Журналист Ыдырыс Исаков Болот Темировдун каржы булактары тууралуу үн катты

24-январда активист, журналист Ыдырыс Исаков өзүнүн ютуб-каналында иликтөөчү журналист Болот Темировдун резонанс жараткан иликтөөсү тууралуу үн катты. Өзүнүн кайрылуусунда ал иликтөөнү жалпак тилде түшүндүрүп, ал эмненин эсебинен каржыланганы тууралуу айтып берди. 

 

“Болот Темиров активист, ал мамлекеттен бир тыйын албайт. Ал иликтөөлөрүн чет өлкөлүк донорлук уюмдардан алат. Аны бир эле Болот Темиров алып, калганы оозун ачып отурган жок. Кыргызстан өзү толугу менен донорлук өлкөлөрдөн насыя алып, жардам алып жашаган өлкө. Бул нерсени бардык жерден кезиктирсеңиз болот. Мисалы, мен кечөө “Сулайман-Тоо” музейине кирдим. Секретаршанын компьютеринде, столунда, шкафында USAID деп жазылып турат. Демек, аларды USAID алып берген.

Оштогу Токтогул паркында турган камералар дагы USAIDден жардам катары келген. 2010-жылы Ош коогалаңы болгондо толугу менен чет өлкөлүк уюмдар жардам берген. Ош-Жалал-Абад жолунда япондор бизге көпүрө салып берген. Кыргызстанда андан сапаттуу көпүрө көрө элекмин. Өзгөндөгү төрөт үйүн арабдар салып берген. Алайда болгону төрт-беш көп кабатту үй бар, алардын ортсундагы суу чыккан кранды да арабдар жасап берген. Бажыга барсаңыз, ККПларды чет өлкөлүктөр куруп берген. Милициябыздын кийимдерин орустар берген бизге. Армиянын кийимдери дагы бизге жардам катары келген. Мечиттердин бардыгы жардамга келген”.

Мындан тышкары, Исаков туберкулездун оор формасына чалдыккандарды, ВИЧ илдетине кабылгандарды дарылоого, өлкөдө ар түрдүү иш-чараларды, фестивалдарды өткөрүүгө, мектеп китептерин басып чыгарууга жана башка көптөгөн иш-чараларга донорлордон келген акчалар жумшаларын белгиледи.

“Биздин саясатчылар чет өлкөлүк жардамды алат, “рахматын” айтат дагы, ошону дагы уурдап коюп атат. Болот Темиров ошол уурулукту айтса, сен чет өлкөдөн акча алып атасың, сен шпионсуң, деп жамандап отурабыз”, – деди ал.