айырмалай билүү ыкмалары аудио, видео жана текст түрүндө орусча жана кыргызча жарыяланып турат. Азыр сайтта элүүгө жакын талдоочу, маалыматтык баяндар бар.

Жарандар же басылмалар кай бир кабардын, сүрөттүн чын-төгүнүн билүүнү кааласа, сайт аркылуу адистерге кайрылса болот.

Фактчекинг – журналисттик иликтөөнүн бир түрү жана учурда эл аралык трендге айланууда. (SE)