Кыргыз тили жаңылык тили боло алдыбы?

Ар бир адам жаңы күндү жаңылыктар менен таанышуудан баштап, жаткыча аларга улам-улам кайрылып турат. Болбосо жашоодон четтеп же артта калып калуу мүмкүндүгү бар. Кыргыз тилдүү ЖМКлар элдин жаңылыктарга болгон муктаждыгын кандай деңгээлде канааттандырып жатат? Кыргыз тили жаңылык тили боло алдыбы? Бул материалда ушул суроолорго жооп бергенге аракет кылынды.

Материалга киришээрдин алдында беш жаңылык керектөөчүгө “Жаңылык менен кайсы тилде таанышкан сизге ыңгайлуу?” деген суроо менен кайрылган элек. Төмөндө алардын жооптору:

Г.И., бухгалтер: “Орус тилинде батыраак түшүнөм”;

Т.Ш., жеке ишкер: “Айырмасы жок”;

Г.Т., бейөкмөт уюмунун өкүлү: “Өлкөдөгү расмий жаңылыктарды кыргыз тилинде көрөмүн. Дүйнөдөгү жана коомчулуктагы башка жаңылыктар менен социалдык тармактар жана сайттар аркылуу орус тилинде таанышам”.

А.Ж., мамлекеттик кызматкер: “Кыргыз тилинде айыл жаңылыктары, адамдардын тагдыры, турмушу тууралуу жазылган маалыматтарды, ал эми орус тилинде укуктук ченемдик актыларды, дүйнө жүзүндө болуп жаткан жаңылыктарды окуйм”.

А.И., юрист: “Негизинен көп маалыматты орус тилинде алам, анткени мага орус тилинде окуган ыңгайлуу. 2022-жылдан баштап кыргыз тилиндеги маалыматтар ресурстарына дагы көп кире баштадым, жакшы маалыматтар иликтөөлөр бар”.

Байкалып тургандай, жооптордун көбү окшош. Ушундан соң, дагы эле орус тилге көбүрөөк ыктаганыбыз бул тилде маалыматтар менен таанышууга көнүп калган адатыбызга байланыштуубу, же кыргыз ЖМКлары жаңылыктарга болгон бардык муктаждыктарды дагы эле жаба албагандыгына байланыштуубу деген суроо туулат.

Мониторингдин зарылдыгы

Ага жооп табуу иретинде айрым кыргыз тилдүү ЖМКлардын жаңылыктарына мониторинг кылдык. Замандын талабына жараша учурда элди маалымдоо жаатында алдыңы орунга чыккан интернет-басылмаларга байкоо жүргүзүүнү туура көрдүк. Ал эми аларды тандоодо Кыргызстандагы сайттардын рейтингин аныктаган Net.kg сайтынын маалыматтарына таяндык.

18-январь саат 13:04төгү маалыматтар боюнча, кыргыз тилдүү жаңылык медиаларынан алдыңкы саптарда Super.kg, Argument.kg, Aryba.kg жана Serep.kg сайттары турган. Бул булактардын бизди кызыктырганы – алар “Азаттык”, ВВС же Sputnik.kg медиаларынан айырмаланып толугу менен (негиздөөчүлөрү, каржылоосу боюнча) Кыргызстандык медиалар болуп эсептелишет.

Ошондой эле салыштыруу иретинде өлкөбүздөгү белгилүү орус тилдүү Kaktus.media жана 24.kg маалымат булактарын алдык (төмөндөгү скриншотто көрүнүп тургандай, алар рейтингдин башында турушат). Аларды тандаганыбыздын дагы бир себеби – бул медиалардын кыргыз тилдүү баракчалары да бар экени белгилүү. Бир медианын эки тилдеги жаңылыктар тасмасын салыштыруу да кызыктуу маалыматтарды бериши мүмкүн.

Cүрөт: Net.kg рейтингинин ЖМКлар категориясындагы сайттардын 18-январь саат 13:04төгү абалынын скриншоту

Жаңылыктар көп же аз болгон мезгилдер болоорун эске алып, аталган сайттардын 2022-жылдын 5-11-декабрдагы бир жумалык жаңылыктары жана 2023-жылдын 9-15-январдагы жаңылыктары талдоого алынды.

