Фактчекинг — англис тилинен которгондо (англ. fact-check) — фактыларды текшерүү. Фактчекинг ыкмаларын колдонуу менен журналисттер саясатчылардын сөздөрүн, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган түрдүү маалыматтарды текшерет. Текст, аудио, фото жана видео түрүндөгү маалыматтар ачык булактар жана жүздөгөн онлайн-куралдардын жардамы менен текшерилет.

 

Фактчектин таржымалы

2003-жылы АКШда FactCheck.org сайты ишке кирген. Ал маалыматты бир гана оозеки алынган комментарий түрүндө бербей, ачык булактардан өз алдынча тастыктагысы келген журналисттердин демилгеси менен иштеп баштаган.  Дүйнө жүзүндөгү фейктердин болуп көрбөгөндөй көбөйүп, чагылгандай тездик менен тарашы бара-бара фактчек жанрынын андан ары өнүгүүсүнө жол ачты.

Орто Азияда фейктердин жүзүн ачкан алгачкы ресурс Казакстанда пайда болгон — 2017-жылдын май айынан тарта  factcheck.kz сайты иштеп баштаган. Бир жылдан соң Кыргызстанда жана Тажикстанда да фактыларды текшерүүчү  factcheck.kg жана factcheck.tj сайттары ишке кирген. Бул редакцияларда эмгектенген журналисттер грузиялык жана голландиялык фактчекерлерден билим алышып, алардын тажрыйбалары менен таанышышкан.

 

Жумушка айланган хобби

Factcheck.kg сайтынын башкы редактору  Болот Темиров  сайт ишке кире электе эле алгач өзүнүн демилгеси менен “Фейсбуктан” Kyrgyz Fake аттуу баракча ачып, фейктерди ачыкка чыгарып баштаган. Алгач бул анын жөн гана хоббиси жана да коомду агартууга жеке салымы эле.

“2017-жылы улут, аймак аралык кастыкты козгогон фейктер толуп кеткен. Мен ошондо ачык булактардан маалыматты текшерүү оңой жана бат экенин түшүнүдүм. “Фейсбуктагы” баракчам  аркылуу аларды текшерүүнүн жыйынтыгын жарыялап турчумун. Бирок фейктер азайган жок. Улам жаңы окуя болгон соң, ага байланышкан жалган маалымат пайда боло берди”, — дейт Б.Темиров.

Кыргызстанда фейктерди текшерүүчү алгачкы жана жападан жалгыз Factcheck.kg сайты “Медиа өнүктүрүү” коомдук фондунун демилгеси жана “Сорос фондунун” колдоосу менен  иштей баштаган. Б.Темировдун айтмында, өлкөдө бул жаңы нерсе болгондуктан, башында көпчүлүк булактын контентин түшүнө берчү эмес.

https://factcheck.kg/ сайтынын көрүнүшү

“Биз жаңы ишке киргенде “фактчек”, “фейк” деген эмне экенин эч ким түшүнбөйт эле. Бара-бара сайтыбыз эл арасына таанымал болуп, күмөн жараткан маалыматты текшерип берүү өтүнүчү менен редакциябызга кайрылуулар түшө баштады. Социалдык тармактардан сайтыбызды жана журналисттерди белгилегендер (тег кылгандар) көбөйдү. Кайрылгандардын арасында коомдук ишмерлер, саясатчылар да болду”, — деп билдирди Б.Темиров. Анын айтымында Factcheck.kg сайтына болгон ишеним эл арасында жогорулай баштаган.

 

Фактчекти жайылтуу

Медиасабаттулукту жана сынчыл ой-жүгүртүүнү кеңири жайылтууну көздөгөн “Медиа өнүктүрүү борбору” коомдук фонду Factcheck.kg сайтын иштетүү менен катар эле журналисттер арасында жана журналистика факультетинде билим алган студенттер үчүн фактчекинг боюнча тренингдерди өткөрө баштаган.

