Свердлов районунан кайра шайлоого мурдагы чиновниктер жана Матраимовдун тарапташтары аттанды

21-январга карата БШКга Свердлов жана Биринчи май райондорунан кайра шайлоого аттанган 42 талапкердин арызы келип түштү.

Factcheck.kg Свердлов районунан Жогорку Кеңешке аттанган 23 талапкер тууралуу кыскача маалымат чогултту. 

Гуля Алмамбетова – Бишкек шаарынын мэринин мурдагы кеңешчиси жана мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси болгон. 

Алмамбетова буга чейин Бишкек шаардык кеңешке Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП) менен аттанган. Аталган партия шайлоочулардын добушун сатып алды деп айыпталып, шайлоодон четтетилген. 

Жаныбек Асанбеков – “Өнүгүү- Прогресс” партиясынын курамында Бишкек шаардык кеңештен депутаттык мандат алган. Асанбековдун төрт жогорку билими бар:

  • Пакистандагы Эл аралык Университети (лингвистика адистиги);
  • Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институту (экономика адистиги);
  • Лондондогу Пимлико Академиясы (бизнес жана башкаруу);
  • Ж.Баласагын атындагы КУУ (юриспруденция).

Ал буга чейин Жогорку Кеңешке аттанууга эрте деп эсептесе, акыркы шайлоодон кийин пикири өзгөргөнүн билдирген

ММК айтымында Асанбековдун эки ысымы бар экени жана Мамлекеттик сатып алуулар порталында ал Солпуев деп көрсөтүлгөнү белгиленет.

 

35 жаштагы Назгүл Жолдошова өлкөдөгү жаштар парламентинин негиздөөчүсү жана жетекчиси. Ал буга чейин билим берүү тармагында эмгектенген. 2020- жылы “Социал-Демократтар” партиясынан парламенттик шайлоого аттанган. 

Жусубалы Керимбаев тууралуу ачык булактарда маалымат табылган жок.

Эдиль БейшенбаевКыргыз Республикасынын президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин аймактык өкүлү. Мындан тышкары, ал салык консультанттары палатасынын, Бухгалтерлер жана аудиторлор палатасынын жана Аудиторлор гильдиясынын мүчөсү.

2021-жылы шаардык кеңешке “Ата Журт Кыргызстан” жана “Эмгек” партияларынын курамында аттанган.

 

Муратбек Султанбековдун кесиби дарыгерпсихиатрOsoo.kg  маалыматына ылайык  ал “КЫРГЫЗ-КУРЬЕР”, “LOCAL LOGISTIC SERVICE” жана “BIDMUS” компанияларынын негиздөөчүсү. Мындан тышкары, эл аралык «CENTRAL ASIA SWISS TRADING Ltd» компаниясында директор. Султанбеков 2021-жылы Жогорку Кеңешке Свердлов районунан талапкерлигин койгон. 

Шайлообек Атазов –  Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты. 2021-жылкы парламенттик шайлоого №8 Төлөйкөн округунан аттанып, Нурбек Алимбековго жеңишин алдырган. Шайлообек Атазов Ош шаарынын прокуратурасынын кызматкерлери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан пайдаланып, шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүгө аракет кылганын айтып чыккан. Белгилей кетсек, Атазов Матраимовго таандык “ЕРЕМ” спорт клубун жетектеп, Матраимовдордун үй-бүлөсүнө социалдык тармактарда колдоо көрсөтүп келет. 

 

Ирина Карамушкина – Жогорку Кеңештин IV, V, VI чакырылыштарынын депутаты (КСДП). Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы. Сооронбай Жээнбековдун тушунда оппозиция тарапта болгон

Улукбек Тургунбаев2021-жылы Свердлов округу боюнча шайлоого аттанган. Ачык булактарда ал тууралуу маалымат табылган жок.

Ишкерлик менен алектенген Бакытбек Болотбеков “АИС АВТО” финансылык компаниясынын  жана “АИС Хоум Курулуш” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү. Буга чейин ал “Радон” жана “Назар и Компани” компанияларына ээлик кылган.

Болотбеков эмгек жолун 2006-жылы Биринчи май райондук сотунда кеңсе кызматкери болуп баштаган. 2010-жылы судьянын жардамчысы болгон, “3-класстагы юрист” мамлекеттик даражасы бар.

Журналист Элнура АлкановаКлооп”, “Азаттык”, “Фергана”, OCCRP, “Бешинчи канал” жана Open Democracy аттуу ЖМКларда иштеп келген. 2020-жылкы парламенттик шайлоого Матраимовдорго таандык делген “Мекеним Кыргызстан” партиясынын курамында аттанган. Мындан тышкары,  Алканова Матраимовдордун фонду менен кызматташып, фонд үчүн коронавирус инфекциясын аныктоочу тесттерди сатып алган.

 

Талапкерлер Бакыт Бакиров жана Бакыт Саадабаев тууралуу ачык булактарда маалымат табылган жок. 

Ишкер Нурланбек Маматкулов Азия Проект Групп” курулуш компаниясынын  жана Вайс-Риэлторс ЛТД” укук коргоочу уюмунун негиздөөчүсү.

29 жаштагы Аспек уулу Азамат Жогорку Кеңешке үчүнчү ирет аттанды. Ал буга чейин 2020-жылы “Мекенчил” партиясынан жана 2021-жылы Аламүдүн округунан шайлоого катышкан. Мындан тышкары, 2021-жылкы жергиликтүү кеңешке “Ынтымак” партиясы менен жең түргөн.

Абдурахман Муртазалиев грепплинг боюнча дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болгон кыргызстандык биринчи спортчу. Мындан тышкары, ал өлкөдөгү жиу-житсу федерациясынын президенти. 

Медер Абышев Юстиция министрлигинде башкы аппараттын башкы адиси.

Жарандык активист Нурлан Мотуевдин иниси Нурдин Мотуев ишкерлик менен алектенет. Osoo.kg маалыматына ылайык, ал төмөнкү компанияларга ээлик кылат:

Казыбек Эргешов “Ынтымак” партиясынын курамында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, “Ынтымак” фракциясынын лидери.  Ал өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Кадырбек Эргешовдун иниси. 

Майрамбек уулу Калыс тууралуу ачык булактарда маалымат табылган жок.

53 жаштагы Нуржан Жумагазиева Жусуп Баласагын атындагы КУУнун басып чыгаруу кафедрасынын жетекчиси.

Аида Салянова мурдагы юстиция министри. 2011 – 2015-жылы башкы прокурор кызматын аркалаган. Андан соң, “Ата Мекен” партиясынын тизмеги менен Жогорку кеңештин депутаты болгон. 

Салянова 2017-жылы “2010-жылы Юстиция министри болуп турганда Максим Бакиевдин юристи Алексей Елисеевдин лицензиясын мыйзамсыз узарткан” деп айыпталган.  Мындан тышкары, Аида Салянова баш калаанын Свердлов райондук сотунда каралып жаткан криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча дагы бир сот жараянында айыпталуучу.

Данияр Ибраймакунов  – коргоо министрлигинин ички аудит бөлүмүнүн башчысы.