МЕДИАСЫН: Argument.kg сайтынын жаңылыгындагы манипуляция

20-майда  «Алмаз Шаадаев баңгизат менен кармалды» деген аталыштагы макала Argument.kg сайтына жарыяланды. Тиешелүү постко Facebook социалдык тармагында 451 колдонуучу реакция кылып, 186 комментарий калтырган, ал эми бул маалымат менен бөлүшкөндөрдүн саны 89га жеткен.

 

Шилтеме аркылуу сайтка баш баккан окурман эч кандай тексти жок, “Тамаша тор” аттуу программанын анонсун көрө алат.  Демек, баштема жаңылыктын мазмунуна дал келбейт.

Мында журналистиканын эң негизги принциптеринин бири болгон “зыян келтирбе” (не навреди) принциби бузулганын белгилөө керек. Себеби, макаланын баштемасын гана окугандар болот, жыйынтыгында, каармандын беделине шек келтирилет.

 

Мындан тышкары, автор  Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 8 жана 9 беренеси бузуп, манипуляция ыкмасын колдонгон.

Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 8-берене:

“Журналист кандай гана жагдайда болбосун, билип туруп жалган маалымат жарыялабашы керек. Эгер таратылган маалымат чындыкка коошпой турганы билинсе, журналист бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен оңдоого милдеттүү”.

Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 9-берене:

“Тартылган сүрөттөрдү жана аларга коюлган колдорду, тексттерди, баштемаларын (заголовков) редакциялоодо материалдарды бурмалоого, маанисин өзгөртүүгө жана кыскартууга жол берилбейт. Материалдын тексти, интершоокумдар, маектер анын видеоирээтине шайкеш келиши кажет”.

Мындай учурда манипуляциянын да бир нече ыкмаларынын колдонулушуна жол берилет.

Дезинформация – коомду туура эмес, толук эмес же толук кандуу бирок маанилүүлүгүн жоготкон, айрым бурмаланган маалыматтар камтылган маалымат менен камсыздоо жана окурмандын/көрөрмандын манипуляторго керектүү кадам жасашына түрткү берүү.

Калп –  Фактыларды бурмалоо, чындыкка дал келбеген маалымат берүү.

Сенсация – жаңылыктардын көпчүлүгүнө таандык сапат. ЖМКлар сенсациялык маалыматтты таратууга умтулат, анын ичинде адам өлтүрүү, авиакырсыктар, террористтик актылар жана ошу-бизнес өкүлдөрүнүн жашоосундагы ызы-чуу ж.б. бар. Чындыгында мындай мааылмат көбүн эсе жалган болуп чыгат.

Жыйынтык: 

Argument.kg сайтынын журналисти жаңылык даярдоодо төмөнкү эрежелерди бузган:

  1. Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 8- жана 9-берене;

  2. Журналистиканын “зыян келтирбе” (не навреди) принциби;

  3. Мындан тышкары, “дезинформация”, “калп” жана “сенсация” аттуу манипуляция ыкмалары колдонулган.

Дал ушундай эле эрежелер NazarNews сайты тарабынан бузулган.  Эскерте кетсек, 25-мартта бул ЖМК  “Карантинге алынган 18 жаштагы кыз каза болду” деген аталыштагы макала жарыяланган.

Ал кезде өлкөдө өзгөчө абал жаңыдан  жарыяланып, коронавирустан улам каза болгондор жок эле. Баштеманы окугандардын көбү чочулап, терс комментарийлерди жазганга жетишкен. Бирок, чынында окуя Кыргызстанда эмес, Россияда болуп өткөнү макаланы окуганда гана белгилүү болгон. Бул макаланы Factcheck.kg сынга алган.