Жалган коркутуулар – чыныгы коркунуч: бомба тууралуу чалуулардын кесепети

Бишкекте бомбалар тууралуу жалган чалуунун саны көбөйдү. Шаардык Ички иштер башкармактын (ШИИБ) маалыматы боюнча, бир күндө эле (26-апрелде) ар башка имараттарда орнотулган бомбалар тууралуу 35 билдирүү болгон. Жалпысынан ушуга окшош билдирүүлөр бир нече ай аралыгында такай түшүп жатат.

2-майда дагы 2 бомба тууралуу билдирүү түшүп, №4 мектеп-гимназия жана №33 мектеп эвакуацияланган.

Factcheck.kg редакциясы билдирүүлөргө тиешелүү бардык маалыматтарды чогултуп чыкты: кандай мамлекеттик ресурстар жумшалып жатат жана бомба тууралуу ар бир билдирүүнү текшерүү бюджетке канча чыгым алып келет. Спойлер: бир дагы билдирүү тастыкталбады, бомбалар табылбады.

Тамашабы же терактпы?

Укук коргоо органдарына коркутуу чынбы, калппы баары бир, бомба тууралуу ар бир билдирүү чыныгы коркунуч катары кабылданат.

ШИИБдин басма сөз кызматынын өкүлүнүн айтымында, бомбаны табууга көп күч жана каражат жумшалат. Милиция бомба коюлушу мүмкүн жерди курчап жабат, адамдарды коркунучтуу имараттан эвакуациялайт. Андан кийин ал жерге:

  • райондук башкармалыктардын тергөө тобу
  • кайгуул кызматкерлери
  • УКМКнын саперлору келишет.

Жыйынтыгында бомба тууралуу бир билдирүүнү текшерүүгө 55 миң сомдой каражат сарпталат. Бул тууралуу Kaktus.media’га министрдин мурдагы орун басары, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков билдирген.

* Имараттагы адамдардын коопсуздугун камсыздаш үчүн бюджеттик каражаттар жумшалат.

Мындай учурлар канчалык көп болот?

Биздин редакция өткөн жылдын 9-декабрынан азыркы күнгө чейин Бишкектеги бомба тууралуу жаңылыктардын бардыгын чогултуп, ушуга окшош 52 билдирүү болгонун аныктады. Төмөндө бомба коюлган деген жерлердин тизмектери келтирилет:

Окуу жайлары: №32, №45, №51, №65, №67, №52, №23, №11, №4, №62, №63, 64, №33, №90, №17, №61, №6, №19, №85, №90, №59, №58, №9, №27, №17, №8, №98 мектептер, «Сапат Билим», «Алтын Башат», «Интеллект», Тенсай», «Звездочка», «Илим», Айтматова атындагы лицей, БААУ колледжи, КОСУнун юридикалык факультети, КМТУ, Seitek STEM жана Bishkek International School, К. Карасаев атындагы БМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, «Ала-Тоо» Университети, И.К. Ахунбаев атындагы КММА, Oxford International School, QSI International School of Bishkek, «Рефал» окуу комплекси жана кыргыз-жапон мектеби, «Айчүрөк» кыздар лицейи.

Башка имараттар: Dordoi Plaza соода жана оюн-зоок борбору, Red Centre бизнес борбору, Кактус Медиа редакциясынын офиси, Чиркөө (Жибек жолу-Тоголок Молдо).

Ошентип болгону төрт ай аралыгында ИИМ билдирүүлөрдү текшерүүгө 3 млн сомдон ашык каражат короткон. Бул биз эсептеген болжолдуу минималдуу сумма болоорун белгилей кетишибиз керек, анткени коюлган бомба тууралуу билдирүүлөрдүн саны боюнча расмий маалыматты таба албадык. ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, аларда мындай статистика жүргүзүлбөйт.

* Ред. түш.: айрым мектептер бир нече жолу эвакуацияланган болчу, мисалы, жылдын башынан бери 33-мектеп 7 жолу тосулган.

Бомба тууралуу билдирүү түшкөндө мектептин жана жождун кызматкерлери эмне кылышы керек тууралуу Kaktus.media жазган болчу, ага шилтеме бул жерде.

Жаза

Бомбанын коюлушу тууралуу бир дагы билдирүү такталган эмес. КР Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (“Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо”) боюнча, билип туруп даярдалып жаткан жардыруу, өрттөө же теракт жөнүндө жалган кабарлоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Же бомба жок, же күнөөлүү жок

Улуттук коопсуздук комитети жалган бомбалар тууралуу билдирүүлөрдү берген адамдардын ким экенин азыркыга чейин аныктай элек. УКМКнын төрагасынын орун басары Айбек Шаменовдун айтымында, кара ниеттер “бир жолку почталарды” колдонушат.

“Аккаунттары Украинанын жана Орусиянын аймагында катталган. Биз өнөктөрдүн каналдары аркылуу текшерүүдөбүз. Бирок аккаунттардын ээлерин табалбай жатабыз. Алар бир жолку почталарды колдонушат. Адамдарды ишке тартып жатабыз, бирок аккаунттар башка өлкөдө катталган. Аны каттап, билдирүү жиберип, жок болуп кетишет. Маселе ушунда”, – дейт ал.

Тыянак: төрт ай аралыгында бомба коюлгандыгы тууралуу 52 жалган билдирүү болуп, ага байланыштуу иштерге бюджеттен 3 млн сомдон ашык каражат жумшалган (кайталанган билдирүүлөрдү эске албаганда).