Мирлан Жээнчороев: “Бардык сурамжылоолорго ылайык, Өмүрбек Бабанов жетектеген өкмөт эң натыйжалуу болгон”

Манипуляция.

Мындай социалдык изилдөөлөр ачык булактардан табылган жок. Саясатчылардын арасында Өмүрбек Бабановдун рейтинги чын эле эң жогору.

Ал эми Улуттук статистика комитети жеке жарандын мамлекетке болгон ишеним индекси тууралуу маалымат жарыялап турат.

Бул маалыматка ылайык, Бабанов башкарган өкмөткө ишеним индекси төмөн болгон.

Жыйынтык: Манипуляция. Өкмөттүн натыйжалуулугу тууралуу сурамжылоолор ачык булактарда жок. Ал эми Улуттук статистика комитетинин маалыматы Жээнчороевдин сөзүн тастыктаган жок. Эл аралык Республикалык институттун изилдөөсүнө ылайык, саясатчылардын арасынан Өмүрбек Бабановдун рейтинги жогору.