 

Фактчек боюнча офлайн окутуу

 

Жаңы билим, тажрыйба топтогон редакциялар “фактек” рубрикасын киргизип, аны өнүктүрүүгө, элге сиңирүүгө бет алышкан. Учурда Kaktus.media, T-Media, “ПолитКлиника Медиа” сыяктуу бир канча көз карандысыз ЖМКлар фактчек жанрын редакциясында туруктуу иштетип келет. Мындан тышкары, жалган маалыматты текшерүүгө багытталган онлайн-куралдарды өздөштүргөн ондогон редакциялар журналисттик иликтөөлөрүн жасап турган чагы.

“ПолитКлиника Медианын” жетекчиси Дилбар Алимова “Медиа өнүктүрүү борборунан” маалыматты текшерүү ыкмаларын үйрөнүп, такшалганын айтат:

“Пандемия учурунда коронавируска байланыштуу фейктер тарап, бир күндө 3-4 материал жасаган учурлар болду. Ошондо фактчекинг аркылуу бизге абдан жакшы трафик келип жатканын байкадык. Андан соң фактчек жанрындагы макалаларды туруктуу жасап калдык. Дагы жаңы журналисттерди алып, өзүбүз окутуп, даярдап алдык. Азыр биздин редакцияны фактчекерлер катары да тааный башташты. Сайтыбызда “Фактчек” деген атайын бөлүм пайда болду” — деп белгилейт Д.Алимова.

“Медиа өнүктүрүү борбору” коомдук фондунун жетекчиси Нургүл Абдыкеримованын айтымында 2,5 жылдан тарта өлкө ичинде ондогон редакция, жүздөгөн студент, мектеп окуучуларына фактчекинг боюнча онлайн жана оффлайн тренингдери өткөрүлгөн. Окутуулар Кыргызстанда гана эмес, коңшу Казакстан, Тажикстан журналисттери үчүн да жүргүзүлгөн.

 

Убакыт жана кадр маселеси

Фактчек жанры Кыргызстанда өнүгүп келе жатканына карабай, анын өнүгүүсүнө жолтоо болгон маселелер да байкала баштады. Алардын бири – бардык эле редакцияларда бул жанрды алып кетүү мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Буга себеп — убакыттын тардыгы жана кадр тартыштыгы деп белгилейт редакция өкүлдөрү.

24.kg маалымат агенттигинин жамааты фактчекинг боюнча тренингдерден өткөн, бирок учурда фактчек жанрына көңүл буруу үчүн убакыт да, кадрлар да жетишпей жатканын белгилешет:

“Оперативдүүлүк, ыкчам маалымат берүү ири агенттиктер үчүн номур биринчи көйгөй болуп саналат. Ал эми фактчекинг айрым учурда өтө көп убакытты талап кылат”, — деп билдирет 24.kg сайтынын башкы редакторунун орун басары Махинур Ниязова.

Аны менен катар тажрыйбалуу журналисттердин бүт убактысы агенттиктин негизги максаты – жаңылыктарды даярдоого кетип, фактчек менен алектенге жетишпей калышууда. Ал эми жаш кадрлардын бул жанрды аркалап кеткенге билимдери аз дейт М.Ниязова.

“Жаш кадрлар таптакыр даярдыгы жок келет. Алардын университетте алган билими жетишсиз. Мындан тышкары, алар жаңы нерсени үйрөнүүгө умтула беришпейт, өсүп-өнүгүүнү каалаган, билимге умтулган жаштар өтө сейрек, чанда гана кездешет”, — дейт ал.