Биз жаңылыктардын төмөнкү шарттуу түрдөгү темалар боюнча бөлүнүштүрүлүшүн талдадык:

  1. Саясат
  2. Коом
  3. Экономика, бизнес
  4. Кылмыш, кырсык
  5. Маданият
  6. Спорт
  7. Шоу-бизнес

Ошондой эле жаңылыктардын Кыргызстандагы жана Дүйнөдөгү окуяларды чагылдырганына көңүл бурдук.

Мониторингдин жыйынтыктары

Эки жумада тандоого алынган маалыматтык булактарда төмөнкү сандагы материалдар жарыяланган:

Көрүнүп тургандай, жаңылыктарды эң көп даярдаган кыргыз тилдүү медиалар – Super.kg менен Serep.kg орус тилдүү жаңылык медиаларынан кеминде эки эсе азыраак материалдарды окурмандарга сунуштай алышкан.

Даярдалган материалдардын тематикалары боюнча да кыргыз жана орус тилдүү медиаларынын иш алып баруусунда байкалаарлык айырмачылыктар бар.

Кыргыз жана орус тилдүү медиалар “Коом” жана “Саясат” темаларына салыштырмалуу бирдей деңгээлде көңүл бургандары менен башка темаларга келгенде эки башкача иштешээри көрүнүп турат.

Даярдалган жаңылыктардын саны боюнча орус тилдүү медиаларга жакын турган Super.kg менен Serep.kg сайттарында “Кырсык, кылмыш” темаларына орус тилдүү медиалардын деңгээлинде көңүл буруп келишет.

Ошол эле кезде бардык кыргыз медиаларында “Экономика, бизнес” темаларындагы жаңылыктар кыйла аз, же дээрлик жок. Ал эми “Шоу-бизнес” жана “Маданият” темаларындагы жаңылыктарга көбүрөөк көңүл бурулат. Кызыгы, бул көрүнүш Kaktus.media’нын кыргыз тилдүү сайтында да байкалат.

Ал эми талдоого алынган медиаларда Кыргызстандагы жана Дүйнөдөгү окуяларды чагылдырууда чоң айырмачылыктар байкалбады.

Себептери

Медиа адистердин көбү учурда кыргыз медиалары жакшы өнүгүп жаткандарын белгилешет.

“Өлкөдөгү элдин көбү кыргыз тилдүү болгондуктан медиа каражаттары ошого жараша кыргыз тилинде жаңылыктарды мурдагыдан көбүрөөк бергенге мажбур болууда”, – дейт медиа адис Жыргалбек Касаболот.

Буга мисал катары, ошол эле талдоого алынган орус тилдүү Kaktus.media жана 24.kg маалымат булактарынын кыргыз тилдүү баракчаларын ачканын айта кетсек болот.

Т. Турсуналиев атындагы медиа мектептин жетекчиси жана «Т-Медиа групп» телерадиокомпаниясынын негиздөөчүсү Данияр Садиевдин пикиринде, буга учурда маалыматтык технологиялар айдыңында болуп жаткан чоң өзгөрүүлөр да себепчи болууда: “Санариптик технологиялардын өнүгүүсү, маалыматты, контентти өндүрүүнүн баасы арзандоосу да кыргыз тилинде медиалардын салыштырмалуу өнүгүүсүнө алып келди, жана аудиториянын кыргыз тилиндеги маалыматка болгон талаптарын кандайдыр бир денгээлде толтура башташына алып келди”.

Бирок да азырынча ушул эле биздин өлкөбүздө кыргыз медиалары орус тилдүү медиалар менен жетишээрлик деңгээлде атаандаша алалбай жатканын байкасак болот. Жогоруда келтирилген мониторингдин жыйынтыктары да буга күбө.

Ж.Касаболот “Орус тили журналистиканын тилине мурдагыдан эртерээк айлангандыктан, орус тилдүү медиа каражаттары тил жагынан кыргызчасына салыштырмалуу кыйла сабаттуу”, – дейт.

Аны менен катар өлкөбүздө кыргыз тили мамлекеттик тил катары статусуна жакшы татыктуу боло албай жаткандыгы да өз залакасын тийгизүүдө.

