МЕДИАСЫН: Лингвопропаганда — журналисттер көп колдонгон манипуляция

Журналисттик материалдарда автордун такталбаган божомолу суроо иретинде берилген учурлар көп кездешет.

Макаланы окуган адамга өз алдынча тыянак чыгаруу укугу берилгени менен, ал автордун божомолун да кабыл алышы толук ыктымал.  Мындай ыкма журналисттик стандарттарга дал келбей, кесиптик этиканын бузулушуна алып келет. Мындан тышкары, аталган ыкма илимий тилде манипуляциянын  лингвопропаганда ыкмасы деп мүнөздөлөт.

Лингвопропаганда —  окурмандын эмоциясына таасир этүү жана маалыматты бурмалоо максатында колдонулган көркөм сөз өнөрүн колдонуу же маалыматты суроо иретинде же илептүү сүйлөм аркылуу берүү. Двайт Булинджер (1973, 543-546 б.), метафоралар жана  эпитеттер.

Автордун жеке пикири суроо эмес, ырастоо иретинде айтылса, сынга кабылган жаран журналистти жоопко тартып, өз беделин коргоо үчүн сотко чейин барышы ыктымал. Дал ошол себептен улам лингвопропаганда жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) кеңири колдонулат.

Factcheck.kg ЖМКдагы лингвопропаганданын суроо иретинде колдонулушунун бир нече мисалын келтирет:

Багыт.kg №5 (171), 12-февраль, 2020-жыл

Автор Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чудуевди негизсиз каражат сарптайт деген таризде сынга алган. Ошол эле учурда, ал өз жоопкерчилигин басаңдатуу үчүн сын-пикирин суроо иретинде берген.

Факты.kg №5 (55), 11-февраль, 2020-жыл

Журналист депутат Чыныбай Турсунбековдун пландарын алдын ала так айта албайт, бирок, өз божомолун факт катары берүү аракетинде суроо салып, лингвопропаганда аттуу манипуляция ыкмасын колдонот.

nazarnews.kg, 24-февраль 2020-жыл

Автор баштеманы суроо иретинде берип, вице-премьер министр Акрам Мадумаровдун беделине шек келтирген жана манипуляциянын лингвропропаганда ыкмасын колдонгон.