 

Фактчектин өнүгүүсү — ачык булактардын жабылышы

Фактчек жанрынын өнүгүп, редакцияларда жайылышы кыргыз журналистикасында курч иликтөөлөрдүн жасалышына жол ачкан. Акыркы эки жылда көз карандысыз ЖМКлар кландык башкаруу, чиновниктердин декларациялары, коррупциялык схемалар ж.б. мыйзам бузуулар тууралуу элдин кызыгуусун жараткан көптөгөн материалдарды жарыялаган. Бирок ошол эле учурда айрым иликтөөлөр жарык көргөн соң, мамлекеттик сайттагы кээ бир маалыматтар алынып салынган учурлар кездешет:

  • 2019-жылдын февраль айында журналисттер ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун эки Идентификациялык салык номуру (ИСН) бар экенин аныктап, экинчи ИСН салыктан буйтоого, экинчи паспорт, экинчи айдоочулук күбөлүк насыяларды алууга, мындан тышкары, фирмаларды, мүлктү каттоого жана дагы бир ирет никеге турууга жол ачарын жазып чыккан. Бир нече күндөн соң ИСН тууралуу маалыматты берүүчү Салык кызматынын сайтында чектөөлөр киргизилген (буга чейин маалыматты алуу үчүн фамилия гана жетиштүү болсо, мындан ары ысымды толук жазуу талап кылына баштаган).
  • 2020-жылдын апрель айында Factcheck.kg Бажы кызматкеринин үч кабаттуу хансарайы тууралуу иликтөө жарыялаган. Бажы кызматы бул иликтөөгө дароо жооп кайтарган. Бирок журналисттер расмий жооптогу маалымат чындыкка дал келберин аныктап чыккан. Жыйынтыгында Бажы кызматынын сайтында кызматкерлер тууралуу тиешелүү маалымат өчүрүлгөн.

 

  • 25-ноябрда Economist.kg басылмасы “Биримдик” партиясынын шайлоо фондундагы каражат күмөндүү жол менен топтолгону тууралуу иликтөө жарыялаган. Журналисттер партия фондуна “ыктыярдуу кайрымдуулук” кылгандарды үймө-үй кыдырып, алардын ичинен айрымдары “Биримдикти” колдобой турганын айтып, алар бирөөлөрдүн өтүнүчү менен жана ошолор берген каражатты партия фондуна салганын тастыктаган. Мындан көп өтпөй Салык кызматынын сайтынан жарандардын ысымы аркылуу даректерди табуу мүмкүнчүлүгү жабылган.

Журналисттердин баамында, ачык булактардагы маалыматтардын жабылып калышы мындан аркы иликтөөлөрдү жасоого тоскоолдук жаратат. Ансыз да мамлекет керектүү маалыматтарды тиешелүү деңгээлде жарыялап турбайт. Economist.kg басылмасынын журналисти Елизавета Кузнецова чиновниктердин жашырылган мүлктөрү тууралуу 50дөн ашуун иликтөө даярдаган. Анын айтымында жакшы иликтөө үчүн мамлекеттик жогорку кызматтагылардын жакынкы туугандары, алардын мүлкү тууралуу маалымат ачык болушу керек.

 

Келечектеги фактчек

Нургүл Абдыкеримова фактчек маданиятын мындан ары да эл арасында жайылтууга багытталган иш-чаралар өткөрүлүп турарын белгилейт. Анын айтымында, интернет технологиялар өсүп-өнүккөн мезгилде маалыматты өз алдынча текшере билүү, сынчыл ой жүгүртүү өзгөчө зарыл.

“Фактыларды текшерүү жөндөмү интернет желесиндеги ар кандай манипуляциядан жана жалган маалыматтан коргоп турат”, —дейт ал.

Ал эми Болот Темиров фактчекингдин мындан ары өнүгүүсү Кыргызстандагы сөз эркиндигинен түздөн-түз көз каранды экенин белгилейт.

“Антсе да 2,5 жыл мурунку фактчек менен учурдагы фактчектин абалын салыштырып болбойт. Медиасабаттуулук жана сынчыл ой-жүгүртүүнүн өсүшү менен фактчекке болгон суроо-талап болуп көрбөгөндөй өстү”, — деп билдирди ал.

Булак: “Журналисттер” КБ