Жергиликтүү өз алдынча башкаруу: бул эмне жана ал эмне үчүн керек?

Быйыл жайында президент бүт өлкө боюнча жергиликтүү кеңештерди таратуу боюнча жарлыкка кол койду. 17-18-ноябрда жаңы жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өттү. Factcheck.kg’нин редакциясы жергиликтүү кеңештер курамына кирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кыргызстандыктардын жашоосундагы ролу тууралуу кененирээк айтып берет.
ЖӨБ деген эмне?
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) – мамлекеттин жарандарынын жергиликтүү маселелерди чечүү боюнча өз алдынча иш-аракети.
Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу эки орган бар: өкүлчүлүк (жергиликтүү кеңештер) жана аткаруучу (мэриялар жана айыл өкмөттөрү).
Ушундай эле система мамлекет аппаратында да байкалат: Жогорку Кеңеш, же парламент – мыйзам чыгаруу органы, ал эми президентке отчет берүүчү Министрлер кабинети – аткаруу органы. Бир гана парламент мамлекеттик деңгээлдеги мыйзамдарды, токтомдорду чыгарса жергиликтүү кеңештердин компетенциясына күчү белгилүү бир аймакка гана тараган токтомдор кирет. Маселен, үстүбүздөгү жылдын август айында Бишкек шаардык кеңеши борбор шаарды көрктөндүрүүнүн жаңы эрежелерин белгилеген токтом кабыл алган. Анда таштандылар саат канчада алынары, көчөлөр кардан кантип тазаланары ж.б.у.с. белгиленген. Бул токтом башка шаарларда колдонулбайт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эмне иш кылат?
ЖӨБ органдары жергиликтүү маселелердин кеңири спектрин чечет, алар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Муниципалдык менчикти, мисалы, мектептерди жана ооруканаларды башкаруу;
- Салыктардын, салыктык эмес төлөмдөрдүн жана гранттардын эсебинен түзүлүүчү жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүү. Ошентип, патент үчүн төлөсөңүз же айып пул төлөсөңүз, ал каражаттар жергиликтүү бюджетке түшөт;
- Жол куруу жана оңдоо;
- Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо;
- Таштандыларды чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу;
- Коомдук транспорттун ишин көзөмөлдөө;
- Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү.
Жергиликтүү кеңештер
Жергиликтүү кеңештер шайлоочулардын таламдарын билдирген депутаттардан турат. Депутаттар жалпы шайлоо жолу менен шайланат.
Быйыл жайында административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп, анын натыйжасында бир катар айыл аймактары, анын ичинде Бишкек шаары да чоңойтулуп, анын курамына сегиз айыл аймагы кирген.
Реформага чейин Кыргызстанда 32 шаардык, 452 айылдык кеңеш, бардыгы болуп 484 жергиликтүү кеңеш болгон. Реформанын натыйжасында алардын саны 264кө чейин кыскарып, анын 33ү шаардык, 231и айылдык кеңеш болду.
Аны менен кошо жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын саны да жарым-жартылай өзгөрдү. Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештерине депутаттардын саны 45тен 51ге чейин көбөйдү. Мурда калкынын саны 20 001 адам жана андан жогору болгон аймактык бирдиктерде 31 депутат шайланчу. Эми калктын саны 70 001 адам жана андан жогору болсо, анда 41 депутат шайланат. Ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттары мурдагыдай төрт жылга эмес, беш жылга шайлана баштады.
Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештерде да гендердик квота бар, ага ылайык, ар бир жергиликтүү кеңештеги мандаттын 30%дан кем эмесин аялдар түзүшү керек. Ошентип, Бишкек шаардык кеңешинде 51 депутат болсо, анын кеминде 15и аял болушу керек.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттары төмөнкү маселелерди чечишет:
- Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитет;
- Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерды киргизет. Аларга мүлк салыгы жана жер салыгы кирет;
- Муниципалдык менчиктин пайдаланылышын көзөмөлдөйт;
- Коммуналдык кызматтардын тарифтерин бекитет. Буга муздак сууну пайдалануу, жылуулук, таштанды чыгаруу ж.б. тарифтери кирет;
- Коомдук транспортто жүрүү акысын бекитет.
Буга чейин жергиликтүү кеңештер мэрлерди жашыруун добуш берүү менен шайлоо укугуна ээ болчу. Бирок 2021-жылы мыйзамга кол коюлуп, ага ылайык, облустук маанидеги шаарлардын, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери түздөн-түз президент тарабынан дайындала баштаган. Райондук маанидеги шаарлардын мэрлери акимдер тарабынан дайындалат, ал эми акимдер да өз кезегинде президент тарабынан дайындалат.
Мэриялар жана айыл өкмөттөрү
Мэриялар жана айыл өкмөттөрү – бул шаарларда жана айыл аймактарында жергиликтүү кеңештердин чечимдерин ишке ашыруучу органдар болуп саналат. Бул аларга баш ийген көптөгөн ишканалар жана структуралык бөлүмдөр аркылуу ишке ашырылат.
Маселен, Бишкек шаарынын мэриясынын курамына «Тазалыктан» баштап «Бишкексууканалга» чейин 12 муниципалдык ишкана кирет.
Шаардык мэриялар төмөнкү маселелерди чечет:
- Шаардык бюджеттин долбоорун иштеп чыгат жана ал шаардык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин ишке ашырат;
- Жаңы жумуш орундарын ачат;
- Шаардын өнүгүү планын иштеп чыгып, архитектура жана шаар куруу нормаларынын жана эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөйт. Маселен, мэриянын демилгеси менен борбор калаада бир нече жылдан бери талапка жооп бербеген имараттардын фасаддарын, жазууларын бузуп-оңдоо иштери жүрүп жатат;
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору менен алектенет. Мисалы, жакында эле Баткен шаарынын мэриясы менен «Эвион» компаниясынын ортосунда электр тогу менен заряддоочу жайларды орнотуу боюнча Меморандумга кол коюлду.
Айыл өкмөттөрү дагы ушуга окшош иштерди алып барат.
Мэрияны мэр жетектейт, ал мурда айтылгандай президент же аким тарабынан дайындалат. Айыл өкмөтүнүн башчысын аким дайындайт. Алардын ыйгарым укуктары беш жыл, ал эми кеңеш тараса же президент же аким алмашса, мэрлер, айыл өкмөт башчылары өз ордуларында калышат.