Кыргызстан курал үчүн мээлөөчү дүрбүлөрдү Орусияга дагы эле жиберүүдө

Мурда Factcheck.kg редакциясы Кыргызстандын соода-сатык статистикасына талдоо жүргүзүп, Кыргызстан январдан-августка чейин жети ай аралыгында Орусияга 10 млн сомго куралдар үчүн мээлөөчү дүрбүлөрдү жибергенин аныктаган болчу. Журналисттер Улуттук статистикалык комитеттин акыркы маалыматтары менен таанышып чыгып, республика аскердик жабдыктарды Орусия Федерациясына жиберүүнү улантып жатканын байкашты. 

КР Улуттук статистикалык комитетинин (УСК) маалыматтары боюнча, быйыл январь-августта Кыргызстан “куралга орнотуу үчүн телескоп мүнөздөгү мээлөө дүрбүлөрү; перископтор; машиналардын, аспаптардын, шаймандардын же аппараттардын бөлүктөрү катары даярдалган көрүү трубалары” (ТЭИ ТН 9013100000, ред. түш.) деген аталыштагы товарлардын тобун импорттогон.

Кыргызстан 2022-жылдын 10 айында (январь-октябрь) Орусияга 13.7 млн сомго же дээрлик $170 миңге 392 даана курал үчүн мээлөөчү дүрбүнү экспорттогон. Салыштыруу иретинде, бир жыл мурун 1.07 млн сомго ($12.6 миң) болгону 33 дүрбү сатылган болчу. Бир жыл аралыгында экспорттун көлөмү 12 эсе же 1188%га өскөн.

Жогоруда белгиленгендей, августта экспорттун суммасы 10 млн сомду түзгөн, а демек эки ай аралыгында (сентябрь-октябрь) аскер жабдыктарынын Орусия Федерациясына сатуу көлөмү 37%га өскөн. Сан жагынан алганда экспорт 38%га өскөн – январь-августта 284 даана болсо, январь-октябрдын жыйынтыгы боюнча 392 даананы түздү.

Дагы белгилей кетүүчү жагдай, 1 даана мээлөөчү дүрбү АКШга 293 миң сомго ($3.6 миң) сатылган. 

Ошентип, январь-октябрь аралыгында Кыргызстан бул товардын түрүн эки өлкөгө экспорттогон – Орусияга (392 даана) жана АКШга (1 даана).

Ошол эле кезде КР көрсөтүлгөн убакыт аралыгында 109.16 млн сомго же 1.3 млн долларга 2 миң 35 даана мээлөөчү дүрбүнү жана перископту импорттогон. Бир жыл мурун 20.6 млн сомго ($244 миң) болгону 425 даананы импорттогон болчу. Эмне максатта мынчалык сандагы мээлөөчү дүрбүлөр жана перископтор өлкөбүзгө импорттолору белгисиз.

Мээлөөчү дүрбүлөрдү Кыргызстан кайсы өлкөлөрдөн импорттойт:

Тыянак: Кыргызстан жылдын башынан октябрга чейин Орусияга курал үчүн мээлөөчү дүрбүлөрдү жана перископторду дээрлик 14 млн сомго экспорттогон.