“Жөнөкөй пикир алышуудан тарта мамлекеттик деңгээлдеги иш чараларга чейин көбүнчө расмий тилде (орус тилде) болуп келатат. Мыйзамдар орусча жазылып, анан кыргызчага которулуп жүрөт. Өкмөттүн, министрлердин отчеттору орус тилинде… Маалыматты кыргызчага оодарганда котормо экени байкалып эле турат. Мунун баары кыргызча жаңылыктар накта кыргыз тилде болбой жатканына себеп”, – деген пикирин айтат медиа сынчы Гүлзат Газиева.

Кыргыз тилинде даярдалган жаңылыктардын сапаты боюнча да көп сын пикирлерди айтса болот.

“Орус тилдүү сайттарда жаңылык материалдары сапаттуу жазылат: маалыматтары толук, бай, структурасы мыкты. Эң башкысы, лид (англис Lead paragraph сөзүнөн — макала тууралуу кыскача түшүнүк берген жана да окурмандын макалага кызыгуусун жарата турган алдыңкы же башкы абзац, – ред. түш.) мыкты жазылат жана жаңылык материалынын калган бөлүктөрү лидди далилдөөгө багытталат… Ал эми кыргыз тилдүү сайттарда эл аралык стандарттар жакшы сактала бербейт. Лид жокко эсе, болсо да – начар. Лидди далилдөө аракети болбой да калат. Структурасы да жакшы түзүлбөгөн, жаңылык материалынын соңу да жакшы бүтпөгөн материалдар арбын”, – деген оюн билдирет белгилүү ардагер-журналист, медиа адис Жалил Сапаров.

“Манас” кыргыз-түрк университетинин окутуучусу, медиа адис Бакыт Орунбековдун пикиринде, “кыргызча жаңылыктарды жазууда божомолдорго азгырылуу, бир жактуулук, кимдир бирөөнүн кызыкчылыгына карата жазуу уланууда”.

Мындай көрүнүш, негизинен, өп-чап жашоосун өткөрүп жаткан, акча бергендин каалоосуна толук көз карандуу болгон медиаларда байкалат.

Биздин эле мониторинг көрсөткөндөй, бутунда салыштырмалуу бекем турган Super.kg менен Serep.kg медиалары, мүмкүнчүлүктөрү кыйла азыраак Argument.kg, Aryba.kg сайттарына караганда жаңылыктардын саны боюнча, алардын тематикаларынын кенендиги жана жаңылыктарда журналисттик стандарттарынын сакталышы боюнча кыйла жакшыраак абалда.

Тыянактар

Учурда кыргыз тили жаңылык тили боло алды дегенибиз менен, окурмандарды кыргыз тилиндеги ар түрдүү, сапаттуу жаңылыктар менен камсыздоодо дагы да чоң жетишпестиктер бар экенин белгилешибиз керек.

Бул, биринчи кезекте, чындап эле бутунда бекем турган көз карандысыз жаңылык медиалардын саны көбүрөөк болушуна байланыштуу. Анткени ушундай гана медиаларда элдин муктаждыгына туура келген, калыс, сапаттуу маалыматтар менен камсыздоого мүмкүнчүлүктөр болот.

Андан сырткары кыргыз тилине мамлекеттик тил статусунунун деңгээлинде көңүл бурулушу зарыл. ЖМКлар үчүн негизги маалымат булагы болуп эсептелген мамлекеттик органдар бүт ишин кыргыз тилине өткөрүшү зарыл. Ошондой эле кыргыз тили билим жана илим тили болушу абзел. Аны үчүн ар түрдүү темадагы китептер, окуу куралдары, сөздүктөр чыгарылып, IT тармагындагы камсыздоо программалары кыргыз тилинде чыгарылып турушу керек.

Тилекке каршы, биздин экономикабыздын абалы жана да акыркы кезде көз карандысыз медиаларга карата күчөгөн кысымдар, алардын арасында сөз эркиндигинин талаасын кыйла тарыткан, медиалардын ишин татаалданткан мыйзамдык демилгелер буга шарт түзбөйт.